ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№1(1)/2023, 46-55
УДК: 398.224
DOI: 10.52754/16948874 2023 1(1) 6
"ЭР Т0ШТУК" ЭПОСУНДАГЫ МИФОЛОГИЯЛЫК ПЕРСОНАЖДАР
МИФОЛОГИЧЕСКИЕ ПЕРСОНАЖИ ЭПОСА "ЭР ТЁШТЮК" MYTHOLOGICAL CHARACTERS IN THE EPIC "ER TOSHTUK"
Марс кызы Айдана
Марс кызы Айдана Mars kyzy Aidana
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University kamiladastanbayeva@gmail.com
"ЭР Т0ШТУК" ЭПОСУНДАГЫ МИФОЛОГИЯЛЫК ПЕРСОНАЖДАР Аннотация
Макалада кыргыз элинин "Эр Тештук" эпосундагы мифологиялык каармандар каралат. Эмгектин максаты - кыргыз эпосундагы мифологиялык каармандарды белуп керсетуу жана азыркы кыргыз фольклористикасынын учурдагы агымы болгон эпикалык жанрдын езгечелуктерун изилдее. Каралып жаткан кыргыз эиосунун мифологиялык каармандары байыркы коомдордун дуйненун тузулушу тууралуу идеяларынан келип чыккан. Фольклордогу мындай керунуштерду изилдее эпостун жаралуу жана калыптануу процесстерине байкоо жургузууге мумкундук берет. Изилдеенун талдоо системасына ажыдаар, Алп кара куш, Кекдее, Жети баштуу желмогуз, Жалгыз кездуу дее, Чоюнкулак ж.б. образдары кирет. Жогоруда айтылган мифологиялык каармандардын бардык образдары сюжеттин ырааттуу кыймылы менен бир мезгилде изилденет. Мифологиялык образдарды чагылдырууда эпостун генетикалык байланыштарына езгече кецул бурулуп, алардын узак жашоо процессинде акырындык менен езгеруп турушу да баса белгиленет.
Ачкыч свздвр: Эр Тештук, мифологиялык каармандар, маданий катмар, фольклор, эпос.
МИФОЛОГИЧЕСКИЕ ПЕРСОНАЖИ ЭПОСА "ЭР ТЁШТЮК"
MYTHOLOGICAL CHARACTERS IN THE EPIC "ER TOSHTUK"
Аннотация
В статье рассмаривается мифологические персонажи в кыргызском эпосе "Эр Тёштюк". Цель работы заключается в выделении мифологических персонажей в кыргызском эпосе и в исследовании особенностей жанра эпоса, который является актуальным направлением современной кыргызской фольклористики. Рассматриваемые мифологические персонажи кыргызского эпоса дает возможность проследить процесс возникновения и формирования эпоса берущее начало от мифических представлений древних общин. В систему анализов в исследовании входят образы дракон, Алп кара куш, Кёкдёё, Семиголовая ведьма, Одноглазый великан, Чоюнкулак. Все названные образы отрицательных персонажей исследуются одновременно с последовательным движением сюжета. Особенно акцентируется о генетических связях эпоса в отражении мифологических образов, а также подчеркивается постепенная трансформация в процессе их долгого бытования.
Abstract
The article examines the mythological characters in the Kyrgyz epic "Er Toshtuk". The purpose of the work is to highlight demonological characters in the Kyrgyz epic and to study the features of the epic genre, which is a current trend in modern Kyrgyz folklore. The mythological characters of the Kyrgyz epic under consideration make it possible to trace the process of the emergence and formation of the epic, which originates from the mythical ideas of ancient communities. The analysis system in the study includes the images of the dragon, Alp kara kush, Kokdoyo, Seven-headed witch, One-eyed giant (Cyclopus), Choyunkulak. All of the above-mentioned images of negative characters are explored simultaneously with the sequential movement of the plot. Particular emphasis is placed on the genetic connections of the epic in the reflection of mythological images, and the gradual transformation in the process of their long existence is also emphasized.
Ключевые слова: Эр Тёштюк, мифологические Keywords: Er Teshtuk, mythological characters, cultural персонажи, культурный пласт, фольклор, эпос. layer, folklore, epic.
