ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY
e-ISSN: 1694-867X
№1(4)/2024, 136-144
УДК:
DOI: 10.52754/1694867X 2024 1(4) 17
Т. КЕНЕНСАРИЕВДИН ИНСАНТААНУУ ИЛИМИНЕ КОШКОН САЛЫМЫ
ВКЛАД Т. КЕНЕНСАРИЕВА В НАУКУ О ЛИЧНОСТИ CONTRIBUTION OF T. KENENSARIEV TO PERSONALITY SCIENCE
Зулпуева Рая
Зулпуева Рая Zulpueva Raia
т.и.к., доцент, Ош мамлекеттик педагогока университети
к.и.н., доцент, Ошский государственный педогогический университет
Candidate of historical sciences, AssociateProfessor, Osh State Pedagogical University
Т. КЕНЕНСАРИЕВДИН ИНСАНТААНУУ ИЛИМИНЕ КОШКОН САЛЫМЫ Аннотация
Макалада Ташманбет Кененсариевдин Кыргыз тарыхнаамасындагы инсантаануу маселесинде тарыхый инсандардын тарыхын изилдееде, алар тууралуу жацы маалыматтарды илимий айланпага киргизууде чыныгы кесипкей тарыхчы катары бараандуу эмгектерди жазып калтыра алгандыгына токтолуу менен Алымкул Асан бий уулунун емYPY, мамлекеттик ишмердиги, бYткYл ТYркстанды коргогон мекенчилдик жана баатырдык бейнеси, Полот хандын жетекчилиги астындагы 1873-1876-жж. элдик кыймылдын тарыхын, Алымбек датка, Курманжан датка сыяктуу тарыхый инсанда тууралуу жацы маалыматтарды илимий айланпага киргизууге жасаган аракеттери боюнча жазылган. Анын демилгеси менен "Манасты дYЙнеге дацазалагандар" деген серияда "Манас" боюнча жазып алган В.Радлов менен Ч.Валихановдун тексттерине тарыхчы-окумуштуу катары алгачкы болуп Баш сез жазып,илимий комментария менен коштолгон 800 беттен турган тестин калыц китеп кылып чыгарууга демилгечи болуп, Манастаануу илимин изилдее жана жайылтуу боюнча жацы бир багытты ачкандыгын айтууга болот.
Ачкыч сездер: инсан таануу, тарыхнаама, тарыхый инсандар, илимий айланпа, нарративдик булактар, илимий-попуярдуу.
ВКЛАД Т. КЕНЕНСАРИЕВА В НАУКУ О CONTRIBUTION OF T. KENENSARIEV TO
ЛИЧНОСТИ PERSONALITY SCIENCE
Аннотация
В статье, акцентируя внимание на умении Ташманбета Кененсариева писать важные труды как настоящего профессионального историка в исследовании истории исторических деятелей, вводя в научный круг новые сведения о них в вопросе исследования идентичности в киргизской историографии, Алымкул Асан бий жизнь уулу, государственная мудрость, образ патриотизма и героизма, защитившего весь Туркестан, Полот 1873-1876 гг. под предводительством хана Написано об истории народного движения, новые сведения об исторических личностях, таких как Алымбек Датка и Курманжан Датка. По его инициативе он первым из историков-ученых написал предисловие к текстам В. Радлова и Ч. Валиханова, написавших о «Манасе» в серии «Те, кто прославил Манас миру», и взял на себя инициативу. опубликовать свой 800-страничный тест, сопровождаемый научными комментариями, в виде толстой книги. Можно сказать, что он открыл новое направление в исследованиях и распространении науки.
Abstract
In the article, focusing on the ability of Tashmanbet Kenensariev to write important works as a real professional historian in the study of the history of historical figures, introducing into the scientific circle new information about them in the issue of studying identity in Kyrgyz historiography, Alymkul Asan biy uulu life, statesmanship, image patriotism and heroism that defended all of Turkestan, Polot 1873-1876. under the leadership of the khan Written about the history of the popular movement, new information about historical figures such as Alymbek Datka and Kurmanzhan Datka. On his initiative, he was the first of the historian-scientists to write a preface to the texts of V. Radlov and Ch. Valikhanov, who wrote about "Manas" in the series "Those who glorified Manas to the world," and took the initiative. publish your 800-page test, accompanied by scientific commentary, in the form of a thick book. It can be said that he opened a new direction in research and dissemination of science.
