ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№1(1)/2023, 1-11
УДК: 811.512.1
DOI: 10.52754/16948874 2023 1(1) 1
"ДИВАН ЛУГАТ AT-TYPKT0" КЕЗДЕШКЕН МУЗЫКАЛЫК ТЕРМИНДЕР
МУЗЫКАЛЬНЫЕ ТЕРМИНЫ ПО ДАННЫМ "ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТУРК" МАХМУДА
КАШГАРИ
MUSICAL TERMS ACCORDING TO "DIVAN LUGAT AT-TURK" BY MAHMUD
KASHGARI
Абдимиталип уулу Нурсултан
Абдимиталипуулу Нурсултан Abdimitalip uulu Nursultan
PhD, окутуучу, Ош мамлекеттик университети
PhD, преподаватель, Ошский государственныйуниверситет PhD, Lecturer, Osh State University nabdimitalipuulu@oshsu.kg
_ORCID: 0009-0002-1689-0741_
Жапаралиев Шербол Жапаралиевич
Жапаралиее Шербол Жапаралиевич Zhaparaliev Sherbol Zhaparalievich
PhD, окутуучу, Ош мамлекеттик университети
PhD, преподаватель, Ошский государственныйуниверситет PhD, Lecturer, Osh State University shj aparaliev@oshsu.kg ORCID: 0000-0002-1009-4093
"ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТУРКТ0" КЕЗДЕШКЕН МУЗЫКАЛЫК ТЕРМИНДЕР Аннотация
XI кылымда жашаган улуу турк тилчи жана ойчул Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" аттуу энциклопедиялык эмгеги турк тили менен адабиятынын, турк элдеринин тарыхы жана географиясы боюнча жазылган эц байыркы эмгектердин бири. Ошондой эле аталган эмгек турк элдеринин маданияты жана этнографиясы боюнча негизги булактардын бири. "Диван Лугат ат-Турк" турк элдеринин бай материалдык жана руханий баалуулуктары тууралуу, анын ичинде орто кылымдагы турктердун музыкалык маданияты боюнча да кызыктуу этнографиялык маалыматтарды берет. Бул эмгекте биринчи жолу ыр, куу, кошок, айтыш сыяктуу обонду билдирген тушунуктер айтылып, ошол мезгилдин кээ бир уйлеме, чертме кылдуу жана урма аспаптарда ойнолгон музыкалык аткаруу женунде маалыматтар берилген. Алсак, Махмуд Кашгари ез эмгегинде ошол доордун башка кылдуу аспаптары кобуз, икеме/эгеме, ченг/чонг/чуц жана бучы сыяктуу аспаптары, турктердун кеене уйлеме аспаптары сыбызгу, боргуй жана урма аспап болгон товыл женунде да маалымат берет. Макалада "Диванда" кездешкен музыкалык терминдер азыркы кыргыз тилиндеги жалиылыктары менен салыштырылып каралды.
Ачкыч свздвр: "Диван Лугат ат-Турк", музыкалык терминология, кобуз, кыргыз музыкасы, культурогенез.
МУЗЫКАЛЬНЫЕ ТЕРМИНЫ ПОДАННЫМ "ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТУРК" МАХМУДА КАШГАРИ
Аннотация
Энциклопедический труд великого тюркского лингвиста и ученого Махмуда Кашгари, жившего в XI веке, "Диван Лугат ат-Турк" является одним из древнейших произведений, написанных по тюркскому языку и литературе, истории и географии тюркского народа. Также данный труд является одним из основных источников по культуре и этнографии тюркских народов. В частности "Диван Лугат ат-Турк" дает интересные этнографические сведения о богатых материальных и духовных ценностях тюркского народа, в том числе о музыкальной культуре средневековых тюрков. В данной работе впервые упоминаются такие понятия, как песня, мелодия, плач, песни, так же упоминаются некоторые духовые, струнные и ударные инструменты того периода, приводятся сведения о музыкальном исполнительстве. В словаре упоминаются струнные инструменты той эпохи, такие как кобуз, икеме/егэмэ, чэн/чонг/чунг и бучи. В своей работе Махмуд Кашгари также предоставляет информацию о турецких духовых инструментах: сыбызгу (свирель), боргуй (труба) и ударных инструментах такие, как товыл (барабан). В данной статье музыкальные термины, встречающиеся в "Диване", сопоставлены с музыкальной терминологией современного кыргызского языка.
Ключевые слова: "Диван Лугат ат-Турк", музыкальная терминология, кобуз, кыргызская музыка, культурогенез.