Киришуу
Турк элдеринин оозеки чыгармалырынын ичинен "Эр Тештук" кенже эпосу ар кыл жанрга кете берет. Алсак, "жее жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос" айтыла берет. Бул чыгарма кеп варианттуу. Алардын ичинен С. Каралаевдин варианты элге кецири тарап, башка тилдерге кеп которулган. Бул чыгарманынын элге сицип ал гана эмес тектеш турк тилдуу элдерге да тарашы еткен кылымда эле окумуштуулардын кецулун езуне бурган. Алсак, окумуштуу В.В.Радлов езунун "Образцы народной литературы тюркских племен" деген кеп томдуу, атактуу эмгегинин 4-томунда Батыш Сибирдик татарлардын "Йир Тошлык" жее жомогун, 5-томунда кыргыздардын баатырдык архаикалык "Эр Тештук" эпосун жарыялап, ушул томдун кириш сезунде эки чыгарманын сюжеттик системасыын салыштырып, жалпылыгын карап чыккан. Андан ары, эпосту фольклорист Г.Н. Потанин, бурят окумуштуусу М.Н. Хангалов, совет окумкштуусу П.А. Фалев, В.М. Жирмунский жана иран окумуштуусу Х.Г. Короглы изилдеп, башка элдердин эпостору менен салыштырып, бир канча эмгектерди жаратышты. В.В. Радлов бул эпос женунде темендегудей айтып кеткен: "Кыргыз езунун (эпикалык) ырларында кандайдыр бир тируу укмуштуу жана коркунучтуу жомоктук дуйнвну эмес, тескерисинче, ал анда езунун жеке турмушун, езунун жеке сезимдерин жана умтулууларын, коомдун ар бир мучесунде жашаган идеаларды ырга салганды жогору баалайт" (Эр Тештук, 1996, б. 3). Демек, сюжеттик негизин, системасын мифтик-фонтастикалык элементтер тузуп, "тири укмуштуу жана коркунучтуу жомоктук дуйнену" суреттеген эпоско кайрылуу кийинки убактарда байкоого болот. Эпостун езуне эле канчалаган окумуштуулар кайрылып, илимий эмгектерин жаратышты. Алдыда дагы канча адама кайрылат бизге табышмак. Ушунун езу эле эпостун кыргызга эле тиешелуу эместигин, ал езунде кеп элдердин чыгармаларын камтыган, жуурулуштурган чыгарма десек болчудай. Биз изилдеп жаткан "Эр Тештук" эпосунун демонологиялык образдары бул эмгекте каралат. Ар бир образ терец иштелип, езуне гана таандык езгечелуктерге ээ.
"Эр Тештук" эпосу ез тузумунде мифтик элементтерди байыркы адамдардын жомоктон келип чыккан магиялык элестеелеру ачык сакталган. Бул тууралуу этнограф И.Молдобаев езунун теменкуче оюн айткан: "Кыргыз мифтерин шартту турде уч топко белее болот: биринчиси- дуйненун пайда болушу жана аын ар турдуу абалдары, езгеруштеру женундегу мифтер; экинчиси - жаныбарлар дуйнесунун келип чыгышы; учунчусу- жаратылыш обьектилери жана жаныбарлардын колдоочулары (ээлери) женундегу мифтер".
"Эр Тештук" эпосунун мифологилык сюжеттерин негизинин дуйненун тузулушуне байланыштуу байыркы адамдардын ой жугуртуусунун керкем чагылышы катары кароого болот. Мында уч кабат дуйне (Кеке Тецир, убактылуу емур суруучу адамдар жашаган дуйне, жер алдындагы дуйне) тушунугу берилип, жаны егееде болгон Тештук аны алып качам деп желмогуз кемпирдин кугунунда калат. Учуучу, суйлеечу ат Чалкуйрук езу айткандай: "Булуттуу кектун астынан, буралган шибер устунен бурулбай алып учат". Тештукке жетпей каларын сезген желмогуз кемпир колундагы сыйкырдуу буюм ийректи алып: "Ор, ийрегим, оргун" - деп жерди жарып жиберуучу магиялык сездерду айтат. Ошондо жер жарылып, учунчу дуйнеге - жер алдындагы дуйнеге эшик ачылып Тештук Чалкуйрукту минген бойдон тушуп кетет. Андан аркы сюжетте Тештуктун жер астындагы дуйнедегу еткерген жылдары баяндалат, терт Мамыт, жолборс, аюу, кумурскага жолугуп аларды ар кандай кыйын кырдаалдан куткарып дос болгону баяндалат. Керсе Тештуктун жер астына тушушу эпикалык дуйне карашта баатырдын жашоого келгендиги негизги миссияларынын бири, тагдыры экен.