Ключевые слова: антропология, история, исторические личности, нарративные источники, научно-популярная тема.
Keywords: anthropology, history, historical figures, academia, narrative sources, popular science topic.
Киришуу
Кылымдарды карыткан кыргыз эли эгемендYYЛYккe жетишкенден баштап рухий баалуулуктары да бир топ жогорулады. Рухий баалуулуктун eнYГYШYндe азыркы кYндe илим-билимдин, инсан таануу маселелерин окуп YЙрeтYYHYн жаштарга тийгизген таасири ете чоц болушу керек. Инсан таануу кыргыз тарыхнаамасындагы жацы илимий багыт болуп саналат. Биздин кылымдарды карыткан карт тарыхы бар элибиз eзYHYн басып eткeн тарыхый жолунда кeп улуу,тарыхый инсандарды жараткан. Ошондуктан,инсан таануу маселесинде изилдeeчYлeрдYн,саясатчылардын милдети канчалык ачуу болсо да кашкайган чындыкты айтуу. Ошондо гана биз келечек муунду туура тарбиялап,eнYГYY жолубузду туура аныктай алабыз. Жацы саясий маданияттын калыптанышына тарыхый тажрыйбасын далилдеп берYYДe тарыхчылардын ролу жогору экендигин жакшы eцYттe кароого ^нул бурган Т.Кененсариевдин бул багыттагы ишмердYYЛYГYнe сереп салып карасак. Совет доорундагы кыргыз тарыхнаамасында тарыхый инсандарга, айрым бир учурларда гана болбосо, ^нул бeлYнгeн эмес. 1920-1940-жылдарда кыргыз тарыхындагы белгилYY инсандарга карата чакан китепчелер жана макалалар гана жазылган. Элибиздин белгилYY инсандары негизинен оокаттуу катмардан болгондугуна байланыштуу тарыхнаамада советтик идеологиянын таптык кeз карашы YCтeмдYк кылып, тарыхый инсандарды " эзYYЧY таптын eкYЛдeрY" катары карашкандыктан, аларды окумуштуулар тарабынан иликтeeгe алууга мYмкYндYк болгон эмес. ЭгемендYYЛYктYн жылдарында eткeн кылымдардагы саясий окуялардын тYЗдeн-тYЗ катышуучулары болушкан тарыхый инсандардын таржымалына арналган бир топ илимий-популярдуу жана санжыралык тариздеги басылмалар,макалалар жарык кeрдY[Кененсариев,2022,77-б]. Кыргыз тарыхнаамасындагы инсантаануу маселесинде НYЗYп миц башы, Жаркын айым, Алымбек датка, Курманжан датка, Алымкул аталык, Мамыр Мерген уулу, Абдылдабек, Молдо Исхак -Полот хан сыяктуу кeптeгeн тарыхый инсандардын тарыхын изилдeeдe,алар тууралуу жацы маалыматтарды илимий айланпага киргизYYДe чыныгы кесипкeй тарыхчы катары бараандуу эмгектерди жазып калтыраган тарых илимдеринин доктору, белгилYY тарыхчы Ташманбет Кененсариев экендиги талашсыз.
Ташманбет Кененсариев Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхы, тактап айтканда Кокон хандыгынын мезгили, Кыргызстандын отор доорундагы тарыхы боюнча кесипкeй адистердин бири катары ошол доордогу кыргыз элинин тарыхый инсандарынын такталбаган бейнелерин тактоого чоц салым кошту десек жацылышпайбыз,ошондой эле инсан таануу илиминин eнYГYYCYнe да бараандуу салым кошкондугун белгилеп кетYY абзел. Инсантаануу маселесинде Т.Кененсариевдин эмгектерин илимий ишмердигиндеги зор ийгиликтердин бири деп баса белгилей алабыз.