MUSICAL TERMS ACCORDING TO "DIVAN LUGAT AT-TURK" BYMAHMUD KASHGARI
Abstract
The encyclopedic work of the great Turkish scholar and lexicographer Mahmud Kashgari, who lived in the 11th century, "Divan Lugat at-Turk" is one of the oldest works written on the Turkic language and literature, history and geography of the Turkic people. Also, this work is one of the main sources on the culture and ethnography of the Turkic peoples. In particular, "Divan Lugat at-Turk" provides interesting ethnographic information about the rich material and spiritual values of the Turkic people, including the musical culture of the medieval Turks. In this work, such concepts as song, melody, lament, songs are mentioned for the first time, some wind, string and percussion instruments of that period are also mentioned, and information about musical performance is provided. The dictionary mentions stringed instruments of that era such as kobuz, ikeme/egeme, cheng/chong/chung and buchi. In his work, Mahmud Kashgari also provides information about Turkish wind instruments: sibyzgu (pipe), borguy (trumpet) and percussion instruments such as tovyl (drum). In this article, the musical terms found in "Divan" are compared with the musical terminology of the modern Kyrgyz language.
Keywords: "Divan Lugat at-Turk", musical terminology, kobuz, Kyrgyz music, cultural genesis.
Киришуу
Байыркы жана орто кылымдагы турк элдеринин тарыхын, тилин жана маданиятын изилдееде кеп сандаган тарыхый маалыматтарга таянабыз. Алар кытай, араб-перс, грек-латын, армян тилдеринде жазылган тарыхый жазма булактар болуп саналат. Жогоруда эскерилген жазма булактардын авторлору ал тилдерде жазган элдер экендиги анык. Евразиянын учу-кыйырсыз талааларын мекендеген турк элдери менен тарыхтын кеене мезгилдеринен бери коцшулаш жашап, кечмендер тууралуу ат кетергус маалыматтарды жазып калтырышкан. Жалпы турк элдеринин тарыхын изилдееде башка тилде жазылган тарыхый маалыматтардан башка ез эне тилибизде да жазма булактар кездешет. Алар Орхон-Енисей, Алтай, Талас, Кочкор жана Казакстан менен Эзбекстанда табылган байыркы турк жазма эстеликтери, байыркы уйгур жазмалары. Ал эми Борбордук Азияда Ислам дининин жайылышы менен араб ариби менен жазылган Жусуп Баласагындын "Кутадгу Билиг" эмгеги менен Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" сездугу жалпы орток тарыхыбыздын эц аздектелген эмгектеринин кеч башында. Байыркы жана орто кылымдарда теги турк инсандар тарабынан жазылган тарыхый маалыматтар езунун аутенттуулугу менен айырмаланып, тил, тарых жана маданиятыбызды изилдееде мааниси абдан зор. Биринчиден бул эстеликтердин авторлору турк тилинде суйлешкен жана турктердун маданиятын эц жакындан тааныган инсандар. Дал ушундай инсандардын бири карахандар доорунун дацазалуу аалымы Махмуд Кашгари езунун "Диван Лугат ат-Турк" эмгегинде мындай дейт: "Мен алардын (турктердун) арасынан эц свзгв чечены, билимдуусу, тектуусу жана ыктуу найзачысымын. Мен турк, туркмен, огуз, чигил, ягма жана кыргыздардын шаарлары менен талааларын кыдырып, алардын тили менен ырларын уйрвндум. Уруулардын тилдерин жатык уйрвнуп, аларды (китебимде) чебер тизме менен бердим" (ДЛТ, 2005, б. 54). Жогорудагы мисалга таянып Махмуд Кашгари эмгегин жазууда лингвистикалык ыкмаларды кецири пайдалангандыгын байкайбыз. Деги эле "Диван Лугатта" берилген мисалдардан улам Махмуд Кашгарини алгачкы тилчи, диалектолог деп атоого негиз бар.
Материалдар
Турк элдеринин оозеки чыгармачылыгын жана музыкасын изилдееде Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" сездугу маанилуу тарыхый булак болуп эсептелет. Байыркы жана орто кылымдардагы турк элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгы жана музыкалык маданияты женунде тарыхый маалыматтар абдан аз. Кечмендерду жакындан тааныган кытайлардын тарыхый жазма булактарындагы узул-кесил маалыматтарды эске албаганда музыкасы боюнча маалыматтар жокко эссе. Ал эми Махмуд Кашгаринин "Диванында" турктердун музыкалык маданиятына байланыштуу маалыматтар терецирээк берилген. Алсак, сездукте турктердун арасында кецири жайылган ырлар, кошоктор, музыкалык аспаптардын аталыштары кездешет. Бул макалада "Диван Лугатта" орто кылымдагы турктердун музыкалык маданиятына байланышкан маалыматтарды иргеп керсетуп, аны кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы менен салыштырып, экеенун ортосундагы окшоштуктарды жана жалпылыктарды керсеткенге аракет кылдык. Макаланын авторунун Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" эмгегиндеги кездешкен карахандардагы баланын терелушуне байланышкан ишенимдер тууралуу маалыматтарды кыргыз элинин баланын терелушуне байланышкан каада-салт цикли, "Диванда" кездешкен
фольклордук элементтер менен кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы жалпылыктар, карахандардагы ат жабдыктар терминологиясы менен кыргыз элинин жылкычылык терминологиясын салыштырып караган макалалар жарык керген (Абдимиталип уулу, 2022, бб. 126-132; Абдимиталип уулу, 2023а, бб. 101-106; Абдимиталип уулу, 20236, бб. 131-142).
