Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭЛДЕРИНИН УЛУТТУК ТАБЫШМАКТАРЫ: СТРУКТУРАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫК ПАРАЛЛЕЛДҮЛҮКТӨР'

КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭЛДЕРИНИН УЛУТТУК ТАБЫШМАКТАРЫ: СТРУКТУРАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫК ПАРАЛЛЕЛДҮЛҮКТӨР Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
35
4
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
табышмак / жандырмак / фольклор / кыргыз-алтай жалпылыктары / улуттук маданият / riddle / solution / folklore / Kyrgyz-Altai communities / traditional culture

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Мамасаит Кызы Тажигүл

Табышмак түшүнүгү элдик көркөм чыгармачылыктын бир бөлүгү болуу менен бирге, жалпы адамзаттык маданиятындагы салттуу көрүнүш. Табышмак – жаратылыш кубулуштарын, ар кандай заттар менен түшүнүктөрдү каймана мааниде сапаттап, жандырмак талап кылган кыска поэтикалык чыгарма. Жанр катары байыркы замандарда жаралган болсо да, бүгүнкү күнгө чейин өз касиетин жоготпой жашап келет. Макалабызда кыргыз жана алтай элдериндеги табышмактардын окшоштуктары жана айырмачылыктарына токтолуп, аларга анализ берүүгө аракет жасадык.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

KYRGYZ AND ALTAI TRADITIONAL RIDDLES: STRUCTURAL-SEMANTIC PARALLELS

The genre of riddles is a traditional phenomenon in the culture of mankind; in addition, it is part of folk art. A riddle is a small poetic work that requires you to revive natural phenomena, various objects and concepts in a symbolic sense. Although it was created as a genre in ancient times, it has survived to this day without losing its features. In our article we tried to analyze the similarities and differences between the mysteries of the Kyrgyz and Altai peoples.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭЛДЕРИНИН УЛУТТУК ТАБЫШМАКТАРЫ: СТРУКТУРАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫК ПАРАЛЛЕЛДҮЛҮКТӨР»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№2(2)/2023, 57-68

УДК: 82-1/29

DOI: 10.52754/16948874 2023 2(2) 7

КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭЛДЕРИНИН УЛУТТУК ТАБЫШМАКТАРЫ: СТРУКТУРАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫКПАРАЛЛЕЛДУЛУКТвР

КЫРГЫЗСКИЕ И АЛТАЙСКИЕ НАРОДНЫЕ ЗАГАДКИ: СТРУКТУРНО-СЕМАНТИЧЕСКИЕ ПАРАЛЛЕЛИ

KYRGYZ AND ALTAI TRADITIONAL RIDDLES: STRUCTURAL-SEMANTIC PARALLELS

Мамасаит кызы Тажигул

Мамасаит кызы Тажигул Mamasait kyzy Tazhigul

студент, Ош мамлекеттик университети

студент, Ошский государственныйуниверситет Student, Osh State University kamiladastanbayeva@gmail.com

КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭЛДЕРИНИН УЛУТТУК ТАБЫШМАКТАРЫ: СТРУКТУРАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫКПАРАЛЛЕЛДУЛУКТ0Р

Аннотация

Табышмак тушунугу элдик керкем чыгармачылыктын бир белугу болуу менен бирге, жалпы адамзаттык маданиятындагы салттуу керунуш. Табышмак - жаратылыш кубулуштарын, ар кандай заттар менен тушунуктерду каймана мааннде сапаттап, жандырмак талап кылган кыска поэтнкалык чыгарма. Жанр катары байыркы замандарда жаралган болсо да, бугунку кунге чейнн ез каснетнн жоготпой жашап келет. Макалабызда кыргыз жана алтай элдернндегн табышмактардын окшоштуктары жана айырмачылыктарына токтолуп, аларга анализ берууге аракет жасадык.

Ачкыч свздвр: табышмак, жандырмак, фольклор, кыргыз-алтай жалпылыктары, улуттук маданият.

КЫРГЫЗСКИЕ ИАЛТАЙСКИЕ НАРОДНЫЕ ЗАГАДКИ: СТРУКТУРНО-СЕМАНТИЧЕСКИЕ ПАРАЛЛЕЛИ

Аннотация

Жанр загадок является традиционным явлением в культуре человечества, помимо того, она является частью народного творчества. Загадка - это небольшое поэтическое произведение, требующее оживить в символическом смысле явления природы, различные предметы и понятия. Хотя он был создан как жанр еще в глубокой древности, но дошел до наших дней, не потеряв своих особенностей. В нашей статье мы попытались проанализировать сходства и различия загадок кыргызов и алтайских народов.

KYRGYZ AND ALTAI TRADITIONAL RIDDLES: STRUCTURAL-SEMANTIC PARALLELS

Abstract

The genre of riddles is a traditional phenomenon in the culture of mankind; in addition, it is part of folk art. A riddle is a small poetic work that requires you to revive natural phenomena, various objects and concepts in a symbolic sense. Although it was created as a genre in ancient times, it has survived to this day without losing its features. In our article we tried to analyze the similarities and differences between the mysteries of the Kyrgyz and Altai peoples.

