Научная статья на тему 'МЕКТЕПТИН ХИМИЯ КУРСУНДА ЭКСПЕРИМЕНТТИН РОЛУ'

МЕКТЕПТИН ХИМИЯ КУРСУНДА ЭКСПЕРИМЕНТТИН РОЛУ Текст научной статьи по специальности «Химические науки»

CC BY
13
7
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Журнал
Endless light in science
Область наук
Ключевые слова
химиялык билим берүү / химиялык эксперимент / демонстрациялык эксперимент / окуучунун эксперименти / виртуалдык эксперимент / лабораториялык тажрыйбалар / практикалык иш / үй эксперименти.

Аннотация научной статьи по химическим наукам, автор научной работы — Арстанбекова Нуржан Батыровна, Султанбек Кызы Гулбахар

Аталган макалада химиялык эксперименттердин классификациясы, мазмуну, функциялары, окуу процессинде химиялык эксперименттин ролу каралат. Химиялык билим берүүдө эксперимент билим берүүчүлүк, тарбиялык жана өнүктүрүүчүлүк кызматты аткарат. Химиялык экспермент химия предмети боюнча билимдин булагы болуп эсептелет, анын негизинде окуучулардын дүйнө таанымы калыптандырылат, көз караштары кеңейет, предмет аралык байланыштар ишке ашырылат, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү өсөт, темадагы башкы нерсени бөлүп көрсөтүүгө үйрөнөт.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Текст научной работы на тему «МЕКТЕПТИН ХИМИЯ КУРСУНДА ЭКСПЕРИМЕНТТИН РОЛУ»

УДК 854.

МЕКТЕПТИН ХИМИЯ КУРСУНДА ЭКСПЕРИМЕНТТИН РОЛУ

АРСТАНБЕКОВА НУРЖАН БАТЫРОВНА

Табигый илимий билим 6epYY кафедрасынын доценти, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад, Кыргызстан

СУЛТАНБЕК КЫЗЫ ГУЛБАХАР

Табигый-техникалык факультетинин магистранты, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад, Кыргызстан

Аннотация: Аталган макалада химиялык эксперименттердин классификациясы, мазмуну, функциялары, окуу процессинде химиялык эксперименттинролу каралат. Химиялык билим берYYдв эксперимент билим берYYчYЛYк, тарбиялык жана внYктYPYYчYЛYк кызматты аткарат. Химиялык экспермент химия предмети боюнча билимдин булагы болуп эсептелет, анын негизинде окуучулардын дYйнв таанымы калыптандырылат, квз караштары кецейет, предмет аралык байланыштар ишке ашырылат, окуучулардын логикалык ой ЖYгYртYYCY всвт, темадагы башкы нерсени бвлуп кврсвтуугв уйрвнвт.

Ачкыч свздвр: химиялык билим беруу, химиялык эксперимент, демонстрациялык эксперимент, окуучунун эксперименти, виртуалдык эксперимент, лабораториялык тажрыйбалар, практикалык иш, уй эксперименти.

РОЛЬ ЭКСПЕРИМЕНТА В ШКОЛЬНОМ КУРСЕ ХИМИИ

АРСТАНБЕКОВА НУРЖАН БАТЫРОВНА

Доцент кафедры естественно-научного образования , Жалал-Абадский государственный университети им.Б.Осмонова, Жалал-Абад, Кыргызстан

СУЛТАНБЕК КЫЗЫ ГУЛБАХАР

Магистрант естественно-технического факультета, Жалал-Абадский государственный университет им.Б.Осмонова, Жалал-Абад, Кыргызстан

Аннотация: В данной статье рассматриваются классификация, содержание, функции химического эксперимента, роль эксперимента в учебном процессе. В химическом образовании эксперимент выполняет образовательную, образовательную и развивающую функцию. Химический эксперимент является источником знаний по предмету химии, на основе которого формируется мировоззрение учащихся, расширяются их взгляды, реализуются межпредметные связи, развивается логическое мышление учащихся, учатся выделять главное в теме.