Анализ
"Диван Лугатта" ыр (йыр) деген сез кездешип, мааниси лирикалык ыр дегенди билдирет (ДЛТ, 2005, б. 743). Махмуд Кашгари бул сез менен кошо "Ол йыр (ыр) йырлады" деген суйлемду мисал келтирет. "Ал ыр ырдады" деп которулат. Ал эми йырагу деген сез "ырчы" да, "музыкант" да маанисинде берилет (ДЛТ, 2005, б. 768). Салыштыруу учун бугунку казак тилинде ырчыны жырау деп аташат.
Ал эми кыргыз тилинде ыр сезу байыркы аталышы менен маанисин езгеруусуз сактап калган (КРС, 19856, б. 435). Кыргыз элинин руханий байлыгынын туу чокусу болгон "Манас" эпосунда "Жалац уйдун борумун, Жарым кунче ырдаган" Жайсац ырчы менен кырк чоронун бири, "тебетейи чоктуу кул, айтар сезу шоктуу кул" Ырамандын Ырчыуул деген каармандар кездешип, ырчылык милдетти аркалашкан. Ырчыуул Манастын эрдиктерин ырга салып, дацазалаган, кийин Семетейге да кызмат кылган колдон келген кемегун керсетет. Казак окумуштуусу Ч.Валиханов езунун 1856-жылы жазган "Отчет поездки на Иссык-Куль" деген макаласында Ысык-Келге болгон саякатында кара кыргыздардын бир ырчысы (рчи) менен жолуккандыгын жана ал ырчынын "Манас" дастанын айта билгендигин жазып кеткен (Валиханов, 1984, б. 327). В.Радлов болсо кыргыздар ырчылык енерду искусствонун туу чокусу катары бааларын, ошондуктан элдик оозеки чыгармачылык кыргыздарда абдан енуккендугун баса белгилейт. Алар элдик дастандар, макалдар, кошоктор, уйленуу тоюнда ырдалчу ырлар ж.б. болуп, эл арасында кецири таралган жана ар дайым урматтоо менен кабыл алынгандыгын эскере кеткен (Радлов, 1885, б. 4). Ал эми кечээ жакында эле жашап етушкен Жецижок, Токтогул, Арстанбек ж.б. ырчылардын санат, насыят, ашыктык ырлары кагазга тушурулуп, кунубузге чейин сакталып калган.
"Диван Лугатта" кошуг сезу кездешип, "ыр, поэзия" маанисин билдирген (ДЛТ, 2005, 356). Махмуд Кашгари эмгегинде кошугтан терт сап ыр мисал келтирет:
"Алп эр Туца елди му, Алп эр Туца елдубу?
Ысыз ажун калды му Жалган дуйне калдыбы?
0злек ечин алды му, Тагдыр ечун алдыбы?
Эмди йурек йыртылур Эми журек жыртылат" (ДЛТ, 2005, б. 80).
Туркиялык тарыхчы Бахаеддин Эгелдин ою боюнча Алп Эр Туца ирандыктардын мифологиясындагы Афрасияб женундегу ацыздар турк уламыштары менен биригуусунун натыйжасында дастанга айланып кеткен (Ogel, 1995, б. 6).
Ал эми кыргыздардын оозеки чыгармачылыгында кошок жанрынын енуккендугун бул жанрдын кунубузге чейин жашап келуусу менен гана чектелбестен, дагы деле колдонулуп, улантылып жаткандыгынан биле алабыз. Адам баласынын дуйнеден кайтуусу кайгылуу иш болуп, анын туугандарын, жакын адамдарын екутке салып, куйутке батырат. Албетте, куйутун кез жаш менен чыгарууга, эмоционалдык оор абалды жецилдетууге аракет кылуунун натыйжасында елген адамды ый менен узатуу адаты пайда болгон. Бир гана ый менен
чектелбестен каза болгон адамдын жакындары анын жашоосундагы жаркын элестерди, жакшы сапаттарын эскерууге, аны мактап-жактап, "арбагын кетерууге" аракет кылышат. Натыйжада, каза болгон адамдын мурзесунде аны мактаган, дацктаган эскеруулерду жазуу салты келип чыккан. Бул дуйнедегу кеп элдерге тараган. Анын айкын ернегу болуп байыркы египет пирамидаларында фараондорго арналып жазылган жазуулар, байыркы Ирандагы Бехистун аска бетиндеги жазуулар, турк кагандарына арналып жазылган орхон-енисей жазма эстеликтери ж.б. эсептелет. Ал эми жазуусу жок элдер бул боштукту оозеки чыгармачылык менен толуктоого аракет кылган. Алардын ичинде кыргыздарда бул онер бизге кошоктор турунде жетип келип, кунубузге чейин жашоосун улантып келууде. Кошок кошуу, каза болгон инсандын эрдиктерин дацазалоо, аны эскеруу, ara сый-урмат кылуу менен мамиле жасоонун элементтерин биз орхон-енисей жазма эстеликтеринен коре алабыз. Култегин, Билге-каганга, Барсбекке арналып жазылган жазма эстеликтер кошоктун туру катары кабыл алсак болот (Малов, 1951, б. 12). Ал эми С.Г. Кляшторныйдын ою боюнча байыркы турк жазуулары жанрдык езгочелугу боюнча алтыга белунеерун керсетет. Анын ичинен кошок жанрына жакын деп тарыхый-биографиялык жазма эстеликтер же башкача айтсак, турк, уйгур, кыргыз элитасынын емур баяны, алардын ишмердуулуктеру жазылган эстеликтерди белгилейт. Аларга, Кошо-Цайдам, Тоньюкук, Кули-Чур, Карабалгасун, Суджи ж.б. жазма эстеликтерин кошот(Кляшторный, 1964, бб. 53-54).