Ключевые слова: загадка, разгадка, фольклор, Keywords: riddle, solution, folklore, Kyrgyz-Altai

кыргызско-алтайские общности, традиционная communities, traditional culture.

культура.

Киришуу

Борбордук Азиядагы эц байыркы элдердин бири кыргыздар экендиги бугунку кунде далилдеену деле талап кылбайт. Эзунун эл катары калыптануусунда кыргыздар узак жолду басып етуп, далай элдер менен аралашып, куралгандыгы белгилуу. Алардын бири катары бугунку кунде Россиянын Тоолуу Алтай автономиялуу областынын негизги калкы болгон алтайлыктарды атоого болот. Алардын ойроттор деп аталгандыгы да белгилуу. "Манас" эпосунда айтылган "Ойротто жок эр экен" деген салыштыруу дал ушул алтайлыктар менен байланыштуу. Кыргыз элинин алгачкы этникалык тузулушу алтайлыктар менен тыгыз байланыштуу. Этникалык процесстеги мындай жакындыктар алтайлыктар менен кыргыздардын байыркы мезгилдерден берки байланышынан келип чыккан. Тоолуу Алтай Кыргыз мамлекетинин жана кыргыздардын экономикалык жана саясий кызыкчылыктары учун маанилуу аймактардын биринен болгон. Негизинен алтайлыктар кыргыздарга кыштымдар (тубелук салык телеечулер) болушкан.

Кыргыз-алтай элдеринин жалпылыктарын уруу-урук аталыштарындагы, жер-суу аттарындагы, материалдык жана руханий маданияттын улгулерундегу жалпылыктар чагылдыра алат. Туркий тилдуу элдердин ичинен алтай тили кыргыз тилине эц жакын деп саналып, экое тец турк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна жатат. Алтай тилинде да тундук жана туштук диалектилери бар. Туштук диалектиси байыркы кыргыз тилинен (5-10-к.) тармак болуи чыгып, кыргыз тили менен бир классификациялык тоиту тузет. Лексикалык, фонетикалык, грамматикалык белгилери кыргыз тилине жакын. Лексикасында монгол сездеру арбын. Бирок биз езубуздун изилдее ишибизде кыргыздар менен алтайлыктардын жакындыгын тилдик фактылар аркылуу эмес, алардын табышмактарындагы жалпылыктар аркылуу кароону чечтик. Табышмак айтпаган эл жок. Табышмак - жаратылыш кубулуштарын, ар кандай заттар менен тушунуктерду каймана мааниде сапаттап, жандырмак талап кылган кыска поэтикалык чыгарма. Жанр катары байыркы замандарда жаралган болсо да, бугунку кунге чейин ез касиетин жоготпой жашап келет (Кайыпов, 2022, б. 176). Табышмак байыркы турк тилинде тапзуг деп аталат жана Махмуд Кашгаринин эмгегинде кездешет (Абдимиталип уулу, 2023, б. 103).

Кечмен элдердин табышмактары ездеру баккан малга байланыштуу болушу мыйзам ченемдуу. Уй жаныбарларынын ичинен жылкы езгече мааниге ээ. Жоокердик замандан бери "Ат адамдын канаты" болуп, жылкы минерге унаа, жегенге эт, ичерге кымыз болгон. Айрыкча кыргыз эли кечмен калк болгондуктан, аларга ат аябай керектуу жандык болуп эсептелинген. Бабаларыбыз атты минип алып тундеп-кундеп журуп отурушкан. Ал адамдын канаты гана эмес, досу да болуп саналат. Элдик оозеки чыгармалардан, б.а баатырдыкэпостордон: Аккула, Чалкуйрук, Мааникер, Кек Тулпар, Кектеке, Кекала, алтайлыктарда Ак Боро сыяктуу кулук аттардын ысмын жолуктурабыз (Жолдошова, 2023, б. 40).

Ошондуктан да, эл арасында жылкыга байланыштуу табышмактардын кездешиши мыйзам ченемдуу керунуш. Кыргыздарда:

Минсец - канат,

Чапсац - шамал,

Аны сыйлабаган,

Кишилер жаман. (Ат) деген табышмак айтылып калган (Балдар фольклору, 1998, б. 27). Ушул эле табышмак алтай элинде темендегудей берилет:

Сумер улан,

Сут кол.

Удура керер

Учар куш. (Ат) (Алтайские загадки, 1981, б. 59).

Салыштырылган эки элдин табышмактарын жалпылыгын кароодо бир топ айырмачылыкты жолуктурууга болот. Ал эми туюнткан маанисинде айырма жокко эсе. Кыргыз элинин табышмагында аттын образы башка бир предмет же жаратылыш кубулушу аркылуу каймана мааниде берилсе, ал эми алтай элинин табышмагында аттын башын "бийик зоого", козун "эки тируу келге" салыштырып, "учкан куштай" - деп суреттейт. Демек, эки элде тец "Ат - адамдын канаты" деген макал бирдей колдонгондугун жогоруда келтирилген мисалдан байкоого болот. Бул макал алгач Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" эмгегинде катталган (Махмуд Кашгари, 2005, б. 86; Абдимиталип уулу жана Жапаралиев, 2023, б. 133).