XIX кылымдын 50-60-жылдарында Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери, кыргыздардын чыгаан тарыхый инсаны, таланттуу кол башчы (Амир-Лашкер), "Эмирлердин эмири(амирул умаро)" Алымкул Асан бий уулунун eмYPY, мамлекеттик ишмердиги, бYткYЛ ТYркстанды коргогон мекенчилдик жана баатырдык бейнеси, Алымкулдун доорундагы эл аралык татаал кырдаалдагы Кокон хандыгынын абалы,инсантаануу багытындагы бир катар ишмерлердин жасаган иштери баяндалган эмгек Ташманбет Кененсариевдин изилдeeлeрY менен жарыкка чыккан. Кыргыз тарыхый инсандарынын eмYP жолун ишмердигин илимий жагдайда изилдee,чынында эми гана ырааттуу жолго коюла баштагандыктан Алымкул Аскер башчыны- Амир лашкарды илимий чыгармалардын кeбYндe, кeркeм адабиятта
"Алымкул аталык" деп атап келе жатабыз. Бирок, тарыхый булактарда Алымкулга расмий тYPдe "Аталык" наамы берилгендиги жeнYндe маалымат кезикпейт деген бYTYмдY профессор Т.Кененсариев белгилеген. Ал 1863-1865-жылдары Султан Сейит хандын мезгилинде Кокон хандыгынын "эки тизгин бир чылбырын" толук колуна алып, мамлекетти жеке бийлеген ишмер болуп турганы менен "Амирул умаро" (эмирлердин эмири) же кeбYнчe "Амир Лашкар- Аскер башчы" деген гана макада жYргeндYГYн белгилейт. Ошол доордогу нарративдик булактардын баарында ушундай даража менен белгилYY. КeрYHYктYY мамлекеттик ишмер, таланттуу кол башчы жана кыргыз элинин ичкилик кыпчак уруусунан чыккан белгилYY тарыхый инсан Алымкул аталык 1865-жылы 10-май кYHY Ташкенттеги Шейхантаур мYрзeсYнe коюлган. Бул багытта Алымкул амир лашкар боюнча изилдeeлeрYндe- Кыргыздардан чыккан инсандардын eмYP таржымалын,алардын Кокон хандыгынадагы таасирин комплестYY карап, анын eзгeчeлYГYнe терец илимий баа бере алгандыгында. Тарыхый булактардын маалыматтарына караганда Малабек хан eтe ыкчам, кайраттуу жана белгилYY децгээлде акылдуу башкаруучу болгон. Малабектин убагында кыргыздардан Алымбек датка, Алымкул лашкар башчы,Кыдыр, Чотон,Сейитбек,Касым даткалар мамлекеттин саясий жана аскер иштеринде жогорку мансаптарды ээлешкендигин тарыхый далилдер тастыктайт деп белигилейт[Кененсариев,2022,31-б.].
1. Кыргызстандын тYштYк аймагын каратуу процессиндеги тарыхый кырдаалга тYЗдeн-тYЗ таасирин негизги факторлордун бири - бул Полот хандын жетекчилиги астындагы элдик кыймыл болуп саналат. Т.Кененсариев eзYHYн изилдeeлeрYндe 1873-1876-жж. элдик кыймылга кецири талдоо жYргYЗYп келип: "1873-1876-жылдардагы элдик кыймыл кeтeрYЛYштYPДYн жeнeкeй гана суммасы эмес, Кудаяр хандын жана анын уулу Насирдинбектин бийлигине каршы антифеодалдык, Орусия баскынчылыгына каршы антиколониялык, элдик-боштондук кыймылдардын органикалык биримдигин тYЗгeн диалектикалык жараян болуп эсептелет"деген жыйынтыкка келет. Анда Полот хандын кeтeрYЛYШYHYн этаптарына жана Полотхандын инсандык портретине анализ жасоо менен тарых илимине жацы ^з караштардын, кeтeрYЛYштYн тарыхый прогрессивдYYЛYГYн ырастайт[Кененсариев, 1991,167-б.].
XIX кылымдын 1866-1876-жылдар аралыгындагы Фергана eрeeнYндeгY саясий кырдаал жана Кыргызстандын Орусияга каратылышынын аякташы, 1873-1874-жылдардагы кeтeрYЛYш, 1875-жылдагы антикудаярдык жана Орусияга каршы кYрeш, Полот хандын акыркы аракеттери, Кокон хандыгынын жоюлушу, Фергана облусунун тYЗYЛYШY, Алай кармаштары жана Кыргызстандын TYШTYГYHYH Орусияга каратылышынын аякташын изилдee менен Кыргызстандын Орус империясынын колониясы болгондугун далилдee менен тарыхый окуяларда белгилуу инсандардын ролун так тастыктай алган.