Кошок жанры эпостордо кецири кездешуу менен чектелбестен, езунче жанрга айланып кеткен. Кошокту негизинен аялдар кошкон. Атайын кошокчу аялдар болуп, алардын арасында бул онерду экинчи кесип кылып, профессионалдык децгээлде айта билгендер болгон. Алсак, токмо акын, комузчу Токтогул Сатылгановдун энеси эл ичинде кошокчу катары таанымал аял болгон. "Манас" эпосунда баатырлар елгенде жесирине тул салдырып, алтымыш аял кошокчу кошуп берип, аза куткону айтылат. Мисалы, Манас елгондо "Алтымыш катын кошокчу, Тул тубунде Акылай, Баягы, кайран жецец Каныкей, Боздоп турду буркурап, Кошуп эле турду чыркырап" деген саптар кездешет. Кыргыз элинде кошоктун бир нече туру болгон. Алсак, жоктоо, аза, арман, угузуу, кыз узатууда кошулчу кошок деген сыяктуу турлеру кезигет. Тарыхый кошоктордон "Ормондун кызынын кошогу", "Курманжан датканын Алымбек датканы жоктогону", "Балбайдын уулу Байгашка кошкон кошогу", "Токтогул Жецижок ырчыны жоктогону" ж.б. кошоктор белгилуу (Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар, 2002). Бул кошоктордун дээрлик баарында каза болгон адамдын жашоосунда кылган эрдиктерин, жакшы иштерин, мунезунун жакшы жактарын эскеруу менен коштолгон. Кыргыздарда оозеки кошоктордон башка кошок куулер кездешет. Аларга, "Сынган бугу", "Тегечу", "Ак кочкор, Кацкы", "Кулойрон", "Керимбай кулунум", "Кекей кести" ж.б. куулерду айтсак болот. Бул кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында кецири кездешкен кошок жанрынын ар тараптуулугунан кабар берет. Кунубузде кошок жанрыны мыкты ернектеру катары текме акын Ысмайыл Борончиевдин Алымкул Усенбаевди жоктогон "Кош Алымкул" кошогу, ал эми азыркы акындардан Элмирбек Иманалиевдин Чыцгыз Айтматов кез жумганда кошок кошуп ырдаган "Чыцгыз елбес болсочу" аттуу кошоктору классикалык кошоктордун катарын орун таба алды.
Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" сездугунде айтыш сезу кездешип, мааниси "эки кишинин бири-биринин ал-акыбалын сурашуусу" дегенди билдирген (ДЛТ, 2005, б. 141). Айтыш енеру кыргыз менен казак элинде сез менен суроо-жооп турунде болуусу менен айырмаланса, анатолиялык турктерде ашыклар атышмасы (ati§ma) деген ат менен белгилуу.
Айтыш - ырчылардын, чечендердин ез чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо учун ез ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында енуккен жанр. Ал адат-салт айтыштары жана акындар айтыштары болуп эки чоц топко белунет. Ал экое ез кезегинде мазмун жана форма жагынан бири биринен айырмаланган турлерден турат. Адат-салт айтышына: бадик, кайым, сармерден, кыз-жигит айтышы, акыйнекж.б. кирет. Алэми акындар айтышынана: алым-сабак, табышмак, кордоо, учурашуу. Тарыхта чечендердин айтыштары да болгондугу белгилуу. Келип чыгышы жана енугушу жагынан айтыш жанры байыркы урп-адат, ырым-жырымдарга байланышып, элдик турмушту кенен чагылдырган децгээлге чейин жеткен. Айтыш енеру казак-кыргызда аябай жогору бааланып, бул эки элдин акындарынын айтыштары аябагандай принципиалдуулугу менен айырмаланып, кепчулук аш-тойлордо акындарсыз маараке етчу эмес.
Ал эми кыргыз-казактардын айтыш енеру акындардын бири-бири менен алым-сабак, суроо-жооп, табышмак айтышуусу менен еткен. Чокан Валиханов казактарда ар бир урууда ез уруусунун атка минерлерин дацазалап, мактаган жамакчы, текме акындардын болоорун жазган (Валиханов, 1985, б. 70). Кыргыздарда деле ушул керунуш болуп, ар бир уруунун ез акындары жана жалпы элдин суйменчулугуне татыган текме акындар, шайырлар болгон. Алардын эц керунуктуулеру Арстанбек Бойлош уулунан башталып, Жецижок, Токтогул, Коргол, Барпы, Осмонкул, Алымкул, Эстебес, Тууганбайлардан кийин азыркынын ак тавдайлары Замирбек, Элмирбек, Жецишбек, Аалы, Азамат сыяктуу акындар бул енерду жашатып келишууде. Акындар элдин оюн, мудеесун аткаминерлерге, ханга жеткирген ортомчулук милдетти аркалашкан.
