Научная статья на тему 'УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН МАДАНИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ'

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН МАДАНИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ Текст научной статьи по специальности «Философия, этика, религиоведение»

CC BY
53
10
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
көркөм сөз / каада-салттар / акыйнек / нарк / топ таш / киште / уюм тууду / байыркы / ат оюндары / жамбы атуу / тай жарыш / тыйын эңмей / artistic speech / traditions / akyynek / value / top tash / kishte / uyum tuudu / ancient / horse games / jambi shooting / horse competition / tyiyn enmei

Аннотация научной статьи по философии, этике, религиоведению, автор научной работы — Боронбаев Ажимамат Жусупович, Осмонова Айгул Сейдакматовна

Улуттук оюндар – элдик тарбиянын ажыралгыс бөлүгү. Оюндар өспүрүмдөрдү элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл-эстүүлүккө, баатырдыкка, чечкиндүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын түбөлүк адатка айланган талабы болгон. Азыркы кезде да элдик оюндар жаштарды турмушка алгачкы даярдоо процессинин негизги фактору бойдон калууда. Бала тарбиялоо адамдардын ата-энелик, ошондой эле атуулдук милдети. Ошондуктан ар бир ата-эне баласы төрөлгөн күндөн баштап, ага татыктуу тарбия берүүгө аракет кыла баштайт. Ымыркайды терметкенде бешик ыры ырдалат. Эмгектей баштаганда сал билек айтылат. Каз туруп тамтаңдап баса баштаганда тушоо кесүү тою болот. Андан кийин наристеге улам эс кирип, акылы калыптана баштайт. Ошондон баштап ага эс-акылын өстүрүүгө көмөк берүүчү, баамчылдыкка, кыраакылыкка тарбиялоочу, ар түрдүү кыймыл-аракет аркылуу ден соолугун чыңдоочу, турмуштук көз карашын калыптандыруучу оюндар үйрөтүлө баштайт.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

CULTURAL AND PHILOSOPHICAL EXPLICATION OF NATIONAL GAMES

National games are an integral part of public education. Games were a requirement of folk pedagogy, which became an eternal habit when educating teenagers to love the people, land, homeland, morals, hard work, common sense, heroism and determination. Folk games and now remain the main factor in the process of initial preparation of young people for life. Raising a child is a parental duty of people, as well as a civic duty. That is why every parent tries to give his child a decent upbringing from birth. A lullaby is sung to hold the baby asleep. As soon as he gets up and walks gracefully, the tushoo kesuu ceremony is held. After that, the baby will begin to walk with confident steps and develop. And from now on, he will be taught games that will help him develop his mind, cultivate awareness, foresight in him, improve his health through various activities and form his outlook on life.

Текст научной работы на тему «УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН МАДАНИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№2(2)/2023, 7-14

ФИЛОСОФИЯ

УДК: 392.12 : 821.512.154

DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 2

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН МАДАНИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ

КУЛЬТУРНО-ФИЛОСОФСКАЯ ЭКСПЛИКАЦИЯ НАЦИОНАЛЬНЫХ ИГР CULTURAL AND PHILOSOPHICAL EXPLICATION OF NATIONAL GAMES

Боронбаев Ажимамат Жусупович

Боронбаев Ажимамат Жусупович Boronbaev Ajimamat Jusupovich

ф.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.ф.н., доцент, Ошский государственный университет Associate Professor, Osh State University

azimamatb@gmail.com____________

Осмонова Айгул Сейдакматовна

Осмонова Айгул Сейдакматовна Osmonova Aigul Seidakmatovna

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University osmonova84@mail.ru

УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН МАДАНИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ Аннотация