Т.Кененсариевдин "Кокон хандыгы" (Кыргызстандын материалдарында) аттуу илимий эмгегинде Кокон хандыгынын тYЗYЛгeн мезгилден тарта хандыктын жоюлганга чейинки саясий eнYГYY тарыхын чагылдырууга максат кылган. Автор Кыргызстандын материалдарына таянуу менен кыргыздардын хандыктын саясий турмушундагы ролун изилдee милдеттерин койгон. Эмгектеги "XVIII кылымдагы Фергана eрeeнYндeгY этносаясий кырдаал","Кокон хандыгынын тYптeнYY доору (XVIII- кылымдын башы-1800-жыл"), "Кокон хандыгынын eнYГYY доору (1800-1840-жж.), Кокон хандыгынын бытыроо доору (1842-1876-жж.)" аталышындагы кeпчYЛYк материалдар окурмандарга биричи ирет
жарыялангандыгын белгилее менен Т.Кененсариевдин "Кокон хандыгынын тарыхнаамасына" кошкон илимий салымын белгилеп кетYYHY туура деп эсептейбиз. Кубат бий, HY3Yn бий, Алымбек датка, Алымкул лашкер башы, Исхак Асан уулу Полот хан,Абдылдабек сыяктуу ондогон кыргыз инсандары Кокон мамлекеттYYЛYГYн коргоп,азаттык YЧYн каны-жанын беришкендигин далилдейт. ДалилдYY тарыхый фактылар келтирилип, илимий анализ жYргYЗYЛген. Жогорудагы "атактуу кыргыз бийлеринин жана инсандарынын Кокон хандыгынын бийлик сересине татыктуу жана байсалдуу чыгуусу аркылуу "мамлекет YЧYн", "эгемендик YЧYн" деген идеянын астында керт башын сайган фактылары Кокон хандыгы "кыргыз мамлекеттигинин бир керYHYШY" катары болгондугун айкын тастыктап турат", - деп белгилеген. Кудаяр хандын жаатында Алымкул узак болгон жок. Ал тез эле кыргыз, кыпчак оппозициясын жетектеп, Кокон ханына каршы кYрешке чыккан. 1862-жылдын сентябрь айына чейинки кагылыштарда Хал датка, Алибай датка, Жумабай, Мамбет, Мырзабек, Ташбек сыяктуу бийлер баштаган кыргыз, кыпчак уруулары Алымкулдун жетекчилиги астында Кудаяр хандын сарбаздары менен ийгиликтYY кармашып жатты. Алар Наманган, Маргалац, Кожент шаарларын убактылуу каратып алышат. Кокон ханы Кудаярга каршы кYрешYY YЧYн тYндYк кыргыз урууларына Yндее менен кайрылышкан. Чакырыктын таасири ЧYЙге да жеткен. Кокондуктарды мурунтан эле жек керген ЧYЙ кыргыздары, айрыкча, Байтик Канай уулунун тобу, сарыбагыштардын бир белYГY кокон горнизондоруна ачыктан-ачык каршы чыга баштады.
Бул учурда Кокондо саясий окуялар кайрадан чиеленише баштаган, 1863-жылдын жазынан Кудаяр ханга каршы багытталган кыргыздардын, кыпчактардын кYрешY бир топ ийгиликтерге жеткен. Кудаярдын аскери талкаланып, ал турсун Маргаландын жанында Ак-Мечит сепилинин мурдагы коменданты Жакыпбектин аскер башчылыгында жиберилген атайын кошууну да тыптыйпыл болгон. Бул кошуунду Бухара эмири Музаффар Кудаяр ханга жардам иретинде жиберген болучу. 1863-жылы март айында Музаффар езY 12 миц кол менен Коконго басып кирген. Жакшы куралданган бухаралыктар кыргыз, кыпчак кошуундарын чегиндирип, Ошко чейин жеткен. ЖYPYш мезгилинде Музаффар тоолук кыргыздардын согуштук кYЧYн байкап, аларды Кокон бийлигин колдоого тартуу YЧYн, ошол мезгилде Алымбек датка сыяктуу аброю зор. Алай челкемYн башкарып турган Курманжанга жолугууну чечкен. Музаффарды жана аны менен кошо жYрген Кудаярды Мадыда Курманжан егей уулу Жаркынбай менен бирге тосуп алган. 1862-жылы елген Алымбектин датка наамын кийинки мурасчыларына берYY маселесинде алгач даткалыкты Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай энесинин аброюн сыйлап, андай наамдын Курманжанга гана берилишин ылайык керген. Жаркынбайдын бул чечимин Алымбектин туугандары Осмон, ЭмYрбек, Акимбайлар колдоп, Курманжанга расмий тYPде «датка» наамы ыйгарылган. Ал эми Жаркынбай болсо Анжиянга аким болуп дайындалгандыгы боюнча маалыматтарды жацы ецYтте "Кокон хандыгы" (Кыргызстандын материалдарында) аттуу илимий эмгегинде белгилеген.