"Диван Лугатта" импровизациялуу турде кошуп ырдоону билдирген кошды сезу кездешип, мааниси "бириктируу, кошуу" жана "керкемдеп ыр чыгаруу" дегенди туюнткан (ДЛТ, 2005, б. 494). Кыргыз акындарынын арасында жамакчылык, кошуп ырдоо импровизациялоонун бир туру катары каралып, жогору бааланган. 2001 -жылы Кыргызстанда текме акындарга колдоо керсетуу максатында "Айтыш" фонду тузулсе, 2008-жылы кыргыз-казак акын-импровизаторлордун бул енеру ЮНЕСКОнун "Материалдык эмес мурастардын тизмесине" кирген. Орто кылымдагы караханилер доорунда жазылган сездуктегу айтыш сезунун кунубузде кыргыз элинде жашоосу жана еркундетулуп жатышы кыргыз элинин культурогенезин изилдееде маанилуу булактардан болуп кала бермекчи.
Элдик оозеки чыгармачылыгыбызда байыркы жанрларынын бири каргыш болуп эсептелет. Каргыш адамдын кунумдук жашоо процессинде турмуштук бир кырдаалдан (жек керуу, еч алуу, ич куйуу, ардануу) улам келип чыккан психикалык абалынын курчушун керсетет. Адатта каргыштын келип чыгышына кунум ар кандай окуялар себепкер болушу мумкун. Каргоо же болбосо каргыш жанры дуйнеде кеп элдерде кездешет. Анын ичинде Борбордук Азиядагы турк элдеринде да бул жанр кецири тараган. Кыргыздардын оозеки чыгармачылыгында каргыш эпостордо, ырларда, жомок жана уламыштарда кездешет. Ал эми тарыхый булактардан "Диван Лугатта" да каргыш сезу кездешип, кыргыз тилиндеги эле маанини билдирет (ДЛТ, 2005, б. 429). Каргыш сезу сыпат катары да колдонулуп, каргыш киши "каргышка калган киши" дегенди билдирген.
Кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында да каргыш жанры кеп учурайт. Эпостордо айрым учурларда каргыш маанилуу роль ойнойт. "Кожожаш", "Карагул ботом" дастандарында табиятка зыян келтирип, кайберендерди тугел кырып салган мергендерди
кайберендердин пири Сурэчкинин каргышынан ажал тапканы, Курманбек баатыр атасы Тейитбектин каргышына калып, жоо колунан мерт болушу кыргыздардын каргышка ете терец маани бергендигин керсетуп турат. Кыргыздарда каргыш адамдын емуруне гана эмес урукка таасирин тийгизип кое алаары санжыраларыбызда сакталып калган. Кыргыздардагы бугу уруусунун колдоочусу деп эсептелинген Муйуздуу-эне женундегу уламыштарда Бугу-эненин Ысык-Келдегу арык уругунун кеп сандуу болуп калышы, ала эми карамырза, асанмырза уруктарынын аз сандуу болуп калышы аларга муйуздуу эненин каргышы тийгендиги менен байланыштырышат. Бул кыргыздарда каргышка маани берип, каргыштын бир эле адамдын тагдырын эмес, бутундей уруктун тагдырын езгерте алат деген ишенимин керсетуп турат (Кыргыздар, 1993, б. 515).
Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат" сездугунде кыргыз элинде кецири таралган эмгек ырларынын издерин кере алабыз. Маселен, сездукте on сезу кездешип, аргулардын тилинде "эгин бастырууда пайдаланылганегуз" деген маанини билдирген. Ушул эле on, on деген сезду турктер мудурулген эшекти бастыруу учун колдонушкан (ДЛТ, 2005, б. 73). Ал эми кыргыз элинде эгин бастырууда "Оп, майда" деген эмгек ырынын болгондугу белгилуу (Кыргыз поэзиясынын антологиясы, 1999, б. 64).
"Диван Лугатта" сак сак деген сез кездешет. Мааниси, "чеп кайтарууда же болбосо жылкы кайтарууда колдонулган сез. "Сак бол!" дегенди билдирип, сергек кишини сак эр деп аташкан (ДЛТ, 2005, 324). К.Юдахин тузген "Кыргызча-орусча сездукте" бекбекей сезунун мааниси "жайында короо кайтарган кыз-келиндердин ыры" жана "короо кайтарганда колдонулуучу кыйкырык" деп белгилеген (КРС, 1985а, 125).