Кыргыз элинде азыркы мезгилге чейин ат алысты жакын кылган негизги унаасы болуп эсептелинген. Ошондуктанда ат тууралуу темендегудей дагы бир табышмак жаралган:

Сууга кирсе миц,

Суудан чыкса бир. (Аттын куйругу) (Табышмактар, 2002, б. 43).

Ушундай эле жандырмакты талап кылган алтай элинин табышмагы темендегудей берилген:

Сууга кирсе - jaaH,

Суудан чыкса - кичинек. (Аттын куйругы) (Алтайские загадки, 1981, б. 60).

Кандай гана табышмак болбосун тушунукту, предметти чагылдыруу фольклордун традициялуу образ системасынан четтебейт. Жогорудагы табышмакты мисалга алып караган болсок, биринчи сап экинчи сап менен бири-бирине карама-каршы туруп, антитеза кубулушун пайда кылды. Табышмактарды мындай кубулуш аркылуу берилуучу ойдун керкемдук сапаты кучейт, таасир этуучу кудурети артат. Дагы тилдик жактан алып Караганда келтирилген мисалдарда саптын башындагы унсуз тыбыштын кайра кайталанышынан улам ассонанс кубулушу пайда болду. Бул кубулушту эки эл тец бирдей децгээлде колдонгондугу жогорудагы мисалдан байкайбыз.

Жылкы сыяктуу эле тее да адам турмушунда негизги орунду ээлейт. Tee негизинен челдуу аймакта жашаган, ал бир нече кун суусуз жашай алат, жаны бышык жаныбар. Кыргыздар теену езгече жаныбар катары баалашкан. Ошондуктан да балбылдаган кезу чоц кыздарды "бото кез" деп, ботонун кезуне салыштырып айтышкан. Андай кездуу кыздарды эц сулуу деп эсептешкен. Тее женунде эл ичинде ар кандай тушунук, уламыштар айтылып келинет. Teere карата кыргыз элинде бир канча ырым-жырымдар иштелип чыккан. Ошондуктан кээде кош бойлуу аялга теенун этин жедирген эмес. Анткени, кош кабат кезинде теенун этин жесе, боюндагы баласын тееге окшоп он эки ай кетерет дешкен. Эгерде аны куйеесу экее тец жесе зыяны жок дешет. Уй ээси аялы жуктуу кезинде кайсы бир жерден теенун этин жесе, бир кесимин сезсуз турде уйуне ала келген. Дегеле аны айрым учурларда гана, кеп эле каалабай жешкен. Адам теенун этин бир жылда бир жолудан ашык жебеш керек

деген чектее болгон (Мурзакметов, 2005, б. 14). Жогоруда айтылган чектее тее бир мезгилдерде адам болгон экен, тееге айлангандан кийин да, кеп жагынан адамга окшош бойдон калган деген ишенимге байланыштуу болушу мумкун. Кыргыздар теену маанилуу учурларда - Меккеге зыярат кылганы женегенде, чогулуп тулее еткергенде же хан такка отурганда гана союшкан.

Демек, байыркы замандан бери кыргыз элинин турмушунда тее езгече орунду ээлегендиктен да, эл арасында темендегудей табышмактын жаралышына алып келген:

Буттары апан - тапан,

Кийгени тигилбеген чапан.

Кезу жакшы болсо да,

Мойну тетири буткен эмедей.

0зу чоц болсода, куйругу кенедей. (Тее) (Табышмактар, 2002, б. 47).

Ал эми боордош алтай элинин табышмагында болсо тее женунде темендегудей табышмак жаралган:

Эки кезу тосток,

Бели десе кертек,

Ичи онын чербек,

Куйругу болзо чолтык. (Тее) (Алтайские загадки, 1981, б. 65).

Теенун мунезун башка ошого окшогон заттар менен салыштырып тузулду. Баса белгилей кетчу нерсе, табышмакта "куйругу кенедей" - деп троптун литота кубулушун жолуктурууга болот. Ал эми алтай табышмагында сыпаттап суреттеп, теенун образын туюк мааниде жеткирип берди. Натыйжада табышмак метафоралык негизде тузулуи, боектуулук курч керсетулген.

Кечмендер малдын азыгы болгон есумдуктер дуйнесун да жакшы билишкен. Элибиз есумдуктерден турмуш-тиричиликке зарыл болгон нерселердин баарын жасашыптыр. Турдуу жыгачтардан боз уйдун сеегун жасашкан, чий токуй ашкананы тоскон, ээр чапкан, кыл кыяк комузун, жыгач ооз комузун, сурнай, чоор сыяктуу музыкалык аспаптарды жасашкан, идиш-аяк кырган, короосун тосуп, отун кылып жаккан, арча тутетуп аластаган. Ишкындын тубу менен терилерди ецдеп, боз уйдун кереге-уугун, тундугун боегон. Элибиз есумдуктердун кээ бир турлерун малга тоют катары эле эмес, ездерунун тамак-ашына зарыл кошумча азык катары да пайдаланышкан. Ошондуктан эл ичинде есумдуктер женунде бир кыйла табышмактар жаралыи, азыркы кунге чейин ез ордун жогото элек.