1863-жылы июнь айында Алымкул жетектеген кыргыз-кыпчактар Коконду камоого алган. Шахрисябзда башталган кетерYЛYшке байланыштуу Кокондон чыгып кеткен Музаффардын жоктугунан пайдаланып, Алымкул ордону ээлеген. Кудаяр хан экинчи жолу качкан. Бийлик кыргыз-кыпчактарга тийип, 1863-жылы 9-июль кYHY Малабектин 12 жашар уулу Султан Сейит такка олтургузулган. Кыргыз-кыпчактардын жамаатындагы эц таасирдYY мамлекеттик ишмер жана таланттуу кол башчы, кыргыздын чыгаан уулу, ошол кезде 34
жашка жацы толгон Алымкул Султан Сейитке Аталык (регент) дайындалып, иш жYЗYндe хандыкты башкарууну толук колуна алган. Бул илимий кез карашын Кокон тарыхнаамасындагы илимий-методологиялык негиз катары кароо менен "Кокон тарыхнаамасына" кошкон салымы, жацычылдыгы катары кароого болот[Кененсариев,147-б.].Бул эмгектеги кeтeрYлгeн маанилYY жагдайлардын бири- бул хандыктын тарыхтагы ролуна, мYнeзYнe баа берYYДeгY Т.Кененсариевдин пикирин тастыктоо YЧYн аталган эмгекте далилдYY фактыларды келтирип, жогорудагы тYШYHYктeр советтик-марксисттик тархынаамада YCтeмдYк кылган концепция экендигин белгилеп, жацычылдык киргизген.
Алымбек датканын саясий инсан катары тарыхтагы ордуна Т.Кененсариев тeмeнкYдeй тарыхый маалматтарды бере алган: ТYштYк Кыргыздардын саясий мамилесине кыргыздарынын чыгаан инсандарынын бири, ошол кездеги Кокон ханынын баш увазири жана Анжыян вилайетинин акими, Алымбек датка чоц роль ойногон. 1860-жылы Токмок, Пишпек сепилдеринин алынганын угар замат, Мала хан Ташкенттен Канат Шаанын ЧYЙ тарапка аттануусу менен эле бир мезгилде Алымбек датканы орус баскынчылары менен кармашууга аттандырган болучу. Алымбек «Анжыян колу» деп аталган кошуун менен Нарын аркылуу ЧYЙ eрeeнYнe багыт алат. Жолдо Кетмен-Тeбe, Тянь-Шань, ЧYЙ кыргыздарынан колун толуктап, аскери 12 миц кишиге чейин жетет. Алымбектин кошуунунун курамында Жангарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын, алардын ичинде Шабдандын да жигиттери болгон. Пишпектин алдында эки кошуун жолугат да Алымбек менен Канат Шаанын ортосунда аскер башчылыкты талашкан чатак чыгат. Натыйжада, Узун-Агач, Кара-Кастек, Каскелец eзeндeрYHYн боюндагы салгылашууларда 2 кошуунун кармашка Алымбек eз кийирбей коюп, кокон армиясы чегинYYгe мажбур болгон. Алгач Кара-Кастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылгандан кийин, Узун-Агачка экинчи чабуул уюштурууну буйруган Канат Шаага Алымбек кескин каршы чыккан. Кокон ордосунун тарыхчысы Мулла Нияз бул жeнYндe: «Алымбек кыргыз менен Канат Шаа тажик кошуунга башчылык кылууну талашып, чатак башташты. Жацжалдан улам Алымбек анжыян колу менен кыргыздарды майдандан алып чыгып кетти да, салгылашуунун сыймык же маскаралык алып келYYчY тагдырын колунан чыгарды...», - деп жазат[5.89-б.]