Улуттук оюндар - элдик тарбиянын ажыралгыс бөлүгү. Оюндар өспүрүмдөрдү элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл-эстүүлүккө, баатырдыкка, чечкиндүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын түбөлүк адатка айланган талабы болгон. Азыркы кезде да элдик оюндар жаштарды турмушка алгачкы даярдоо процессинин негизги фактору бойдон калууда. Бала тарбиялоо - адамдардын ата-энелик, ошондой эле атуулдук милдети. Ошондуктан ар бир ата-эне баласы төрөлгөн күндөн баштап, ага татыктуу тарбия берүүгө аракет кыла баштайт. Ымыркайды терметкенде бешик ыры ырдалат. Эмгектей баштаганда сал билек айтылат. Каз туруп тамтаңдап баса баштаганда тушоо кесүү тою болот. Андан кийин наристеге улам эс кирип, акылы калыптана баштайт. Ошондон баштап ага эс-акылын өстүрүүгө көмөк берүүчү, баамчылдыкка, кыраакылыкка тарбиялоочу, ар түрдүү кыймыл-аракет аркылуу ден соолугун чыңдоочу, турмуштук көз карашын калыптандыруучу оюндар үйрөтүлө баштайт.

Ачкыч сөздөр: көркөм сөз, каада-салттар, акыйнек, нарк, топ таш, киште, уюм тууду, байыркы, ат оюндары, жамбы атуу, тай жарыш, тыйын эңмей.

КУЛЬ ТУРНО-ФИЛОСОФСКАЯ ЭКСПЛИКАЦИЯ НАЦИОНАЛЬНЫХ ИГР

Аннотация

Национальные игры являются неотъемлемой частью народного образования. Игры были требованием народной педагогики, вошедшим в вечную привычку при воспитании у подростков любви к народу, земле, родине, нравам, трудолюбию, здравому смыслу, героизму и решительности. Народные игры и сейчас остаются главным фактором в процессе начальной подготовки молодежи к жизни. Воспитание ребенка является родительским долгом людей, а также гражданским долгом. Именно поэтому каждый родитель старается дать своему ребенку достойное воспитание с самого рождения. Колыбельная поется, когда ребенка укачивают. Как только встанет и начнет грациозно ходить, проводятся церемония тушоо кесуу. После этого малыш начнет ходить уверенными шагами и развиваться. И с этого момента его будут обучать играм, которые помогут ему развить ум, воспитать в нем осознанность, предвидение, укрепить здоровье с помощью различных занятий и сформировать его взгляды на жизнь.

Ключевые слова: художественная речь, традиции, акыйнек, ценность, топ таш, киштэ, уюм тууду, древние, конные игры, стрельба джамби, соревнование скакунов, тыйын энмей.

CULTURAL AND PHILOSOPHICAL EXPLICATION OF NATIONAL GAMES

Abstract

National games are an integral part of public education. Games were a requirement of folk pedagogy, which became an eternal habit when educating teenagers to love the people, land, homeland, morals, hard work, common sense, heroism and determination. Folk games and now remain the main factor in the process of initial preparation of young people for life. Raising a child is a parental duty of people, as well as a civic duty. That is why every parent tries to give his child a decent upbringing from birth. A lullaby is sung to hold the baby asleep. As soon as he gets up and walks gracefully, the tushoo kesuu ceremony is held. After that, the baby will begin to walk with confident steps and develop. And from now on, he will be taught games that will help him develop his mind, cultivate awareness, foresight in him, improve his health through various activities and form his outlook on life.

Keywords: artistic speech, traditions, akyynek, value, top tash, kishte, uyum tuudu, ancient, horse games, jambi shooting, horse competition, tyiyn enmei.

Киришүү

Теманын актуалдуулугу. Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес өздөрүнө тиешелүү болгон улуттук оюндары менен да айрымаланат. Ал эми кыргыз элинин улуттук оюндары болуп, ордо, тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, уюм тууду, селкинчек, упай жана башка оюндардын түрлөрү эсептелет.

Оюндар көңүл ачууда, маданияттуу эс алууда, бош убакытты өткөрүүдө, денени чыңдоодо гана чоң мааниге ээ болбостон, өспүрүмдөрдүн руханий дүйнөсүн калыптандыруунун, аларга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн, улуттук маданияттарды жакындаштыруунун жана өз ара байытуунун да маанилүү каражаты болуп эсептелет [6, 7].