Дарбыз - ашкабак тукумундагы бир же кеп жылдык есумдук уруусу. Тамыры кеп тарамдуу, жерге 1м. ашык кирет. Сабагы тешелме узун. Дарбыз тоголок, суйру, жалпак жана цилиндр формалуу, сырты ак, кара ала ж.б болушу мумкун. Бул есумдук негизинен жылуу аймактарда есууге ыцгайланышкан. Дарбыздын тарыхый мекени Туштук Африка болуп саналат. Кыргызстанда болсо дарбыз негизинен туштук аймагында естурулет. Биздин аймакка жакынкы мезгилде келгенине карабастан, эл ичинде дарбыз женунде темендегудей табышмак жаралган:

Кек улагым кегенде жатып семирет. (Дарбыз) (Балдар фольклору, 1998, б. 92).

Бул табышмактын жаралуу доору, жогоруда белгиленгендей, жакынкы эле мезгилди камтыйт. "Кек улагым" дегенде кек зат же предмет кез алдыбызга келет. Ал эми «кегенде жатып семирет» дегенде, кыргыз элинде козу-улакты кегенге тизип багат. Демек, ичке сабагына байланып, талаада кун сайын чоцоюп, бышкандыктан, дарбызды кегенге тизилген улакка салыштырып, метафоралык негизде табышмак жаралды. Ал эми ушул эле дарбыз женундегу табышмак алтай элинде темендегудей берилди:

Армакчыда]ажыл бозу

1адып семирет. (Арбуз) (Алтайские загадки, 1981, б. 142).

Негизинен салыштырылган жаткан элдердин табышмактары мааниси жагынан дээрлик бирдей экени жогорудагы келтирилген табышмактан байкоого болот. Бирок "дарбыз" деген аталыш алтай элинде "арбуз" деп аталат. Аны аймактык езгечелук деп эсептееге болот. Анткени, алтай эли менен орус элинин аймагы бизге Караганда да бир топ жакын. Маселен: орус тилиндеги морковь, арбуз ж.б.у.с. сездерду алтай тилинде да моркоп, арбуз деп аташат. Демек, ездеру курамында болгон орус элинин таасиринен улам, алтай элинин кебинде жогорудагыдай ездештурулген сездер пайда болду дегенге негиз бар.

Кыргыздарда "Пияздын кабыгын отко салба" дешет карылар. Анткени, диний тушунук боюнча алып Караганда, анын кабыгын куйдургенде ал кандай куйсе, аркы дуйнеде сен да ошондой куйесуц деп эсептешкен.

Демек, пияз эл арасында кецири тараган предмет, ошондон улам да, эл арасында темендегудей табышмак жаралган:

Жапыз бойлуу,

Тогуз тондуу. (Пияз) (Балдар фольклору, 1998, б. 93).

Аталган табышмак пияздын формасын каймана мааниде берип жатат. Бою жапыз болуп, катар-катар кабык менен курчалгандыктан, аны "жапыз бойлуу, тогуз тондуу" деп адамга салыштырып, метафоралык кубулуштун негизинде табышмак жаралды. Мына ушул эле жандырмакты талап кылган алтай элинин табышмагында:

Тогус кат торко тонду

Толодой таадак отурат. (Согоно) (Алтайские загадки, 1981, б. 141).

Мындагы алтай элинин табышмагын тилдик жактан алып Караганда, ар бир саптагы унсуз тыбыштардын катар келуусунен улам ассонанс кубулушун жолуктурууга болот. Бул табышмакты кыргыз тилине которгондо "Толодой баба тогуз катар тон кийип олтурат", -деп тушундурулет. Демек, эки элде тец пияздын катар-катар тонун адамга салыштырган мааниси бирдей. Алтайча пияздын "согоно" аталышы да кыргыз тилинде "согон" деген формада жолугат, аны "Сопу согон жебейт, жесе кабыгын да калтырбайт" деген макал керсетуп турат.

Сабиз - чатыр гулдуулер тукумундагы есумдук уруусу. Жалбырагы тарамдуу, канат сымал. Эл ичинде: "Сабизди кеп жеген адамдын бою узун болот" - дешет . Аны кээде "бой есер" деп да аташат. Буга себеп сабиздин составында витаминдердин молдугунан болуу керек. Сабиз - тамак ашка да атайын азык катары да колдонулат. Мына ошондон улам да эл ичинде:

Кичине гана сары киши,

Озу ичкери, сакалы тышкары. (Сабиз) деген табышмак жаралган (Балдар фольклору, 1998, б. 93). Бул табышмактын жандырмагы - сабиз. Жогоруда келтирилген табышмакта сабизди сары кишиге салыштырыи, "езу ичкери, сакалы тышкары" деп суреттеи берген. Ал эми ушул эле жандырмакты талаи кылган алтай элинин табышмагында:

Черниц кадында кызыл кижи,

Черниц сыртында чажыл кижи. (Маркуи) (Алтайские загадки, 1981, б. 159).