Мифологиялык персонаж желмогуз кемпир аталган сюжетте адам баласын бир дуйнеден экинчи бир дуйнеге еткеручу кызмат аткарганы белгилуу (Эрматова, 2021, б. 1239).
Ал эми "Эр Тештук" кенже эпосубузда да мындай кейипкерлерге абдан бай келет. В.В.Радловдун жазыи алган вариантында мифологиялык кейипкерлер алитар, ажыдаар, суйлеечу ат, кырк кулактуу казан сыиатталат. Алсак, Тештук жер астына тушкенде жерди жарып, езун жер тубуне тушуруп жиберген желмогуз кемпирдин артынан изи менен кууп барат, алгач ал берунун изиндей болот, кийин жолбортун изиндей болот, андан ары барса:
"Бир кулагын тешенген,
Бир кулагын жамынган.
Астьщкы эрди сасыган,
Устуцку эрди муздаган.
Колу Кокон кеткен дейт,
Буту Букар кеткен дейт.
Бир алп жаткан экен" (Эр Тештук, 1996, б. 559).
Керсе ал Тештуктун жер тубуне тушкенун угуп куч сынашып эрмектешмекчи болупжолун тосуп жаткан Ай-Кулак алп экен. Экее алыша кетип, Тештук анын эки кулагын буктеп кармап алып, кырк кырдан алышат, анын башын кесип алып андан ары женейт. Кийин жолунан Кун-Кулак, Чоюн-Кулак алптарды жецет. Мындан корунуп тургандай, 19-кылымда жазылган сюжетте архаикалык мотив дагы кеене формада сакталып, демонологиялык кейипкерди алып журет. Ал эми С.Каралаевдин айтуусундагы вариантта мындай сыпаттамадагы кейипкерлер кездешпейт. Бул улам убакыт еткен сайын эпостун архаикалык белгилери азайып, айрым жоготууларга учурап калгандыгынан кабар берет.
Эпосто буура, жылкы, кой сыяктуу уй жаныбарлары терт тулук мал менен кошо эле мифологиялык жаныбарлар да суреттелет. Мисалы, Алп кара куш - эпосто чечичуу ролду ойнойт. Жер тубунун каны Кекдеенун жылкыларынын ичинен Чаар бээ жылына тулпар чыгуучу кулундарды тууйт, бирок аны жыл сайын алп кара куш туур замат алып кетип калат. Кекдее кызынын кальщына жети мерей койгондо Тештук анын бири катары ошол кырк кулунду таап келиши керек болот. Мамыттардын жардамы менен бул мерейду да аткарат.