. Алымбектин мындай чечиминин тYпкY максаты тYштYк-тYндYк кыргыз урууларын бириктирип, eз алдынча мамлекет уюштуруу же кокон ордосун толук ээлee болгон деп ойлойбуз. Ошондуктан ал орус бийликтери менен ушул мезгилден баштап эле ымала тYЗYYHY кeздeгeн[Бейсембиев, 2022,87-б.; Шейшеканов, 2023]. Анын биринчи шарты орус аскери менен согушпоо экендигин жакшы тYШYнгeн. Орусияга жYЗ буруп турган ЧYЙ, Ысык-Кeл кыргыздарынын манаптарынын пикирлери да эсепке алынган. Ушул себептерге байланыштуу Узун-Агач салгылашуусунун алдында эле тYндYк кыргыз манаптары: Жангарач, Байтик, Шабдан жана башкалар менен жолугушкан Алымбек кармашта Канат Шаанын жецилишин ыцгайлуу факты деп эсептеген.Узун-Агачтагы «кYнeeсY» YЧYн Алымбек куугунтукталып, Алайга качкан. Ал адыгине менен монгуштардан кошуун жыйнап Коконго жYPYш жасайын деп ойлогон, бирок ага шарт болгон эмес. Ошондуктан аркалык туугандарынан жардам издee менен бир топ саясий иштерди жYргYЗYY максатында 1861-жылы жазында Нарын чeлкeмYнe жeнeп кеткен . 1861-жылы жайында сарыбагыш манаптары Yмeтаалы, Ажы, Тeрeгелди Алымбекке жолуккандан кийин, аларда Коконго, ошол эле учурда белгилYY децгээлде Орусияга да каршы пейил тYЗYлгeн. Алымбектин тоолук кыргыз туугандарынын арасында аброюнун eсYп бара жаткандыгынан кооптонгон
Мала хан жарашуу YЧYн аны ордого чакырган, бирок Алымбек барган эмес, ал турсун хан жиберген адамдарды елтYртYп, алардын артынан келген кошуунду талкалап таштаган. 1861-жылы июлда Ала-Тоо округунун башчысы Сибирь корпусунун командирине «Алымбек менен Мала хандын душмандык мамилеси женYндегY маалыматтар ырасталып жаткандыгын» билгизген.Мындай кырдаалда Коконго же Орусияга ыктаарын билбей эки анжы болгон Алымбек датка тоолук кыргыз урууларын бириктирип, ез алдынча феодалдык ээлик же мамлекет тYЗYYге аракеттенгендигин Дюгамелдин 1861-жылдын 8-июнунда согуш министрине жазган каты бышыктайт. «Алымбек кара-кыргыздардын арасында калып, Ысык-Кел менен Кичи-Бухара аралыгында ез алдынча башкаруучу болуу оюнда бар окшойт, деп жазат Дюгамель, - ошондуктан биз менен жакшы мамилеге етYYHY кездейт шекил.. .»Генерал Дюгамель Г.А. Колпаковскийге эгер Алымбек Орусия менен мамилеге кирсе, аны кубаттагыла деген керсетме берген. Муну тышкы иштер министри А.М. Горчаков да, Александр II да жактырган. Алымбек ТYндYк Тецир-Too арасында жашаган кыргыздарды ез таасирине киргизип, ордодо бийликке жетYY YЧYн 1861-жылы кYЗYнде Фергана челкемYне кайра кайткан. Ал мезгилде ордодогу абал да оор болучу. 1862-жылдын башында Мала ханга каршы козголоц уюштурулуп, бирок аны уюштургандар максатына жетпей калган. Бирок, ошол эле жылдын февралында экинчи козголоцчулар (негизинен кыргыз бийлери: Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар жана башкалар) Мала ханды елтYPYп, анын жээни Сарымсактын уулу 15 жашар Шах Муратты такка олтургузушат. Алымбек баш увазирдик орунду ээлейт. Ордодогу экинчи топ такка Кудаярды кайрадан отургузууну кездешет. Булардын