Бекбекей - байыркы салттык эмгек ырларынын туруне кирип, короо кайтарууда колдонулган. Анын пайда болуусу кечмен мал чарбачылык жашоо образынын шарттарынын натыйжасы дей алабыз. Бул байыркы эмгек ыры женунде алгачкы маалымат берген Г. Загряжский кечинде короо кайтарган кыздар тац аткыча карышкырларды койлорго келтиртпее учун ырларды ырдап, кыйкырып чыгышаарын жазган (Дюшалиев ж.б., 1999, б. 33). "Бекбекей" ырында мындай саптар кездешет:
"Ала байтал Бекбекей,
Айкалышкан Саксакай.
Бекбекей качты, бел ашты,
Саксакай кууп адашты.
Бекбекей ашты бел ашты,
Саксакай ашты сак ашты.
Саксакай айткан муцайым,
Сак кайтарчы, кудайым.
Бекбекей айткан муцайым,
Бек кайтарчы, кудайым.
Койдун суту коргошун,
Кой уурдаган оцбосун" (Кыргыз поэзиясынын.., 1999, бб. 38-40).
Бул ыр саптардан биз орто кылымдардагы караханилер доорундагы турктердун кароолдо, мал кайтарууда ууру-беруден сактануу учун колдонгон методдору кийин кыргыздарда да колдонулуп, анын салттык эмгек ырларынын децгээлине чейин кетеруле алгандыгын кере алабыз. Орто кылыдардагы караханилер менен кыргыздардын ортосундагы
байланыш, маданий окшоштуктар кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында кецири кездешиши бул маданий байланыштын ете терец болгондугунан кабар берет.
"Диван Лугат" сездугунде орто кылымдардагы караханилердин музыкасы женунде маалыматтар кездешет. Алсак, сездукте квгледи деген этиш сезу кездешип, "ырдоо" деген маанини билдирет (ДЛТ, 2005, б. 656). Бул сез менен кошо эр квгледи - "эр ырдады" деген мисал берилген. Азыркы кыргыз тилинде куу сезу "обон, музыкалык мотив" деген бир маанини билдирет (КРС, 1985а, б. 472).
Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат" сездугунде кубуз сезу "удга окшош, кылдуу музыкалык аспап" дегенди билдирет (ДЛТ, 2005, б. 347). Сездуктун башка жеринде купзады, ол кубуз купзады "ал комуз чертти" деген ернек кездешет (ДЛТ, 2005, б. 954). Комузчу тууралуу маалымат кубузлуг киши "комуздуу, комузу бар киши" деген сезден даана керунет (ДЛТ, 2005, б. 458). XI. кылымда караханилерде кобузду бир эле эркектер эмес, аялдардын колдонгондугу сездукте кездешкен кызлар кубзашды "кыздар комуз чертишти" деген сезден кере алабыз (ДЛТ, 2005, б. 631). Ал эми комуз чертишуу, жарышуу сыяктуу мисалдарды кыргыз элинде кецири тарап, белгилуу комузчулардын комуз чертиштеринен Майлыбай менен Ниязаалынын, Муратаалы менен Карамолдонун чертиштери эл оозунда сакталып кала берген (Алагушев, 2005). Сездукте комуздун бучы кубуз деген туру женунде да маалыматтар кездешип, бул аспаптын езгечелугу унунун шацдуу чыгышы менен айырмаланган (ДЛТ, 2005, б. 870). Турк элдеринде тартма, кылдуу жана какма кобус (хобус), кобус (хомуз), кумуз деп аталган аспаптар бир канча туру болгон. Бул аспаптар чыгышы якуттардан тартып батышы Анатолиядагы турктердун колдонгон музыкалык аспабы болуп эсептелет (0§е1, 1987, бб. 237258). Бул комуздун эц байыркы музыкалык аспап экендигин далилдейт.
Ал эми кыргыздарда эц кецири тараган музыкалык аспап катары комузду айта алабыз. Комуз ерук, алмурут карагай, арча жапан, тал ецдуу экме жана жапайы жыгачтардан чабылат. Жалбырактары кубулген жана мемесу бышкан кезде кыйылган жыгач сомдолуп, сууга кайнатылып, анан ышталган. Комуз баш, моюн, тулку, чара, калпак, тепкек, уч кулак, уч кылдан турат. Кулагы еруктен, арчадан же муйузден жасалат, ал эми кылы кебунче эки тиштуу кыргыз койлорунун ичегисинен бир кыл гана жасашкан. Ал женунде "Манас" эпосунда да маалыматтар кездешет. Эпосто Манасты ез туугандары Кезкаман, Кекчекездер ууландырып, елтурмекчу болгондо алардан качып чыгып, уцкурге жашынып калат. Ал жерде ооруп жатканда чоролору Сыргак менен Серектен комуз чаап беруусун етунуп мындай дейт:
"Ак талдан комуз чабыцар,
Арчадан капкак чабыцар.
Чарасын терец оюцар,
Тепкесин бийик коюцар.
Туу аркар кылын тагыцар,
Туурасынан кагыцар" (Манас, 2010, б. 1407).