Кара куш - талаа буркуту. Кара куш (буркут) турк-монгол элдеринде эзелтеден сыйынуунун объектиси болуп келери маалым. 11-к. фарси автору Гардизи кыргыздар уй, кирпи, сагызган менен катар буркутту ыйык тутушарын жазат (Бартольд, 1973, б. 48). Кыргыздардын байыркы тотемистик тушунуктеру езгече этнонимдерде кенен чагылдырылган. Кара куш (алп кара куш) кыргыз эпосторунда, элдик фольклордун маалыматтарында да чагылдырылат. Алп кара куш "Манас" эпосунда, "Эр Тештукте" баатырларга зарыл учурда келип жардам берген буркут. Буркут - турк-монгол, иран тилдуу элдердин мифологиясында кенен чагылдырылып, сыйынуучу объект болгондугун археологиялык материалдар, фольклордун маалыматтары ж.б. тастыктайт. "Алп кара куш - оц каармандарга колдоо керсетуучу сыйкырдуу, абдан зор куш, буркуттун мифтештирилген кейпи. Турк элдеринин оозеки чыгармаларында кездешуучу алп кара куш, ажыдаардын туруктуу колдоочулар болушун байыркы мезгилге байланыштуу кароо керек. А.П. Окладников турк-монгол элдеринин кепчулук чыгармаларында буркуттун образы женунде: "Бакты-таалайдын жана молчулуктун кепили катары, мал менен кесипчилик кылган коомдун эц жогорку колдоочусу катары ыйык асмандын ээси болуп саналат", - дейт (Окладников, 1972,
б. 205). Айрым археологиялык табылгалардагы суреттерге Караганда, буркуттун бул образы байыркы коло доорунан эле белгилуу болгон. Уламыштагы Огуз каган ез балдарына, анын тукумдарына таратып дайындаган онгондордун (сыйынуучу объектилер) дээрлигин канаттуу жырткыч куштар тузген. Уруунун мучелеру жалпы жамаат сыйынган онгон -канаттуунун этин жешкен эмес. Эзелки бука (бугу) тотемин кийинчерээк канаттуу жырткыч куштар алмаштыра баштаган. Анткени бул тотем уруунун (уруктун) жырткыч куштай куч-кубаттуулугун аныктаган. Буркут буряттардын тушунугунде жакшылыкты да, аны коштоп журчу кырсыкты да адамдарга женетчу касиетке ээ болгон. Ушул эле бурят уламыштарында буркут кушу шамандардын тупку бабалары катары баяндалат. Хакас-качиндерде да дал ушундай диний-мифологиялык тушунук болгон. Алтайлыктардын мифологнясында Ульген жер менен кекту гана эмес, кунду, айды, отту жараткан Кудай. Анын жети уулунун бири -Кара Куш деп аталган. Хакас тилинде "хара хус" - буркутту аныктайт. Махмуд Кашгари Юпитер жылдызын "кара куш" деп жазганы маалым. Мээнин эц маанилуу белуктерунун бирин кыргыздар "каракуш мээ" деп аташат. Демек, кара куш байыркы адамдардын акыл-эс таануусундагы тотемистик гана тушунукту аныктабай, алардын космостук ац-сезимин, Кок Тецирге болгон ишенимин чагылдырып, ыйык асмандын ээси деген тушунукту тастыктайт. (Кыргыз этнографиясы боюнча сездук, 2005, бб. 141-142).
Мифтик сюжеттердин тематикасы ар кыл, алар жаратылыш кубулуштары, жаныбарлар жана есумдуктер дуйнесу, адамдар жана алардын жашоо-турмушундагы окуялар баштан-аяк камтып кетет. Кыргыз эпосундагы дуйне тузулушу женундегу ой жугуртуусу ар бир чыгармада берилет. "Эр Тештук" эпосунда уруулук коомдун коене сез онерунун архаикалык катмары каралган. Эпостун текстинен байыркы кыргыздардын дуйне тууралуу ой жугуртуусун, сырткы дуйнену кабылдоо езгечелугун байкоого болот. Мында магиялык элестеелерден мифтик, демонологиялык образдар келип чыкканын айта кетпесек бобойт. Бул тууралуу этнограф И.Молдобаев темендегулерду айтат: "Кыргыз мифтерин шартту турде уч топко бвлсвк болот: биринчиси- дуйненун пайда болушу жана анын ар турдуу абалдары, взгвруштвру женундегу мифтер; экинчиси- жаныбарлар дуйнесунун келип чыгышы; учунчусу- жаратылыш объектилери жана жаныбарлардын колдоочулары (ээлери) женундегу мифтер" (Молдобаев, 1989, б. 47). Мындан жыйынтык чыгарсак, "Эр Тештук" эпосунда бул уч турлуу мифтин баардык туру кездешет. Алсак, эпосто дуйненун пайда болуусу бар, анда уч дуйне баяндаларын айтканбыз, кийин жаныбарлардын дуйнесу абдан кецири баяндалат. Жаныбарлардын колдоочулары дагы Эр Тештукту колдоп келет. Анын жолунда кеп кыйынчылыктарды жецишине жардамдарын да аяшпайт.