катарында Ташкент беги Канат Шаа жана РYCтембек бар болчу. Канат Шаа Шах Мураттын Коконго чакырганына барган эмес. Бухарадагы Кудаяр менен байланыш тYЗYп, аны Ташкентке чакырып, хан деп жарыялап жиберген. Шах Мурат кыргыз-кыпчак бийлеринин башчылыгында 14 миц кол менен Ташкентти камаган, бирок Букара эмиринин Кожентти басып алышына байланыштуу 53 ^нден кийин Ташкентти камоону токтотуп, Фергана ереенYне кайтып кетYYге аргасыз болгон. Ал Кожентти коргоого кеткенде, Ташкенттен чыккан Кудаяр менен Канат Коконду ээлеп, Коконго келген Шах Муратты замбиректин огу менен тосуп алышкан. Тактыны кайрадан ээлеген Кудаяр Шах Муратты колдогон кыргыз, кыпчактарга согуш жарыялап, Орусияга каршы туруу женYндегY маселени экинчи планга койгон. Ичкилик кыргыз-кыпчак уруусунан чыккан белгилYY мамлекеттик ишмер, 1862-жылга чейин Маргалац вилайетинин акими болуп турган молдо Алымкул Кудаяр тарапка етYп кеткен. Анын аракети менен Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери алгач бийликтен четтетилип, кийинчерээк тындым кылынган. Ал турсун июль айында алдоо жолу менен ордого чакырылган Алымбек датканы Алымкул Чотон аттуу кыргыздын колу менен елтYрткендYГY маалым. Феодалдык тYркейлYк енекет жана кыргыз урууларынын биримсиздигинин залалы мына ушул мамиледен да таасын керYнет. ТYштYк гана эмес, тYндYк кыргыздарына да аброю чоц Алымбек менен Алымкулдай мамлекеттик ишмерлердин бийлик талашуусу анын биринин, Алымбектин елYMYне алып келгендиги кандай екYHYчтYY экендигин жацыча ецYтте Ташманбет Кененсариевдин изилдеелерYнде даана берилгендиги колдоого алаарлык[ЭскерYY,20226.141-б.]. 1874-75- жылдардагы внYгYШY Мамыр Мерген уулу деген 6enYMde твмвн^двй маалыматтар берилген 1874-жылдын жазында элдик толкундоолор кайрадан ^ч алып, алоолонду. Май айында Кара-Кулжа челкемYнде кечYп жYрген кыргыздар Мамыр Мерген уулунун жетекчилиги астында жацы ^ч менен кYрешке чыгышты. 5-6 миц кишиден турган кетерYЛYшчYлер Анжыяндан алыс эмес Коргон-Бардан сепилин алышты, Анжыянга чабуул коюшту. Бирок, 2 миц
сарбаздан турган жазалоочу отряд кeтeрYЛYштY басып, бир нече жYЗ туткундарды жана ^п сандаган аттарды, TYPДYY олжону колго тYШYPYштY. Мамыр Мерген уулу Капка eрeeнYнe (Нарын чeлкeмY) качып кеткен, бирок Кокон ханынын eтYHYЧYнe байланыштуу Токмок уездинин башчысынын буйругу менен 1874-жылы 15-июлда кармалып, мкeтeрYЛYштYн чордонунан алыстатуу жана орус ээликтериндеги кыргыздарды кокон тополоцуна тартууга мYмкYнчYЛYГYн жоготуу" максаты менен Лепси уездине (Казахстан) камакка салынган-демек бул жаатта караганда Мамыр Мерген уулунун ТYштYк жана ТYндYк Кыргызстандын элинин колдоосуна ээ болуп кeтeрYЛYштYн жетекчиси катарында тарыхта калгандыгын белгилеген[ЭмYрбеков,2004,154-б.]. Бул багытта Мамыр Мерген уулунун бул мезгилге чейин белгисиз болгон маалыматтарын тарыхый фактылар менен жазып калтырган.