Бул жерден эпостун башкы каарманы Манастын комуз черте алгандыгы менен бирге комуздун кантип жасалаары тууралуу маалыматтарды алсак болот.
Дуйнедегу элдердин дээрлик баарында эле уйлеме музыкалык аспаптары бар. Алардын ичинде байыркы турктерде жана енисейлик кыргыздарда уйлеме аспаптардын болгондугун кытай тарыхый булактарынан биле алабыз. X кылымда Тан доорундагы эмгектерде енисейлик
кыргыздардын байыркы жана орто кылымдагы тарыхы женунде кээ бир маалыматтар берилген. Тан доорундагы кытай тарых булактарында енисейлик кыргыздарда барабан, флейта, чоор, жалпак коцгуроо, чогойно (дудка) сыяктуу музыкалык аспаптардын болгондугу жазылат (Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана, 2003, б. 35). Ал эми ошол эле доорлордо жазылган "Диван Лугатта" да карахандар доорундагы турктердун уйлеме музыкалык аспаптары женунде маалыматтарды кезиктире алабыз. Алсак, сездукте сыбызгу деген уйлеме аспап женунде маалымат берилет (ДЛТ, 2005, б. 452). О сыбызгу втурду - "ал сыбызгыда ойноду" деген мисалдарды кезиктире алабыз (ДЛТ, 2005, б. 232).
Ал эми кыргыз элинин уйлеме музыкалык аспаптардан чоор, чопо чоор, чогойно, сурнай, керней жана сыбызгыны айта алабыз. Сыбызгы - кыргыздын элдик уйлеме аспаптарынын бири болуп саналат. Чоордон айырмаланып сыбызгы туурасынан кармалып ойнолот. Негизинен тыт, ерук, беру карагат, камыштан жасалып, бир нече жеринде кичинекей тешикчелер болот. Чоорго Караганда ышкырыктуу келип, ар кандай тембрлер, октавалык диапазон мунезуу (Дуйшалиев, 2007, б. 203). Аскердик капельмейстер А.Ф.Эйхгорн сыбызгы (цибыска) тоолук кыргыздарда кебунесе койчулар тартуучу аспап деп мунездейт (Эйхгорн, 1885, б. 6). Сыбызгы женунде маалыматтар "Манас" эпосунда да кездешет. Эпосто Манас Каныкейди алганы куйеелеп бара жаткандагы салтанатта енерпоздор комуз, чоор жана сыбызгы сыяктуу аспаптарда ойногондугу айтылат:
"Сары жыгач кыйдырган,
Саратан кунге койдуруп,
Усталыктан кылдырган,
Отуз жети жигитте
Сыбызгы менен чоору бар" (Манас, 2005, б. 1126).
Ал эми чоор, чогойно, сыбызгыда ойнолуучу куулердун эц белгилуулеру "Бекташ", "Койчулардын коцур куу", "Койчунун арманы" деген сыяктуу куулер жазылып алынып, нотага тушурулген.
"Диван Лугатта" муйузден жасалган уйлеме аспаптардын бир туру катары боргуй деген сез кездешет (ДЛТ, 2005, б. 923). Бул маалымат аркылуу байыркы боргуй аспабы муйуз керней болушу мумкун деп божомолдойбуз. Себеби, кыргыз элинин улуттук аспаптарынын бири муйуз кернейди кошо алабыз. Узундугу 20-40 см. келип, тоо текенин (аркар-кулжанын) ийилген муйузунен жасалган. Бугунку кунде Кыргыз улуттук консерваториясынын фольклордук кабинетинде жалгыз экземпляр сакталып турат. Бул аспапта кичи октавадагы натуралдык шкаладагы башкы ундерду (т.а. до, ре, ми) ойноого болот. Бул сигналдык белгини аткарган аспаптардын катарына кирет (Дуйшалиев, 2007, б. 205). Аскердик капельмейстер А.Ф. Эйхгорн Алайлык бир кыргыздан текенин муйузунен жасалган уйлеме музыкалык аспапты сатып алгандыгын эскерет (Эйхгорн, 1885, б. 6). Кыргыздарда боргуй музыкалык аспабынын аталышы кийин перс тилинен кирген керней, сурнай сездеруне алмашып кеткен шекилдуу. Карахандардагы боргуй сезу азыркы хакастарда пыргы, туваларда амырга деп кездешип, ацчылыкта эликти азгырып чакыруу учун уйлеп ойноочу муйузден жасалган уйлеме музыкалык аспап.
Дуйнедегу элдердин дээрлик баарында кездешкен, ете байыркы аспаптардын бири доолбас (добул, барабан) болуп эсептелет. Бул аспаптар согушта, ар кандай салтанаттарда колдонулган. Бул аспаптын енисей кыргыздарында кездешээрин жогоруда керсетуп еттук.