Ключевые слова: химическое образование, химический эксперимент, демонстрационный эксперимент, ученический эксперимент, виртуальный эксперимент, лабораторные опыты, практическая работа, домашний эксперимент.

Химия - эксперименталдык илим. Андыктан химиялык эксперимент жYргYзбeй туруп бул предметти окутуу мYмкYн эмес. Химия сабактарында химиялык экспериментти системалуу жYргYЗYY мамлекеттик предметтик стандартта жана окуу программасында кeрсeтYлгeн [14,15]. Химиялык эксперимент - окуу процессинин составдык бeлYГY болуп

ОФ "Международный научно-исследовательский центр "Endless Light in Science"

эсептелет. Мектеп программасында химиялык экспериментти eTKepYY эц чоц мааниге ээ. Окуучулар химиялык экспериментти аткаруу аркылуу химиялык реакциялардын жYPYШYн байкашат, анализдешет, жыйынтык чыгарышат, химиялык жабдуулар жана реактивдер менен иштееге YЙрeнYшeт. Химиялык эксперимент окуучуларды химиялык кубулуштар менен гана тааныштырбастан, химия илиминин методдору менен да тааныштырат. Бул предметке болгон кызыгууну ойготууга, процесстерге байкоо жYргYЗYYHY YЙрeтYYгe, иш ыкмаларын eздeштYPYYCYнe, практикалык билгичтиктерди жана кeндYмдeрдY eнYктYPYYгe жардам берет

Химиялык эксперимент - химияны окутуунун негизги методу жана каражаты катарында да кызмат кылат. Ал эми В.Н. Верховский, Т.С. Назаровалардын [3,7] эмгектеринде химиялык эксперимент конкретт^ окуу куралы катарында каралат. В.Н. Верховский химиялык экспериментти заттарды жана химиялык реакцияларды изилдeeнYн негизги ыкмасы деп атайт. В.Н. Верховский изилдee мYнeзYндeгY мындай ишке eзгeчe маани берип, окуучулардын лабораториялык иштерин иштеп чыгып, окуу практикасына киргизген [3].

В.С. Полосин, Л.А. Цветков, Г.М. Чернобельскаянын [11,12,13] эмгектеринде химиялык эксперимент окутуунун каражаты катарында каралат.

Алар эксперимент мектеп окуучуларынын таанып билYY жeндeмдYYЛYгYн, алардын es алдынчалуулугун eнYктYPYYгe кeмeктeшeт жана кeйгeйлeрдY чечYY YЧYн колдонулушу мYмкYн деп эсептешет. В.Я. Вивюрский [4] визуалдык образдардан абстракттуу тYШYHYктeргe eтYY химиялык эксперименттин жыйынтыгын системалуу тYШYHYY процессинде гана ишке ашат, ал эми окуучуларды экспериментти пландаштырууга тартуу окуучулардын изилдee иштерине жeндeмдYYЛYГYHYн калыптанышына шарт тYзeт жана гипотезаны текшере алат деп эсептейт.

Э.Г. Злотников [6] теориялык гана эмес, эксперименталдык изилдeeлeрдY колдонуу окуучулардын практикалык кeндYмдeрYн калыптандырууга мYмкYндYк берет деп эсептейт. Г.С. Качалова [8,9] эксперименталдык проблемаларга eзгeчe ^нул бурган, алардын чечилиши окуучуларга билимди белгилYYДeн белгисизге eтYYHY ишке ашырууга жана алган теориялык билимдерин практикада колдонууга мYмкYндYк берет деп эсептейт.

Методикалык адабияттарда химиялык эксперимент TYШYHYГYHYH тYPДYY аныктамаларын кездештирYYгe болот: «мектептеги химиялык эксперимент», «окуу химиялык эксперимента» ж.б. Булардын ичинен «окуу химиялык эксперимента» TYШYHYГYH бeлYп кeрсeтYYгe болот. Химиялык эксперименттердин ар кандай тYрлeрYн колдонуу менен мугалим окуучуларга теориялык билимди конкреттештирYYHY Yйрeтeт.