Адам жанынын бар предметте болушу байыркы тотемдик тузулуштун бир туру. Тештуктун жаны "егееде", ал эми ошол эле эпостогу Чоюнкулак алптын жаны кучкачта болуп, алар кара аркардан ичиндеги сандыкта сексен жылдан бери журген болот, марал да кыйналып, башка аюу, жолборс, кумурска сыяктуу Тештуктун келишин, аны бул милдеттен куткаруусун кутуп журет, бул Тештуктун жердеги дагы бир миссияларынын катарына кирет. Эпостогу жаныбарлар жана есумдуктер дуйнесун карасак, езунче бир чалкыган дециздей. Бул боюнча изилдеечу С.Кайыпов: "По разнообразию привлекаемых образов превое место занимает мир животных-фауна. В качестве образа сравнении выступает 57 названии из животных мира, Общее количество сравнении с учетом частотности появнения в тексте состовляет около 140 единиц. В свою очередь эта группа сравнении делится наряд подгрупп. Чаще всего Встречаются образы домашних животных. Это связано с тем, что киргизский
народ, который в прошлом имел скотовидческий уклад жизни, вопринимал их не только с хозейственно- бытовой, но и эстотической точки зрения " (Кайыпов, 1990).
Эпосто буура, жылкы, кой жана башкалар эле айтылбастан демонологиялык, магиялык жаныбарлар да суреттелет. Мисалы, алп кара куш - канатуулардын ичинен мифтик персонаж. Жер тубунун каны Кекдеенун жылкыларынын ичинен Чаар бээ асыл тукум жылкыларды беруучу езгоче болот. Ал жыл сайын бирден кулун тууйт. Аны Алпкаракуш кырк жылдан бер алып кетет. Тоштук жер алдына тушкондо Кокдеенун кызынын колун сураганда, кальщына жети мерей койгондо, анын бири ошол кырк жылкыны таап келуу болгон. Аны баатыр досторунун жардамы менен аткарат. Алпкаракуштун жыл сайын кулундарды алып кетишинин себеби да бар эле, ал анын балапандарын жеп журген ажыдаардан куткарыш керек болчу. Алп кара куштун кулундарды алып кетуусу да Тештукке бир миссия болот. Керсе алп кара куштун балдарын жеп журген ажыдаарды жок кылуу керек болгон экен. Алп кара кушту мифолгоиялык каарман катары кароодо аны алтай эпосундагы Кашкереде, монгол эпосундагы Гаруд, "Шахнамедеги" зымырык кушу менен салыштырууга болорун белгилеп кетсек болот.
Демонологиялык-мифтик жаныбарлардын дагы бири - ажыдаар. Алп кара куштун балдарын ал жем издеп кеткенде кырк жылы катары менен соруп турган: Мунар башын караса,
"Кецул кетип белунет,
Муйузу бар башында,
Токсон кулач узуну,
Бир ажыдаар керунет.
Жыты сасык, ецу чаар,
Элчесе болбойт мындай жан.
Алп кара куш баласын
Билип калган кез экен,
Эми барып сорууга
Журуп калган кези экен" (Эр Тештук, 1996, б. 206).
Тештук ажыдаарды кылычтап елтурген соц, зор мунар теректеги Алп кара куштун уясында аман калган балапандар баатырга ыраазычылык билдиришет:
"Элген жанды тирилттин, Тештук,
Эчкен жанды тамыздьщ, Тештук" (Эр Тештук, 1996, б. 212).
Бул окуялар мончоктой тизмектелип, биринин-артынан бири уланып кеткени менен жомоктордогу кадимки сюжеттерге да окшоп кетет. Анткени салттуу эпикалык формула турк, бурят, монгол элдеринин эпосторунда ушул сыяктуу туруктуу турунде кездешери ашыкча болбос.