Бул табышмактын мааниси кыргыз элинин табышмагындай эле берилди. Бирок кыргыз эл табышмагында "Сары киши" сабизге салыштырылса, ал эми алтай табышмагында "жер астында кызыл киши, жер устунде жашыл киши" деп, метафоралык кубулуштун негизинде тузулду. Демек, эки элдин тец табышмагынын жандырмагынын тупкулугу окшош экенин жогоруда келтирилген мисалдан байкоого болот.

Кыргыз эли езунун емур кечунде жаратылыш, андагы кубулуштар, есумдуктер женунде гана табышмак айтып тим болбостон, козге керунген жана керунбеген предметтер женунде, маселен, ездерунун дене мучелеруне байланыштуу болгон табышмактарды да айтып келишкен. Мисал катары карап керсек:

"Тий - тий" десе тийбейт,

"Тийбе- тийбе" десем тийет. (Эрин). (Балдар фольклору, 1998, б. 145).

Ушул эле табышмак алтай элинде:

"Тий" - дезем -тийбес.

"Тийбе!" -дезем-тийер. (Эрин). (Алтайскиезагадки, 1981, б. 134).

Бул табышмактын чындыгын алып Караганда, эриндер "тий" десе бири-бирине тийбейт. Ал эми "тийбе" диген учурда тиет. Себеби тыбыштык жактан алып Караганда "б" унсуз тамга, унсуздердун белунуу классификациясында жасалуу ордуна карай "кош эринчил" деп бекеринен аталбагандыр. Алар устунку жана астынкы эрин бирине - бири тийип жасалгандыктан аталган. Бул табышмактын чындыгы болгон учун, ал женундегу уккан адамдын маалыматы бар жана табышмакты табуу мумкунчулугуне ээ. Ошондой эле бул эки элдин табышмагында тец унсуз тамгалардын катар келишинен улам ассонанс кубулушунан тузулду.

Жер бетинде тируу жандык жашайт экен, алар учун керуу органы эц негизги орган болуп саналат. Кезубуз кергенде гана ааламдын толгон-токой сырларын, кооздугун керуп, ara баа берип, бизди курчап турган табияттын сулуулугуна тац каласыц. Кезсуз биз учун жарык нерсе карацгы. Демек, адам баласынын жашоо турмушунда «кез» органы негизги орунда тургандыктан да, ал женунде темендегудей табышмак жаралган:

Кыпын тушсе ооруган,

Эки нерсе ичине,

Бирок, тоо, кел, токойлор,

Батып кетет ичине,

Бул эмне билип ал,

Пайдасызор кишиге. (Кез) (Балдар фольклору, 1998, б. 57).

Эзу кичинекей эки зат болсо да, ara too, кел, токойлор жаратылышта эмне болбосун ичине кирип кетери ырас. Анын реалдуу турмуштан алынгандыгы таасын керунуп турат. Ошондой эле кездун бет мацдайында кандай жайгашкандыгы тууралуу мындайча айтылат:

Эки суу бар,

Бирине бири кошулбайт. (Эки кез) (Балдар фольклору, 1998, б. 57).

Бул табышмактын жаралуу себептери темендегудей болуу керек: кездун кареги, чел кабыгы негизинен килкилдек заттан турат. Ошондой эле эки кезден аккан жаш агын суу сыяктуу агып, бири-бирине кашулбайт. Ошондон улам да, бул табышмак ыйлап отурган биреену керуп, ошону элестетип жаралган табышмак болуп калган чыгар...

Ал эми ушундай эле мазмунду талап кылган алтай элинин табышмагында:

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

Эки карындаш,

Бой-бойын керушпейт. (Эки кез) (Алтайские загадки, 1981, б. 121).

Бул табышмакта адамдын жузунде жайгашкан эки кездун бирин-бири кере албастыгы берилди. Реалдык турмушта да ошондой. Бирок, аны кез дебей, каймана мааниде эки карындаш, башкача айтканда, эки тууган деп берилди.