Т.Кененсариевдин жарыяланбай калган эмгектеринин ичиннен Курманжан датканын феномени деген эмгек eзYHYн кeзY eткeндeн кийин жарыкка чыккан, бул эмгекте Курманжандын тарыхый аренага келYYCY, тарыхый ролу жана коомдогу орду, eмYPYHYн 76 жылы eз эли-журтуна арналган жана eмYP жолдогу ишмердигин Yч чоц доорго бeлYп карагандыгы менен жацыча маалыматтардын бере алгандыгын белгилeeбYЗ керек.Курманжан датканын феномени Алымбек датканын ишмердYYЛYГYнe байланыштуу экендигин баса белиглеп келиши да тарыхый обьективдYYЛYктYн eзeгYн тYзeт.
Экинчи доор- Курманжан датка саясий ишмер деп аталган доор 1862-1876-жылдарды камтыйт.1862-жылы Алымбек датканын eлYMY Курманжан датканы саясий ишмер катарында курчутуп, Кокон бийлигине таяныч TYЗYY жана кыргыздардын каныкесин eз жаатына тартуу максатында Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр "датка" деген наамды ыйгарууга аргасыз болушкандыгы боюнча тарых-таржымалы, ишмердYYЛYГY Т.Кененсариевдин изилдeeсYндe кецири берилген[Боотаева,1995,45-б].
YчYнчY доор- Курманжан датканын дасыккан саясатчы жана коомдук ишмер катары 1876-жылдан XX кылымдын башына чейин созулуп, Орус колониализминин мезгилинем туура келгендигин,Орус колониялык бийликтери менен айлакер дипломатия жYргYЗYYнYн натыйжасында тYштYк кыргыздарынын басымдуу бeлYГYн туура жолго Yндeп,алардын биримдигин сактоого, Ош вилайетиндеги бейпилдикти камыз кылууга аракеттегендигин жацыча eцYттe берилгендигин белгилeeбYЗ керек.
Т.Кененсариев Кокон хандыгынын тарыхын изилдeeдe советтик тарыхчылар саясий коньюнктурага жараша: "Кокон хандыгына каршы кYрeш", "кокондук экспанция" деген советтик шаблондук тезистерди кайра карап чыгуу мезгилдин талабы экендигин баса кeрсeткeн. Ошондой эле Кокон хандыгынын доорундагы жана Россия империясынын Орто Азиядагы жYргYЗгeн экспанциялык саясатынын мезгилиндеги кыргыздардын саясий,социалдык-экономикалык жана маданий турмушундагы eзгeрYYлeрдY туура чагылдырышкан эл шайырлары: Ниязалы,Токтогул,Жецижоктой залкарлардын eмYр-жолу менен достук мамилелери, муундан-муунга адамдык менен даанышмандыктын кeeнeрбeс булагы болуп кала берерин eз иликтeeлeрYндe ачып кeрсeткeн.
Жыйынтыктап айтканда eмYPYHYн акырында жасаган ишинин бири Манастаанууга кошкон зор салымы болду. Анын демилгеси менен "Манасты дYЙнeгe дацазалагандар" деген серияда "Манас" боюнча жазып алган В.Радлов менен Ч.Валихановдун тексттерине тарыхчы-окумуштуу катары алгачкы болуп Баш шз жазып,илимий комментария менен коштолгон 800 беттен турган тестин калыц китеп кылып чыгарууга демилгечи болуп,
Манастаануу илимин изилдее жана жайылтуу боюнча жацы бир багытты ачкандыгын айтууга болот.
Колдонулган адабияттар
1. Абытов Б.К. "Ош факты,события и личности" -Ош 2000
2. Бейсембиев Т.К. "Тарих-и Шахрухи" как исторический источник - Алма-Ата,1987
3. Боотаева Б. Кыргызы между Кокандом,Китаем и Россией -Б: Илим,1995
4. Кененсариев Т.Кыргызстандын Орусияга каратылышы - Б.,1997
5. Кененсариев Т. Алымкул аталык -Ош,1991
6. Кененсариев Т. Кокон хандыгы (Кыргызстандын материалдарында) -Б-2022
7. ЭмYрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду(Х1Х ортосу-ХХк. башы)
8. Шейшеканов, Т. Б. Кыргызстандагы х1х К. Экинчи жарымы-ХХ К. Башындагы элдик кыймылдардын жана кетерYЛYштердYн тарыхын изилдеедегY негизги методологиялык принциптер / Т. Б. Шейшеканов // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых. - 2023. - No. 2(3). - P. 101-108. - DOI 10.52754/1694867X_2023_2(3)_14. - EDN EHKKFM.