Ажыдаардын образы "Эр Тештук" эпосунан айырмаланып, "Манас" эпосунда оц маанидеги каарман. Ал Манас баатырдын колдоочуларынын бири болуп эсептелинет. Алгач баатыр тереле элегнинде Чыйырдынын тушуне кирип, баатыр женунде кабар берет, андан кийинки окуяларда казатта баатырдын суруне сур кошуп, айбатаанып керунет. Ал душмандарынын ушун алып турган ажыдаардай колдоочусу менен. Алоокенин укмуштуу багындагы ажыдаарлар чындыкка жакын болуп, Манасты жеп койбостон, кайра ara баш ийип беришет. Манасчылар мында персонаждарды ар кандай кырдаалда, ар турдуу ракурста, мазмуну турдууче, ар кандай кырдаалга байланыштуу езгертуп колдоно беришет. Мында бир
нерсенин, бир предметтин айланасында кеп кырдуу ойлонуу, езгече эпикалык ойлонуудан кабар берет. Мисалга алсак, эпосто кырк кулактуу казан бар. Кекдее Тештукту "Барса келбес" жерге женетет. Ал жактан жер устунен токсон алп, жер астынан токсон алп чогулуп алып, "колумдан кырк кулактуу казанымды алып кетип, ит ичпестен Ала-Келге салып жиберген. Ошону алып кел, анан жетинчи меерейуц аткарылат", - дейт:
"- Кайнагын деп казанга, Кабар берип турганда, Дуйум тамак бар болуп, Дунуйесу жайнаган, Кайнаса ашы коюлган, Аалам журттун баарысы, Бир казандан тоюнган. Кереметтуу кец казан, Эмине айтса бул болгон,
Телегейитец казан..." (Эр Тештук, 1996, б. 250).
Бул казанда элге береке, тоюн-токчулукту алып келуучу кереметтуу буюм болуп суреттелсе, кийинки окуяларда терс башкача айтканда, демондук образда кездешет:
"Кечээ жер устунен токсон алп, Жер алдынан токсон алп, Бирее калбай жайылып, Ал казанды алалбай, Токсон алптын баарысы, Бирее калбай кырылган... Бир кулагы казандын-Ааламдын барын еткерген,
Кудайдын жети кары бар..." (Эр Тештук, 1996, б. 255).
Окуянын журушунде кырк кулактуу казан Тештуктун жаны егеену берген соц, бекитип басып жатат. Кекдеенун Тештукке айткан жетинчи меерейун орундатууга тулпары Чалкуйрук жардам берет. Ал езу "ак тасма менен оротуп, кулагын бекем буудуруп, куйругун шуйдуруп", кайнап жаткан ит ичпестин Ала-Келге тушет. Ат менен баатырдын жаны бир, аман-эсен кайтып кел, эгер сен елсец, мен да жок болом" дейт, Чалкуйрук "келдун устуне ак кебук чакса мен жецгенмин, кызыл кебук чыкса мен жецилген болом" деп айтат, Ошондо Жер тьщшар Маамыт жерди тьщшап, атынын жецилгенин айтат, Тештук булдурсунун алып терт Маамыт менен кошо келду сабай баштайт. Ошондо жер жарылып, келдун баары чачылат. Кыямат кайьщ башталат. Мында адам езун жаратылыштан белуп карабастыгын, жер суу, жаныбарлар жана есумдуктер менен бир децгээлде караганын, Тештуктун жолборс, аюу, кумурска, алпкаракуш, ат менен суйлешуусу, пикир алышып, кецеш сурашы бул байыркы замандагы адамдардын ой жугуртуусу. Мындан кийин Чалкуйрук Тештуктун ишеничин актап, келдун тубунен казанды алып чыгат. Ara терт Мамыт жардам берет. Анан Кекдеенун шаарынын жарымын бастырып коюшат. Бул жерде казан шаардын жарымын басып калгандай чоц экенин байкасак болот.
Кыргыз эпосу "Эр Тештукте" жороруда белгиленгендей суз, кара тустер менен жер тубундегу дуйненун картинасы берилип, кийин кийин жер устуне Алпкаракуш менен
кетерулуп, чыккандыгы кубаныч чексиз болгондугу айтылат. Куш минип учуучу баатыр дуйнелук эпосто да кездешет. Маселен эстон элинин "Калевипоэг" эпосунда башкы каарман Калев дециз буркутуне минип алып дециздер, жерлерден етуп Вирунун жээгине тушет, ал жерде жайгашып Линдага уйленет, уч уулдуу болуп кенжеси Калевипозг езгече баатыр болуп тез есет, эки айында бешиктен чыгат, уч айында басат. Анан алгачкы эрдиктери башталат.