Киндик женунде эл арасында бир канча тушунук жана ырым- жырым жашап келет. Маселен: жацы терелген баланын киндиги курч устара менен кесилип, анан курмушу куйгузуп басат дешет. Киндикти кескен аял «киндик эне» аталып, бала ara карата емуру еткенче сый - урматын керсетуп келген. Жарык дуйнеге келген бала «Жети энем бар» деп жерге тушет экен. Эз энеси, чоц энеси, таенеси, аяш энеси, кайненеси, екул энеси, алардан да мурун киндик энеси болот. Мындай энеге кой же козу-улак жетелетип, кездеме же кейнек берип, чепкен жаап, кыскасы ар ким колунда бар жолдугун жасаган. Ошондой эле баланын кээ бир мунезу ошол киндик энени тартып калат имиш, ошондуктан эл арасында: «Оз энесин эмес, жерден алган энесине тартыптыр» - деп да суйлеп калышат. Киндикти жана баланын тонун жашыруун, адам баспай турган жерге же очоктун четине кемуп коюшкан. Бул аркылуу баланын киндигине катуу маани берилгени байкалып турат. Ошондон улам да эл арасында киндик женунде темендегудей табышмак айтылып калган:

Жер боорунда жалгыз казык (чуцкур). (Киндик) (Балдар фольклору, 1998, б. 58). Ал эми алтай эл табышмагында:

1аланда]ангыс казык туру. (Киндик) (Алтайские загадки, 1981, б. 122).

Элибизде езгече кыз баланын намысы анын киндигинде деп билишет. Ошондуктан "намысыцды бекит" деген сез бар эл ичинде. Негизи киндик курсак белугунде жайгашкан. Ошондон уламда, жогорудагы табышмак "жар боорунда" же болбосо '7аланда жалгыз казык" деп каймана мааниде берилди.

Эл ичинде кулак женунде турдууче тушунуктер бар. Алсак, "кулак чуулдоо" деген накыл сез азыркы кунде да жашап келет. "Кулак чуулдоо, кулак чуркуроо, кулак чыцыруу, кулак кызаруу" негизи эки мааниде жолугат. Бири - элдин езунун ишеними боюнча, бири -дин ишеними боюнча. Элдин ишениминде: кулак чуулдаганда бирее ушактап жаткан болот. Ал да ошол адамдын жылына байланыштуу. Эгер жылы адал болсо, ал женунде жакшы пикир айтылганы, ал эми жылы арам болсо, анда аны жамандап жатканы бышык. Эл буга ишеним менен мамиле жасашат. Дин ишениминде: кудайдын естурген чоц дарагы бар имиш. Ошол дарактын бутактарындагы жалбырактар - жер жузундегу адамдардын жаны имиш. Ал жалбырак куураганда ошол жалбырактагы жан елет имиш. Куураган жалбырак тушуп

баратканда кектеп турган жалбырактарга тийип кеткенде ошол еле элек адамдын кулагы чуулдап калат имиш.

Ошондой эле эл арасында "кулак кести кул" деген накыл кеп бар. Кулак кести кул дегени кыцк этпеген, ез эрки езунде жок кул. Кулагын кесип салгандай тике сез айтпаган эрксиз адам.

Байыркы эрксиз заманда теги жок адамды эзуучу таптын адамдары кул кылыи жумшаи алган. Андай адамдар сатса - пулсуз, елее - кунсуз болгон. Андайларды аттын байгесине да сайыи жиберген. "Кулда кулак жок" деи макал да чыгарышкан. Бул уичукиоо, канча тилдеи, сегуи жатса да каршы сез айтиоо деген мааниде.

Бул накыл кептин теркуну - байыркы заманда эркинен ажырап, сатылып журген кул адамга барып такалат. 0з элинен ажырап, керунгендун колунда эрксиз журген кул ээсине кыцк этип каршы сез айта алган эмес. Каршы сез айтса анын кулагын да кесип таштаган. Кулдун кулагы болсо да, ал кулагы жоктой жемеге чыдаш керек, укса да укпагандай болуу керек (Карасаев, 1995, б. 263).

Кулак угуу органы болуп адам баласынын турмушунда негизги орунду ээлейт. ошондон улам да кулак женунде эл арасында темендегудей табышмак жаралган:

Эки бир тууган бирин-бири кербейт. (Кулак) (Балдар фольклору, 1998, б. 59). Ал эми алтай элинин табышмагында:

Бойымда барын,

Бойым кер албай]адым. (Кулак) (Алтайские загадки, 1981, б. 120).

Айтылган эки элдин тец табышмагы негизинен кулактын жайгашуу абалына карай тузулду. Айта кетчу нерсе, алтай элинин табышмагында келтирилген саптар унсуз тыбыштардын катар келуусунен улам ассонанс кубулушун пайда кылды.

Ошондой эле адамдын дене мучесунун бир белугу болгон «беш манжа» женунде эл арасында темендегудей табышмак бар:

Беш баламдын бою барабар эмес. (Беш манжа) (Балдар фольклору, 1998, б. 61). Ал эми Алтай элинде:

1ангыс кун чыккан,

Сындары туцей эмес.

Беш карындаш. (Колдыц сабарлары) (Алтайские загадки, 1981,6. 119).