Химиялык эксперимент окуучулардын ой жYГYртYYCYн жана акыл-эс ишмердYYЛYГYн eнYктYрeт, аны алынган корутундуну жана чыгарылган жыйынтыктардын тууралыгынын критерийи катарында кароого болот.

Окуу химиялык экспериментинде жалпы негизги компоненттер болуп тeмeндeгYлeр эсептелет: 1) бардык окуучулардын бир убакта кабыл алуусу YЧYн арналган химиялык объекттерди (заттарды жана химиялык реакцияларды) изилдee; 2) эксперименттин максаттарын жана милдеттерин коюу; 3) окуучулардын eздeрYHYн

эксперименталдык ишмердYYЛYГY; 4) химиялык эксперименттин техникасын eздeштYPYY.

Жогорудагы жалпы компоненттердин негизинде окуу химиялык эксперименти тYШYHYГYнe тeмeндeгYдeй аныктама берYYгe болот: окуу химиялык эксперименти - бул химиянын объектилерин тYШYHYYгe жана окуучулардын эксперименталдык ишмердYYЛYГYн eнYктYPYYгe багытталган окуу процессинин атайын уюштурулган фрагменти.

Химиялык эксперимент билим берYYЧYЛYк, тарбиялык жана eнYктYPYYЧYЛYк кызматты аткарат. Ал предмет боюнча билимдин булагы болуп эсептелет, анын негизинде окуучулардын дYЙнe таанымы калыптандырылат, кeз караштары кецейет, предмет аралык байланыштар ишке ашырылат, окуучулардын речи, логикалык ой жYГYртYYCY eсeт, темадагы башкы нерсени бeлYп кeрсeтYYгe YЙрeнeт.

[5].

Азыркы мезгилде химиялык эксперименттин темендегудей классификациясы белгилуу (1-сурет).

1-CYp. Химиялык эксперименттин классификациясы

Химик-методисттер окуу химиялык экспериментинин уч турун белуп керсетушет:1) демонстрациялык; 2) окуучунун эксперименти; 3) виртуалдык эксперимент. Негизинен мугалим тарабынан демонстрациялык столдо жургузулуучу окуу-керсетме эксперимент менен окуучунун экспериментинин - практикалык иштердин, лабораториялык эксперименттердин жана окуучулардын жумуш ордунда аткара турган эксперименттик тапшырмаларынын ортосунда айырма бар.

Демонстрациялык эксперимент - бул окутуучу тарабынан жургузулген химиялык эксперимент (айрым учурларда окуучулар гана). Анын негизги максаты - химиялык кубулуштун манызын ачуу; окуучуларга лабораториялык жабдууларды керсетуу; химиялык лабораторияда эксперименталдык иштин ыкмалары жана коопсуздук эрежелери менен тааныштыруу.

Демонстрациялык эксперименттин керсетмелуулугу, женекейлугу, коопсуздугу, ишенимдуулугу, экспериментти тушундуруу зарылчылыгы жана аткаруу техникасы, демонстрациялык экспериментке коюлган жалпы талаптар методикалык адабияттарда толук ачылган. Демонстрациялык тажрыйбалар окуучулардын лабораториялык жабдуулар менен иштее кендумдеруне ээ боло элек учурда колдонулат.

Изилдеечулук менен иллюстративдик эксперименттин ортосундагы рационалдуу байланыштын толук суреттелушун органикалык химияны окуп уйренуу процессинде Л. Цветковдун эмгектеринен табууга болот [10]. Автор эксперименттин мунезу билим беруу жана таанып-билуу ишинин логикасы менен аныктала тургандыгын керсетет. Демек, эгерде заттын касиеттерин билуу керек болсо, анда байланыштын бул туруне мунездуу болгон реакциялар женунде божомолдорду айтуу керек, б.а. изилдее жургузуу жана гомологиялык катардагы башка заттар учун бул улгуну ырастоо зарыл болгондо, эксперимент иллюстрациялуу болот.

Окуучунун эксперименти - бул окуучулардын лабораториялык эксперименттерди жана практикалык иштерди камтыган ез алдынча ишинин бир туру.