Бул эпосто мифтик алп персонаждардын жутуп кайра мурдагыдан да кучтуу баатыр кылып кайра кусуп коюшу, башкача айтканда эпикалык кайра толуктап жаратуусу, Тештуктун алпкаракуштун балдарын ажыдаардан сактап калгандыгы учун ыраазычылык иретинде жутуп кайра кусушу коене мотив катары эпостон туруктуу орун алган. Муну фольклорист Е.М.Мелетинский: "Весьма архаической чертой, специфически связанной с обрядами инициации, является реликт проглатывания-выплевывания чудовищем героя, после чего герой вновь рожденной, уже в качестве взрослого охотника, получает имя", - деп белгилейт (Мелетинский, 1983, б. 35). Окумуштуунун бул оюн эпостогу теменку саптар далилдейт:
"Коре салып ошондо, Алпкаракуш токтобой, Сырттан Тештук баатырды "Балп" дедире сугунуп, "Курк" дедире жутту эле... "Эе" - деп кусуп койду эле, Эми ошондо сырттаныц Он эки муче толуптур, Баштагыдан ошондо
Эки эсе Тештук болуптур" (Эр Тештук, 1996, б. 213).
Эзелки мифтердин тамыры ондогон миц жылдардан ары кетип, фольклордук салттын кепчулугунде мифтер сакталбай да калган. Алар бириндеп, кайра башкача биригуулерге дуушар болуп, айрым жерлер унутулуп, кээ бир жерлерине кошулуп, жацыртылганын байкоого болот. Уруулардын аралашуусу менен жацы мазмундагы мифтер куралып, ой жугуртуунун туруктуу стереотиптерине айланып, элдик поэзияга айланганы айдан ачык. Андагы окуялар эпостогу жана жее жомоктордогу каармандарга еткен. Муну биз "Эр Тештук" эпосунан байкасак болот. Андагы жер астындагы жана жер устундегу дуйненун чагылдырылышы мифологиялык персонаждардын идеасын ачууда аткарган ролу мисал боло алат:
"Жер алдында Кекдее бар, Ал Кекдеенун колунда, Озунде жети башы бар, Эц сыйкырчы карасаат,
Кара тажаал кемпир бар" (Эр Тештук, 1996, б. 90).
Бул жерде Кекдеенун сыйкырчысы жезкемпирдин образы кенен ачылган. Ал мифологиялык-демонологиялык персонаж катары келди. Ал ар кандай нерселерге жана адамдарга кубулуу касиетин да бул узундуден байкасак болот.
Мындан алгачкы мифтердин мазмундук негизин тузгон нерсе - жамааттык бейац, адамзаттык аракеттин категориясын тузерун келип чыгат.
Жыйынтыктап айтканда, "Эр Тештук" эпосу мазмандук, образдык системасы, идеалык-тематикалык, керкемдук-эстетикалык жагынан коомдук ац-сезимдин, синкреттешуусуне учурап, бирок езунун бетенчелугун сактоо менен биздин кундерге жеткен. Мындаб "Хтонологиялык мифологиянын жана кийинки геоикалык мифологиянын айрым керунуштеру, негизги атрибуттары кыргыздарда бир кыйла елгенде сакталгандыгын "Эр Тештук" эпосу далилдейт. Анткени, кыргыздардын баатырдык кенже эпосторунун ичинде езунун пайда болуп енугуш, калыптанышы боюнча байыркы мезгилдерди кучагына алып, убакыт менен тец жашап келген бул фольклордук чыгарма идеалык-тематикалык, сюжеттик жана образдык системасы жагынан башкалардан езгечеленуп турат", - деген пикирге кошулуу максатка ылайык (Байжигитов, 1985, б. 37).