Негизи эки элдин тец табышмагынын мааниси бир. Маселен: кыргыз эл табышмагында "беш баламдын бою тец эмес" деген болсо, ал эми алтай элинин табышмагында: "беш ara -ини бир кунде терелду, бою ар турдуу" - деп берди. Демек, бул табышмакта беш манжанын образын ага-инилер каймана мааниде жаратып берди. Реалдуу турмушта да адам баласынын беш манжасы бирдей эмес, турдууче жайгашкан. Ошого байланыштуу эл арасында азыркы кунге чейин "Беш кол тец эмес" деген макал жашап келет. Бул макал беш манжанын образын каймана мааниде кайталап, бул адам баласынын турмушу дайыма бирдей нукта болбогондугу женунде баяндалып жатат. Ошондой эле элибизде "беш колуц оозуца салба" деген да макал бар. Анын мааниси мындайча баяндалат: бир колдо баары болуп беш манжа бар, анын баарын оозго салуу - бул ашкере ачкездук, ошондуктан ara тыюу салуу менен барына канаат кыл, ач

кез болбо деген ойду берет. Демек, элибиз байкагыч, зээндуу келип, ушундай философиялык жактан ойлондура турган макалдарды колдонуп келишкен.

Кыргыздардын чачка карата мамилеси баланын карын чачын алууга байланышкан ырым - жырымдардан башталат. Бебектун кыркын чыгарган куну анын карын чачын да алышкан. Ымыркайга кирген кирине карын чач алынмайынча чыкпайт деп аташкан. Баланын чачы адамдын буту баспай турган, жашыруун жайга коюлган. Кыргызтандын кээ бир аймагында баланын карын чачын алганда ara энчи катары тай беруу салты азыркы кунге чейин маанисин жоготкон жок.

Чачтын касиетине болгон ишеним ал алынгандан кийин да сакталып калган. Балдары токтобогон аялдар кош бойлуу кезинде касиеттуу, ыйык жерге зыярат кылган болсо, тереген соц баласына коюлган кекулду аталган ыйык жерге барып алдырып келишкен. Чачты убагында алдырышпаса, бала ооруп сыркоолоно берет деген ишеним бар. Андай чачты теребеген аялдар бала керейун деп ырымдап сатып алышкан.

Кыргыз эли байыртадан кыздарындагы узун чачты аздектеп келген. Анткени, чач канчалык узун болсо, ошол кызды акылдуу, намыстуу, анан да албетте сулуу деп баалап келишкен. Чачын естуруу учун кыздар камыштын тамырын сууга чылап коюп, кырк кун тац азандан туруп, кун чыга электе башын ошол суу менен жууса, чачы камыштай тез осот дешкен. Дагы бир ишеним боюнча асмандагы асан - усенду кергенде кыздар чачынын учун кайчы менен кыркып тегиздесе, чачы тез осот экен (Мурзакметов, 2005, б. 57).

Эткен бир замандарда чачы кыркылган аял киши учун эц уят эсептелинген. Анткени аял киши кунее иш кылып, куйеесунун козуне чеп салса, аны шермендечилик катары керуп, эл арасына чачын кыркып алып чыгып ташбарацга алышкан. Буга мисал катары К.Жантешевдин "Каныбек" романындагы ак жеринен айыпталган Бегайдын тагдырын алып карап керууге болот. Ошондуктан аял кишилер мындай иштен айбыгышкан.

Чач аялдын гана намысы эмес, улуттун да намысы катары берилген. Мындай керунуш эл ичинде салт катары жашап келген. Биз андай керунушту Т.Касымбековдун "Баскын" аттуу тарыхый романынан жолуктурабыз. Анда аттары даалайга кеткен алайлык Алымбек датка менен Курманжан датканын бешинчи уулу Камчыбектин трагедиялуу емуру женунде баяндалат. Кералбастардын жалган жалаа кеби менен Камчыбектин суйуктуу аялы Асел айымдын жен жеринен келгиндер тарабынан чачынын кыркып салынышы, урук-аймагынын бетине кара кее сыяктуу так калтырылышы келгиндерди тындым кылууга алып келген. Натыйжа Камчыбектин елуму менен аяктайт. Демек, бул жерде кичинекей гана чач адам баласынын турмушун чектеп койду. Бул кыргыз аялынын намысын сактоо болуп эсептелинет.

Убакыттын етушу менен, азыркы мезгилде да карылар: "чачыц кыркпа, чачты кыркуу емуруцду кыркуу менен барабар" - деп какшап келишет. Ал эми боюнда бар аял чачын кыркса, болочок перзентинин емурун кыркуу менен тец деген кеп да айтылып журет.

Ошондой эле таралган чачтан чыккан калдыгын куйгузбе, кегеруп турган дарактын тубуне кемуп кой дешет карылар. Баш жуугандан соц суусун тепсендиге текпе, шайтандар тепсеп, башыц ооруп калат дешет. Ал эми илгертеден бери кыздын уй тутумун, тазалыгын колдонгон тарагынан билишкен. Эгер тарагында чач калып калган болсо, андан жакшы уй кожойкеси чыкбашы бышык деп билишкен.

Демек элибиз чачка аябай маани берип келерин биз жогорудагы мисалдардан байкап кердук. Ошондуктан да эл арасында темендегудей табышмак жаралган:

Кара кыя устунде, кара токой. (Чач) (Балдар фольклору, 1998, б. 60).

Ал эми "чач" сыяктуу предметти талап кылган алтай элинин табышмагы темендегудей берилди:

Тазылы жок кара агаш. (Чач) (Алтайские загадки, 1981,6. 115).