Изилдөөнүн методдору жана материалдары Акыл оюндары

Акыйнек. Кыргыз фольклорундагы айтыш жанрынын бир түрү катары акыйнек кыргыз элинде кеңири колдонулган. Негизинен муну жаш кыздар айтышкан. Айтыш кордоо, шакаба чегүү мүнөзүндө болсо да, өзүн-өзү сындоого таасир берген. Кемчилигин билгизүү, чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын көздөп, оюн-зоок, тамаша иретинде да айтылган. Мындай айтышуу «Манас» эпосунда да жолугат [1:75]:

Теректин башын бурушуп, Акыйнегин айтышып,

Аркы-терки турушуп, Бирин-бири жецишип...

Селкинчегин тебишип,

Акыйнек оюнуна курбу-курдаш, тамаша-сынды көтөрө билген кыздар чогулуп, ырдап-бийлешет. Мисалы:

1 -кыз

Акыйнек ырын ырдашуу, Абалтан кыргыз салты экен. Акыйнек ырын улантуу, Атабыз кыргыз наркы экен. 1-кыз

Сени болсо көп кыздар, Уйкучу кыз деп жүрүшөт Уй сааганда үргүлөп,

Сүтүн төгөт деп күлөт.

2-кыз

Ыр ырдашып, сынашуу,

Ыр жандуу кыргыз салты экен Сынга сындай жооп айткан, Атабыз кыргыз наркы экен. 2-кыз

Сени болсо айылда,

Кой келгенде короого,

Чачын жууйт деп жүрөт. Үй-оокатка кош көцүл,

Жалкоо кыз экен деп күлөт.

Топ таш. Топ таш — кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Оюн тегиз, түз жерде ойнолот. Биринчи баштаган оюнчу беш ташты ыргытып, колунун үстүнө токтотуп туруп, колдун үстүнө бир ташты калтырып, калган төрт ташты жерге түшүрүп, колдун үстүнө токтогон ташты кайра жогору ыргытып, тутуп алат. Калган жерге түшкөн төрт ташты бирден кылдаттык менен жерден ала турган бир таштан башка ташка колун тийгизбестен, колундагы бир ташты жогору ыргытып, кайра жерден бир ташты терип, жогору ыргыткан ташын кошо тосуп алат. Ошентип, жердеги төрт ташты терип алыш керек. Оюндун жүрүшүндө оюнчу колундагы ташты жогору ыргытып, жогору ыргыткан ташы жерге түшкөнчө жерден таш ала албай калса, же жерден таш алган убакта, оюнчунун колу башка Taшкa тийип кетсе, же ал ыргыткан ташын туталбай калса, оюнду ойноо кезеги атаандашына берилет. Топ таш оюнунун көптөгөн түрлөрү бар.

Изилдөөнүн методдору жана материалдары Төмөнкү сөздөрдүн маанилеш катарын табыңыз (//)

байыркы // токтоо // кезек // кылдаттык // убак //

тегиз // атаандаш // терүү // тутуу // тосуу//

Киште. Байыркы кыргыз эл оюндарынын бири. Шахматка окшош жактары көп. Качан пайда болгону али белгисиз. Ошондой болсо да кыргыздардын, Орто Азия жана Казакстан элдеринин уламыштарына караганда киште-шахмат оюну Александр Македонский аркылуу кыргыздардан Индияга өткөн. Чынында эле бизге тарыхтан А.Македонский б.з.ч. 329-жылдары Орто Азияга кол салып, Бактирияны басып алгандыгы, Сыр-Дарыянын жээгине (азыркы Ленинабад менен Бек-Абаддын аралыгында) шаар-чеп кургандыгы белгилүү. Андан кийин Гиндикуш тоосун ашып, Батыш Индияга жортуул жасаган. Ал кыргыз жаңгагын жүктөп кеткен. Ошол эле жаңгак азыр дүйнөгө «грек жаңгагы» деген ат менен белгилүү. Ушул сыяктуу эле киште кыргыздардан Индияга өткөнбү деп божомолдонот. Киште оюну байыркы оюндардан экендигин «Манас» эпосундагы:

...кишисинен кырк-элүү, киштеге кирип калыптыр... деген саптар айгинелеп турат. Демек, мекени Индия деп эсептелип жүргөн чатуранга (шахмат) киштенин гана бир аз өзгөргөн түрү деп болжолдоого болот.