Тештук Желмогуз кемпир кашына Чалкуйрук менен барып, егеену ала качканы барганда Жети баштуу кемпирдин суреттелушу:
"Куудай аппак чачы бар, Бир башында кемпирдин Санаса жети башы бар. Соку минип ал кемпир, Сок билектен камчы алган. Сыягы башка, заары куч, Ал капырдан кудер уз. Чекеси кетип тырышкан, Керунген менен урушкан. Кек кементай жонунда, Ийреги бар колунда. "Ор ийрегим, оргун" - деп, Оруп ием тырманган,
Оройлугу бир башка" (Эр Тештук, 1996, б. 144).
Алгач эле эмгекти баштардан мурда "Манас" эпосунун баштап, андан соц "Эр Тештук" эц байыркы кенже эпосуна кайрылдык. Бул эпосторду океан сыяктуу элестетип, бирок ошол океанды изилдееге кириштик. Биз канчалык кеп материал топтосок дагы, океандын жээгинде эле калгандай сездик. Бул теманы терецдетип, дагы кароо келечек муундун ишидир. Ушул эпостордон биз демонологиялык пресонаждарды таап, аларды текстологиялык жактан талдап, илимий негизде берууге аракеттендик. Алсак, бул эпостордон деелерду, алп кара кушту, сыйкырдуу жандыктарды, перилерди, жин-шайтандарды, желмогуз кемпирлерди, алптарды жана башка демондук персонаждарды талдап чыгып, салыштыруу менен анализ жасадык.
Ар бир эле элде жалпылык бар, езгече оц каарман менен терс каармандын мифтик терс каармандар менен курешуусу, эгерде терс каармандар оц каармандар сыяктуу эле адам келбетинде болуп туруп дагы, оц каармандардын аракетинин натыйжасында жецилип, елтурулсе дагы демондор адамдарга зыян алып келип, оору-сыркоону, жамандыкты алыкп келген башка бир формага айлануу кучуне ээ экенин байкайбыз.
Элдик оозеки чыгармачылыкта диний культтарга, образдарга, сюжеттерге жана мотивдерге кайрылуу дуйне таануунун ыймандык-эстетикалык кецири контексте жакшылык, демондук образдардын жамандыгы, емур жана елум сыяктуу тубелуктуу темаларды кароого мумкундук берет.
Фольклордук-мифологиялык жана этнографиялык материалдар бизге адамзат тарабынан
еткен доорлордо иштелип чыккан руханий маданиятынын топтомун жеткирди. Керунуп
тургандай фольклор, анын ичинде эпостогу эл, этнос тууралуу коп жактуу маалыматты
сактаган форма болуп саналат.
Адабияттар
Байжигитов, К. (1985). Кыргызмифтери,уламыштары жаналегендалары. Фрунзе: Илим.
Кайыпов, С.Т. (1990). Проблемы поэтики эпоса "Эр Тёштюк": Часть 1. Гипербола. Сравнение. Фрунзе: Илим.
Кыдырбаева, Р.З. (1980). Генезисэпоса "Манас". Фрунзе: Илим.
Кыргыз этногрфиясы боюнча свздук. (2005). Туз. O.K. Каратаев, С.Н.Эралиев. Бишкек: Бийиктик.
Мелетинский, Е. М. (1983). "Возникновение и ранние формы словесного искусства". История всемирнойлитературы. Т.1. Москва: Наука, с. 23—52.
Молдобаев, И.Б. (1989). Эпос "Манас" как источник изучения духовной культуры киргизского народа. Фрунзе: Илим.
Окладников, А.П. (1972). Централъноазиатский очаг первобытного искусства: пещерные росписиХойт-Цэнкер-агуй (Сэнгри-агуй), ЗападнаяМонголия. Новосибирск: Наука.
Эр Твштук. (1996). "Эл адабияты сериясы". II том. Бишкек: Шам.
Эрматова, А.Ж. (2021). "Эр Тештук" жана "Кекул" баатырдагы Чынар теректин жана алманын "ыйык дарак" образы катары берилиши. Вестник Ошского государственного университета. Vol. 2, No. 4, сс. 1233-1240. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_1233. EDN: WKJHTB.