Лабораториялык тажрыйбалар- материалды натыйжалуу ездештуруу жана терен билим алуу учун сабактын ар кандай этабында химиялык тажрыйбаларды аткарууну камтыган ез алдынча иштин бир туру. Лабораториялык тажрыйбалар - бул окуучулардын мугалимдин тузден-туз жетекчилиги астында жасаган эксперименттери. Уюштуруу формасы боюнча лабораториялык эксперименттер жеке, топтук болуп белунет. Мындан тышкары, лабораториялык тажрыйба учурунда эксперименталдык билгичтиктер жана кендумдер

eркYндeтYлeт, анткени окуучулар негизинен ез алдынча иштешет. Тажрыйбаларды аткаруу бYткYл сабакты эмес, анын бир бeлYГYн гана ээлейт.

Практикум - окуу процессин уюштуруунун формасы, окучуулардын ез алдынча практикалык жана лабораториялык иштерди аткаруусу .

Yü эксперименти - бул окуучу тарабынан YЙ шартында аткарылуучу, анын кызыгуусун жана муктаждыктарын камсыз кылган, чыгармачылык ишмердYYЛYГYн eнYктYPYYгe ебелге тYЗгeн тажрыйбалар.

Виртуалдык эксперимент - бул мультимедиа, симуляция жана виртуалдык технологияларына негизделген эксперимент. Ал салттуу табигый экспериментти толугу менен же жарым-жартылай алмаштырууга жeндeмдYY.

А.А.Белохвостов, Е.Я.Аршанский [2] виртуалдык химиялык эксперимент -демонстрациянын каражаты компьютердик техника болуп эсептелген химияны окутуунун методу деп эсептешет.

Виртуалдык химиялык эксперимент бул химиялык эксперименттин бир тYPY, мында химиялык процесстерди жана кубулуштарды демонстрациялоо же моделдештирYY компьютердик техниканы колдонуу менен жYргYЗYлeт. Виртуалдык эксперимент эч убакта химиялык практикалык, лабораториялык иштерди алмаштыра албайт, аны толуктап гана турат

Окуу процессинде химиялык эксперимент темендегу функцияларды аткарат: 1) Маалыматтык функция аркылуу окуучулар заттардын касиеттери жана алардын бири-бирине айлануулары жeнYндe билишет; 2) Эвристикалык функция фактыларды келтирип чыгууну камсыздайт, ошондой эле эмпирикалык тYШYHYктeрдY, жыйынтыктарды, химиядагы закон ченемдYYЛYктeрдY калыптандыруунун каражаты катарында кызмат кылат; 3) Химиялык эксперименттин изилдeeчYЛYк функциясы заттардын анализи жана синтези боюнча практикалык билгичтиктердин жана кeндYмдeрдYн eнYГYШY, заттардын касиеттери жeнYндeгY билимдерди , алардын женекей касиеттерин изилдееге байланышкан.; 4) Тажрыйбалардын жыйынтыктары гипотезаны (божомолду) тастыктаганда критериалдык функция аркылуу ишке ашат; 5) Эксперименталдык билгичтиктерге жана кeндYмдeргe ээ болу учурунда окуучулардын кетирген каталары тYзeтYYЧYЛYк функция аркылуу ишке ашырылат; 6) ЖYргYЗYЛгeн тажрыйбалардын жыйынтыгын химиялык эксперименттин жалпылоочу функциясы аткарат; 7) ДYЙнe таанымдык функция. Туура коюлган окуу химиялык эксперименти химия илиминин негиздерин eздeштYPYYДe окуучулардын илимий кез карашын калыптандыруунун маанилYY каражаты катарында эсептелет.

Жогоруда белгилеп еткендей, химия эксперименталдык илим болгондуктан, окуучу жYPYп жаткан тажрыйбаны байкап, жацы заттын пайда болгондугун билиши зарыл. .Кыргыз Республикасынын билим берYY жана илим министрлигинин жалпы билим берYYЧY уюмдар YЧYн тYЗYЛгeн химия боюнча программасында [15] химиялык эксперимент класстар боюнча теменде^дей бeлYштYPYлгeн:

[1].