Таблица 1. Маалыматтардын ката же туура экендигин белгилеңиз

туура ката

1. Киште оюну кыргыздардан Казакстанга жана Индияга өткөн.

2. Киште-шахмат Индияга А.Македонский аркылуу жайылышы мүмкүн.

3. А.Македонский Ленинабад менен Бек-Абаддын аралыгына шаар-чеп курган

4. Чатурандын мекени - Греция

5. Киште жөнүндө “Манас” эпосунда айтылат

Уюм тууду. Уюм тууду - кыргыздын эң байыркы оюндарынын бири. Ал өзүнүн аты, мазмуну боюнча кыргыз элинин эзелтен берки улуттук, коомдук-экономикалык өнүгүшүн чагылдырып, анын эң байыркы маданиятынын бир белгиси катары турмушка киргизилип, кыргыз эли менен бирдикте жашап келе жатат. Кыргыздарда негизинен малчылар оюну болгон уюм тууду кайсы кылымда пайда болгондугу, аны кыргыз эли кайсы убактан бери ойноп келе жаткандыгы азырынча белгисиз.

Кыргыз элинин көчмөн шартына жараша, тогуз коргоол сыяктуу эле уюм тууду оюнунун тактасы дагы көбүнчө таштын бетине, жерге жасалган. Корголдору болсо кадимки эле корголдон же тоголок таштан, чоподон, жыгачтан даярдалган.

Оюнду бош убактыларында, маданияттуу дем алуу учурунда ойношуп, мелдеш уюштурушкан. Жеңген оюнчуларга байге берилген.

Уюм тууду оюну төмөнкүчө ойнолот:

Калыс оюнчуларга оюн тактачасын, ар бирине 25тен коргол берет. Оюнчулар корголдорду өз жактарындагы уячалардын ар бирине 5тен салып чыгат. Оюнду баштаган оюнчу өзү каалаган уячадан беш корголду алып, ошол коргол алынган уячадан баштап, оң жагынан сол жакты көздөй айлантып, ар бир уячага бирден коргол салат.

Эгер акыркы коргол салынган уячадагы корголдор жуп болуп калса жана ал уяча атаандаштыкы болсо, анда ойноп жаткан оюнчу акыркы коргол салынган уячадагы корголдорду алып, өз казанына салат да оюнду жүрүүнү улантат. Эгер акыркы корголду салган уячадагы корголдор так болуп калса, көчүү кезеги атаандашына берилет. Оюнду баштоодо же жүрүп жатканда оюнчулар бири-бирине «сиз жүрүңүз» дебестен, «сиз көчүңүз» деп айтууга тийиш.

Оюнчу корголдорду уячаларга салып бара жатып, бош калган уячага кезек менен бир коргол салгандан кийинки оюндун жүрүшүндө бир корголу бар уячага жүрүштүн кезеги менен экинчи коргол салынса, уячага экинчи корголду таштаган оюнчу «уюм тууду» дейт да, уячадагы эки корголду өз казанына салат.

Эгер оюнчу акыркы атаандашынын уячасына таштаганда коргол он болуп калса, оюнду жүрүп жаткан оюнчу «ханымдын ую тууду» деп уячадагы он корголду алып өз казанына салат. Ошентип оюнчу көчүшүн коргол албай калганга чейин улантат.

Оюнчу көчүш жасап жаткан убакта уячалардын биринде коргол жок болуп калса, ошол корголу жок уячадан кийинки корголу бар уячадагы корголдорду «жалаш алдым» деп оюнду ойноп жаткан оюнчу оң колунун манжасын эрдине, андан кийин бош калган уячага тийгизип туруп, андан кийинки уячадагы корголдорду алып өз казанына салат. Ошентип оюн бир нече жолу ойнолот...