Добул "Диван Лугатта" товыл турунде кездешип, куш салганда колдонулуучу урма аспап маанисин берет (ДЛТ, 2005, б. 864). Бул кыргыздарда добул турунде кездешет. Добул - усту алкакка керилип, теенун терисинен жасалган анча чоц эмес, урма аспап. Добулбас менен доолдун бир туру. Аны колго алып журуп ойносо да, атчан жургенде ээрдин кашына илип коюп ойноого да болгон. "Манас" эпосунда добулбастын жасалышы боюнча маалыматтар берилет:
"Жезден кылып койдурган,
Бил терисин чойдурган,
Каптатып билдин терисин
Каккан болсо кечурет
Маргалавдын керисин
Узундугу уч кулач,
Унун уксац оолак кач,
Жоондугу уч кучак,
Доолбасын карап бак.
Казандай курсу алганы,
Кагарда чабат балбаны,
Жаман-жуман тамдардын,
Чыгуучу экен далдалы" (Манас, 2010, б. 837).
Кыргыздарда добул куш салганда, суу куштарын уркутуу учун колдонулат. Мындай добулдар Туштук Сибирдеги элдерде шамандын куралы катары белгилуу.
Корутунду
Жогоруда келтирилген мисалдардан керунуп тургандай орто кылымда жашаган турктердун музыкалык маданияты бир кыйла жогорку децгээлде болгон. Салттуу маданиятыбызды изилдее учун тарыхый жазма маалыматтар, археологиялык-этнографиялык булактар жана лингвистикалык каражаттарды пайдаланып, маданиятыбыздын уюткусун аныктоо зарыл. Мындай изилдеелерде Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" эмгеги илимпоздор тарабынан ар тараптуу изилдеенусу керек. Бул багыт дагы деле ез изилдеечулерун кутууде.
Пайдаланылган адабияттар
Абдимиталип уулу, Н. (2022). "Обычаи, связанные с рождением ребенка у средневековых караханидов и современных кыргызов". Вестник Ошского государственного университета, (3), 126-132. https://doi.org/10.52754/16947452 2022 3 126. ББК:
Бимоту.
Абдимиталип уулу, Н. (2023). "О некоторых фольклорных элементах в словаре Махмуда Кашгари "Диван Лугат ат-Турк". Вестник Ошского государственного университета, (2), 101-106. https://doi.org/10.52754/16948610 2023 2 12. ББК: ЬКРОУБ.
Абдимиталип уулу, Н., & Жапаралиев, Ш. (2023). "Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" сездугунде ат жабдыктарына байланышкан сездер". Ош мамлекеттик
университетинин Жарчысы, (3), 131-142. https://doi.org/10.52754/16948610 2023 3 17. EDN: WYGHTD.
Аль-Кашгари, Махмуд. (2005). Диван Лугат ат-Турк. Перевод, предисловие и комментарии. 3.-А. М. Ауэзовой. Индексы составленыР. Эрмерсом. Алматы: "Дайк-Пресс".
Валиханов, Ч.Ч. (1984). Собрание сочинении в пяти томах. Том 1. Алма-Ата: Главная редакция Казахской советской энциклопедии.
Валиханов, Ч.Ч. (1985). Собрание сочинении в пяти томах. Том 2. Алма-Ата: Главная редакция Казахской советской энциклопедии.
Дуйшалиев, К. (2007). Кыргызэлмузыкасы. Бишкек: "Шам".
Дюшалиев, К., и Лузанова, Е. (1999). Кыргызское народное музыкальное творчество: учеб. пособие. Бишкек: Фонд "Сорос Кыргызстан".
Киргизско-русский словарь. (1985). 1-книга, А-К. Под.ред. К.К. Юдахина. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.
Киргизско-русский словарь. (1985). 2-книга, Л-Я. Под.ред. К.К. Юдахина. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.
Кляшторный, С.Г (1964). Древнетюркские рунические памятники как источник по истории СреднейАзии. Москва: "Наука".
Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт. (1993). ТузгенК. Жусупов. Бишкек: Кыргызстан.
Кыргыз поэзиясынын антологиясы. I том. (1999). Тузген К. Жусупов. Бишкек: "Кыргызстан-Сорос" фонду.
Малов, С.Е. (1951). Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования. Москва: Издательство Академии наук СССР.
Манас кыргыз элинин баатырдык эпосу. (2010). С.Орозбаковдун варианты боюнча. Туз. С. Мусаев, А. Акматалиев. Бишкек: Хан-Тенир.
Мукамбаев, Ж. (2009). Кыргыз тилинин диалектологиялык свздугу: 32 000 жакын свз. Бишкек.
Радлов, В.В. (1885). Образцы народной литературы северных тюркских племен. Собраны В.В.Радловым. Часть V. Наречие дикокаменных киргизов. Санктпетербург: Типография Императорской Академии Наук.
Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуялар. (2002). "Эл адабияты" сериясынын 19-тому. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. Бишкек: "Шам".
Эйхгорн, А.Ф. (1885). Полная коллекция музыкальных инструментов Центральной Азии. Каталог - С-Петербург: Типография Ю. Штауфа (И. Фишона).
Ögel, Bahaeddin. (1987). Türk Kültür Tarihine Giri§ IX. Türk Halk Musikisi Aletleri (Uygur Devletinden Osmanlilara). Ankara: Kültür Bakanligi Yayinlari.