Хпмвя предмета боюнча S il кллсстарда хпмпялык экспераменттпн белу пгт ур Y л ушу

11-класс 10-класс

9-класс

8-класс

О 2 4 6 S 10

8-класс 9- класс 10-класс 11-класс

в Практикалык иштер 7 7 7 6

H Лаб. иштер б 7 6 4

H Де м. эк сп ер и мент а 7 7 4

2-сурвт. Химия предмети боюнча 8-11- класстарда химиялык эксперименттин бвлYштYPYЛYШY

Мугалимдин окуу процессинин жYPYШYндe химиялык экспериментти системалуу колдонуусу окуучу YЧYн жYргYЗYЛYп жаткан химиялык реакциялардын жYPYШYн байкап, анализдеп, теориялардын, закондордун мацызын тYШYHYYCYнe жакындан жардам берет, ал аркылуу окуучунун эксперименталдык билгичтиги жана кeндYмдeрY калыптандырылат, окуучуну eзYн-eзY контролдоого, тыкандыкка, эмгекти CYЙYYгe тарбиялайт.

Жыйынтыктоо

Химиялык билим берYYДe химиялык эксперименттин ролу ете жогору. Химиялык эксперимент окутуунун каражаты катарында кызмат кылып, окуучулардын окуу материалын толук eздeштYPYYCYнe, билим сапатынын жогорулашына жардам берет. Химиялык эксперимент аркылуу теориянын практика менен байланышы ишке ашырылат, окуучунун инсан катарында калыптануусуна да ебелге тYЗYлeт.

АДАБИЯТТАР

1. Арстанбекова Н.Б. Химический эксперимент как источник познания в преподавании курса «Неорганическая химия». // "Проблемы современной науки и образования" № 5 (138), 2019.

2. Белохвостов А.А., Аршанский Е.Я. Виртуальный эксперимент и его использование в обучении химии // Химия в школе. -2012. - №4. - 49-55.

3. Верховский В.Н. Техника и методика химического эксперимента в школе.- М.,1959.

4. Вивюрский, В.Я. Эксперимент по химии в средних профтехучилищах.- М.: Высшая школа, 1980 - 72 с.

5. Гаркунов В.П. Совершенствование методов обучения химии в средней школе. - Л., 1974;

6. Злотников, Э.Г. Функции школьного химического эксперимента в условиях развивающего обучения / Э.Г. Злотников, В.П. Гаркунов // Журнал ВХО им. Д.И. Менделеева. - 1983. - №5. - С. 40-43.

7. НазароваТ.С., Грабецкий А.А., Лаврова В.П. Химический эксперимент в школе. - М., Просвещение, 1987

8. Качалова, Г.С. Система экспериментальных задач как средство усиления практической направленности обучения химии в общеобразовательной школе / Г.С. Качалова // Совершенствование преподавания химии в высших и средних учебных заведениях. -Омск, 1989. - С. 50-52.

9. Качалова, Г.С. Методика изучения основных вопросов курса химии 8го класса: учебное пособие / Г.С. Качалова; Новосиб. гос. пед. ун-т. - Новосибирск : НГПУ, 2009. - С.282.

10. Цветков, Л.А. Преподавание органической химии в средней школе / Л.А. Цветков. - 3-е изд. - М.: Просвещение, 1984. - 256 с.

11. Цветков Л.А. Общая методика обучения химии. Содержание и методы обучения химии: пособие для учителей. М.:Просвещение, 1981. 224 с

12. Чернобельская Г.М. Теория и методика обучения химии. -Изд-во Лань, 2018.

13. Полосин В.С., Прокопенко В.Г. Практикум по методике преподавания химии. Учеб. пособие для студентов пед. интов по спец. «Химия». 6-е изд., перераб. М.: Просвещение, 1989. 224 с.

14. Кыргыз Республикасынын жалпы билим беруу уюмдарында 8-11-класстары YЧYн «Химия» боюнча предметтик стандарты, Бишкек - 2022, 83б.

15. Химия. Жалпы билим берYYЧY уюмдар YЧYн программа (8-11- класстар).- Бишкек, 2023. -42бет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.