Акыл оюндарына мындан сырткары сармерден, беш таш, топ таш(чакмак), бөрү таш, жедирмек, кайым айтышуу, казан таш, кан таламай, катар, кен (чүкө оюну), өлдү, ток этмек,

томук жашырбай, топу бекитмей, чатыра таш, чатыраш, ыр кесе, табышмак, жаңылмач, калп айтышуу, макал айтышуу ж.б. оюндары кирет.

Таблица 2. Маалыматтардын ыраатын оюндун жүрүшү боюнча белгилеңиз

1. Эгер оюнчу акыркы атаандашынын уячасына таштаганда коргол он болуп калса, оюнду жүрүп жаткан оюнчу «ханымдын ую тууду» деп уячадагы он корголду алып өз казанына салат

2. Оюнчу көчүшүн коргол албай калганга чейин улантат.

3. Оюнду баштаган оюнчу каалаган уячадан беш корголду алып, ошол коргол алынган уячадан баштап, оң жагынан сол жакты көздөй ар бир уячага бирден коргол салат.

4. Эгер акыркы коргол салынган уячадагы корголдор жуп болуп калса жана ал уяча атаандаштыкы болсо, анда ойноп жаткан оюнчу акыркы коргол салынган уячадагы корголдорду алып, өз казанына салат да оюнду жүрүүнү улантат.

5. Калыс оюнчуларга оюн тактачасын, 25тен коргол таратат, алар өз тарабындагы уячаларга бештен салат

Ат оюндары. Кыргыздардын эң чер жазар оюндары- ат оюндары. Ат чаптырганда байгесине абдан чоңсыйлык коюшкан. Жүздөгөн мал соорун коюп, ат чаптырган тойлор, аштар да болгонун тарых изилдөөчүлөр жазып калтырышкан1 [5:164]

Жамбы атуу. Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Жамбы атмай оюну жөнүндө «Манас» эпосунда, фольклордук, тарыхый чыгармаларда өтө көп жолугат. Ар түрдүү формада жана ар кандай салмакта уютулган, илгерки заманда акча ордуна жүргөн күмүш-жамбы деп аталган. Аш-тойлордо жамбыны бийик жерге илип коюп көзгө атар мергендерди сынашкан. Жамбы мурда жылкынын куйрук кылына байланып илинген. Жамбы атуучулар ошол кылды үзө атып, жамбыны түшүрүшкөн. Жамбыны илгери жаа менен атышкан. Кийин мылтык менен атууга өтүшкөн. Мелдеш өткөрүлүүчү аянт айылдын четинде кеминде 500-500 метр өлчөмүндө болууга тийиш. Учуна 3-4 метр туура жыгач бекитилген 10-15 метр узундуктагы шыргый тикесинен орнотулат. Ага байланган бута (жамбы) илинет. Калыс мелдешти баштоого белги бергенде кезектеги оюнчу мылтыгын октоп, ат чаап бара жатып бутаны атат. Окту бутага 70-75 метр калганда чыгарыш керек. Жамбыны жөө туруп 100 метрден, атчан бастырып баратып 50 метрден атса болот. Ок бутага тийсе, 1упай берилет. Бардык чыгууларда эң көп упай алган жаат же аткыч мелдештин жеңүүчүсү деп табылат (кээде кылды үзө аткан жамбыны алган).

1 “Элтаануу”: Тексттер топтому (2007). /Түз. Б.Кыдырбаева, Г.Токторбаева, Н.Турумбаева. - Б.164-б .