Бул табышмакты кыргыз тилине которгондо "Кара токой тамырсыз есет" деп тушундурулет. Демек, эки элдин тец табышмагында чач "кара токойго" салыштарылып берилди. Бул салыштыруу тегин жерден эмес. Анткени токой да чач сыяктуу бир мейкиндикте жыш жайгашыи, бирдей есет. Ошону менен бирге аталган табышмактагы салыштырууда "тамыры жок есет" деп берилет. Биз реалдуу турмушта чачтын тамыры токойдун тамыры сыяктуу болбошун жакшы билебиз...

Тиш женунде да эл арасында бир кыйла тушунуктер жашап келет. Эзгече жаш баланын жацы гана чыккан тишине маани беришкен. Бебек тиш жарганда, ara: "Ий, тиши чыгып калыптыр" деп угуза айтпайт, антсе бала сыркоолоп калат деген тушунук бар. Эгер балага тиш чыгууда эц алгач устуцку тиши чыккан болсо, башын тандырга тыгып коюп ырымдаган, ал баланын жаагы узун болуп калат деген ишенимден улам аткарылган.

Элибиз тиштин бекем болушуна кецул бурган. "Тишиц барда таш чайна, тиш тушкен соц аш кайда" деп анын аткаруучу милдетин да, "акактай", "куручтей" деп сыпаттап, сулуулугун да баалаган. "Жумшактан ич оорусу, катуудан тиш оорусу жаман" дешип азабынан коркушкан. Ошол себептуу сеекту качырата тиштеген иттин тишиндей катуу, бекем, курч тиш чыксын учун ырымдап баланын сут тиши тушкенде:

Сут тишимди ал,

Азуу тишиц мага бер.

Жаман тишим сен ал,

Жакшы тишиц мага бер - деп нанга opon итке берген же болбосо, уйдун тамына ыргытып койгон (Мурзакметов, 2005, б. 58). Бекемдигине суктанганы менен, иттин тишинин арсайып турганын байкап, нанды таштап жатып: "Теше тишиц езуц ал, куруч тишиц мага бер" же "Куруч тишиц мага, балта тишим сага" деп айтат. Тубу бекем тиш чыксын деп сут тишти камыштын арасына да ыргытышкан. Ал эми тегиз чыгышы камсыз болсун учун тушкен тиштер боз уйдегу чийдин арасына кыстарылган. Мына ушундай тушунуктер эл арасында темендегудей табышмактын жаралышына туртку болгон:

Бир текче,

Бир текчеде жыш мыкча,

Биз-биз, биз элек,

Отуз эки кыз элек,

Бир тактага тизилдик,

Бирден-бирденузулдук. (Тиш) (Балдар фольклору, 1998, б. 61).

Ал эми алтай элинде тиш женунде темендегудей табышмак айтылып келет:

Уйде тизулу быштак туру. (Тиш) (Алтайские загадки, 1981,6. 117).

Аталган эки элдин тец табышмагында тиштин ак экенин быштак сыяктуу нерсеге салыштырылып берилди. Ал эми тиштин катар иреттуу жайгашкандыгы женунде: "бир тактага тизилдик" жана алтай элинин табышмагында "уйде тизилип турук" деген саптар менен алмашылды. Демек, эки элдин тец табышмагы негизинен бирдей деп атоого болот.

Жыйынтыктоо

Жыйынтыктай келеек, кыргыз жана алтай элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгында езгече орунга ээ болгон табышмактарында толгон-токой жалпылыктар кезигет. Мындай жалпылыктар эки элдин турмушундагы чарба жургузуу, дуйне таануу, ой жугуртуусундегу окшоштуктардан улам жаралгандыгы шексиз.

Пайдаланылган адабияттар

Абдимиталии уулу, Н., & Жаиаралиев, Ш. (2023). "Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" сездугунде ат жабдыктарына байланышкан сездер". Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (3), 131-142. https://doi.org/10.52754/16948610 2023 3 17. EDN: WYGHTD.

Алтайские загадки. Алтай Табышкатар. (1981). Сост., автор перевода, пред. и комм. К.Е.Укачина. Горно-Алтайск: Горно-Алт. отд-ние Алт. кн. изд-ва.

Балдар фольклору. (1998). 20-т. Тузг. Г. Орозова. Бишкек: Шам.

Жолдошова, К. (2023). "Кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырдын терелушуне байланыштуу мотивдердин салттуу берилиши". Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, 1(1), 38-45. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874 2023 1(1) 5

Кайыпов, С. (2022). "Табышмак айтышуу этнофольклордук журум катары". Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана, №10, 176-181. DOI: https://doi.org/10.26104/NNTIK.2022.20.80.038

Карасаев, X. (1982). Накыл сездер. Фрунзе: Кыргызстан.

Мурзакметов, А. (2005). Кыргыз ырым-жырымдары. Ош.

Табышмактар. (2002). Туз. К.Ибраимов, А.Акматалиев. Бишкек: Шам.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.