Тыйын эңмей. Оюн узундугу 100 метрдей келген тегиз жерде ойнолот. Оюнга 12 жаштан жогоркулар катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнга калыс шайланат. Оюн өтүүчү аянттын 50-60 метрине кум же таарынды себилип, үстүнө тыйын ташталат. Калыс белги бергенде оюнчу ат менен чаап бара жатып тегиз жердеги тыйынды эңип кетүү керек. Эңерде аттын чабышын акырындатууга же токтотууга болбойт. Эгерде оюнчу тыйынды эңе албай кокус жыгылып калса жана жыгылганда бир жерин кокустатып албаса атына мине калып, оюнду кайра баштоого укугу бар. Тыйынды эңсе 1 упай ыйгарылат. Тыйын эңмейде көп упай чогулткан оюнчу жеңишке ээ болот. Эгер упайлардын саны тең болуп калса, 3 чыгууда аз упай кетиргени утат. Мелдеш жекече да, жаатташып да өткөрүлөт. Кийимге жана ээр токумга чек коюлбайт. Тыйын эңмей кыргыз элинде гана өнүккөн спорттун бир түрү.

Тай жарыш. Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Тайлар 1-2 км келген түз жерде жарыштырылат. Ага үйрөтүлүп, тапталган 5-10 тай, 13-14 жаштагы уул балдар катышышат. Тайга өзүнө ылайык ыңырчак ээр токулат. Тайлар жарышка чыгуучу жер жана мара белгиленет.

Калыс жарышка даяр турушкан тай чабарларга «Жарышкыла!» деген белги берет. Тай минген балдар жарышып, марага келгендеги орду белгиленет. Марага 1,2,3-келген тайлардын күлүк экендиги, жакшы тапталгандыгы белгиленет. Тушоо кесүү тоюнда майда балдарды 100150 м аралыкка жарыштыруу да «тай жарыш» деп аталат. Бул жарышта ким чыгып келсе, буту тушалган баланын тушоосун кесип, байге алат.

Ат оюндарына мындан башка ат чабыш, байге, кунан чабуу, көк бөрү, чырга тартуу (мүнүшкөрлүк), кыз куумай, жорго салыш, келин жарыш, кыз жарыш, оодарыш (эңиш) кирет [2: 118].

Маанилеш катарын жазыңыз

эңип кетүү // жаатташ ып//

көзгө атар// тапталган//

тегиз//

тушалган//

Корутунду

Жыйынтыктап айтканда, тезтиер жаштардын аң-сезимин калыптоодо улуттук оюндардын жаралуу жана сакталуусун, дени сак балдардын калыптануусуна, өнүгүүсүнө байланыштырып колдонуп келсек элдин эмгегинин акыбети кайтчудай. Ошол эле учурда оюн-зооктордун, ырым-жырым, салт-жөрөлгөлөрдүн маданий-философиялык экспликациясы кыргыз элиндеги акыл-эстин ырааттуулугун, максаттуулугун өз убагыкда калыптануусуна өбөлгө түзөт деген ойдобуз. Кала берсе, оюн маданияты аркылуу балдардын туура өнүгүп-өсүшү жөнүндөгү камкордуктарына негиз боло алабыз деген үмүт.

Пайдаланылган адабияттар

1. Алагушов Б. (2006). Бабалардын мурасы. - Б. - 233б.

2. Каразакова З.Ж. (2019). Улуттук дөөлөттөр. 2 - бөлүк. Улуттук дөөлөттөрдү өздөштүрүү боюнча окуу куралы. - Ош. - 162б.

3. Каразакова З.Ж. (2019). Улуттук дөөлөттөр. 1 - бөлүк. Улуттук дөөлөттөрдү өздөштүрүү боюнча окуу куралы. - Ош, - 162б.

4. Кыргызстан: Энциклопедия (2015). /Бишкеке ред. Ү.А. Асанов. - Б: - 643б.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

5. “Элтаануу”: Тексттер топтому (2007). /Түз. Б.Кыдырбаева, Г.Токторбаева,

Н.Турумбаева. - Б. - 212 б .

6. Үcөн уулу Ж., Абдисалам кызы К., Оморов Т., Таши уулу Ж., Абдамитов Н. (2020). Кыймыл оюндары жана классификациясы. Вестник Ошского государственного университета, No. 1-4, сс. 281-285. EDN: NBSCAQ.

7. Chifzhi, B. (2023). Importance of nature games for elementary school aged children. Bulletin of Osh State University, (4), 61-73. DOI: https://doi.org/10.52754/16948610 2023 4 7. EDN: MNHYVC.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.