ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№2(2)/2023, 21-27
ФИЛОСОФИЯ
УДК: 1 (091) 124.2
DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 4
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА ДИНДЕРДИН ТОГОШУУСУ ЖАНА КАРЫМ-КАТЫШЫ (ОРТО КЫЛЫМДАР МИСАЛЫНДА)
ВЗАИМОДЕЙСТВИЕ И ВЗАИМОСВЯЗЬ РЕЛИГИЙ В РЕГИОНЕ КЫРГЫЗСТАНА (НА
ПРИМЕРЕ СРЕДНЕВЕКОВЬЯ)
INTERACTION AND INTERCONNECTION OF RELIGIONS IN THE REGION OF KYRGYZSTAN (THE EXAMPLE OF THE MIDDLE AGES)
Исаков Кубанычбек Абдыкадырович
Исаков Кубанычбек Абдыкадырович Isakov Kubanychbek Abdykadyrovich
ф.и.д., профессор, Ош мамлекеттик университети
д.ф.н., профессор, Ошский государственный университет Doctor of Philosophy, Associate Professor, Osh State University isakov-oshgui@mail.ru
_____________ORCID: 0009-0007-2035-0453___________
Реимов Рустем Мамбеткаримович
Реимов Рустем Мамбеткаримович Reimov Rustem Mambetkarimovich
ф.и.д., доцент, Ош мамлекеттик университети
д.ф.н., доцент, Ошский государственный университет Associate Professor, Osh State University
Бойтоева Салтанат Саитовна
Бойтоева Салтанат Саитовна Boitoeva Saltanat Saitovna
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University saitovakg@mail. ru
КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА ДИНДЕРДИН ТОГОШУУСУ ЖАНА КАРЫМ-КАТЫШЫ (ОРТО КЫЛЫМДАР МИСАЛЫНДА)
Аннотация
Дүйнөлүк маданяттын өнүгүү процессинде таза маданиятты кешдештирүү кыйын. Тарых күбөлөгөндөй бир элдин маданиияты башка бир элге өтүп өнүгүүгө ээ болгон. Ошондуктан да орто кылымдарда Чыгыш-Батыш маданияттарынын өз ара тыгыз коммуникациясы күчөп, бирин-бири толукташып турган. Башкача айтканда бул мезгилде руханий нарк-дөөлөттөрдүн карым-катнашынын күч алышынын негизинде «Борбор Азиялык цивилизация» жаралган. Бул чөлкөмдө мындай улуу маданияттын пайда болушуна ислам дининин жана ага чейинки салттуу диндердин да орду өзгөчө экендиги талашсыз. Ошондой эле бул макалада исламда жана ага чейинки диндердин доктриналарында моралдык-этикалык, нравалык жана социалдык нормалардын концепттери эле камтылбастан, тазалык, чындык, жакшылык, адилдик, асылдык ж.б.у.с. моралдык принциптерге сугарылган категориялар менен биргеликте кооздук, сулуулук, сүйүү өңдүү эстетикалык түшүнүктөр жана идеялдардын жобо-сентенциялары да даана белгилеген.
Ачкыч сөздөр: Борбордук Тянь-Шань, будда, Жети-Суу, зороастризм, Сатук Богра Карахан, Караханийлер мамлекети, манихей конфессиясы, несториан-христиан конфессиясы, Саманид Наср, Саманийлер мамлекети, шаманизм.
ВЗАИМОДЕЙСТВИЕ и взаимосвязь религии В РЕГИОНЕ КЫРГЫЗСТАНА (НА ПРИМЕРЕ СРЕДНЕВЕКОВЬЯ)
Аннотация
В процессе развития мировой культуры трудно сохранить чистую культуру. Как показала история, культура одного народа передавалась другому народу и развивалась. Вот почему в средние века тесная связь между восточной и западной культурами усиливалась и дополняла друг друга. Иными словами, в этот период создавалась «центральноазиатская цивилизация», основанная на усилении взаимодействия духовных ценностей. Нет сомнений в том, что место ислама и предшествующих ему традиционных религий является особенным для возникновения такой великой культуры в этом регионе. В данной статье рассматриваются не только понятия морально-этических, нравственных и социальных норм в исламе и доктринах религий до него, но и чистота, истина, добро, справедливость, благородство и т.д. Вместе с категориями, основанными на моральных принципах, четко определяются и эстетические понятия, такие как красота, любовь и идеалы.
Ключевые слова: Центральный Тянь-Шань, буддизм, Семиречье, зороастризм, Сатук Богра Карахан, государство Караханидов, манихейское конфессия, несторианско-христианское конфессия, Саманид
Наср, государство Саманидов, шаманизм.
INTERACTION AND INTERCONNECTION OF RELIGIONS IN THE REGION OF KYRGYZSTAN (THE EXAMPLE OF THE MIDDLE AGES)
Abstract
In the process of development of world culture, it is difficult to preserve pure culture. As history has shown, the culture of one people was passed on to another people and developed. That is why in the Middle Ages the close connection between Eastern and Western cultures intensified and complemented each other. In other words, during this period a “Central Asian civilization” was created, based on the strengthening of the interaction of spiritual values. There is no doubt that the place of Islam and the traditional religions that preceded it is special for the emergence of such a great culture in this region. This article examines not only the concepts of moral, ethical, ethical and social norms in Islam and the doctrines of religions before it, but also purity, truth, goodness, justice, nobility, etc. Along with categories based on moral principles, aesthetic concepts such as beauty, love and ideals are also clearly defined.
Keywords: Central Tien Shan, Buddhism, Semirechye, Zoroastrianism, Satuk Bogra Karakhan, Karakhanid state, Manichaean confession, Nestorian-Christian confession, Samanid Nasr, Samanid state, shamanism.
Киришүү
Теманын актуалдуулугу. Караханийлер мамлекетинин түзүлүшүнө чейин Борбордук Тянь-Шанда жана Жети-Сууда жашаган элдер будда, христиан диндерине сыйынышкан. Мындан тышкары, алардын арасында шаманизм, зороастризм жана манихейизмдин калдыктары да сакталып келген. X кылымда Баласагын шаарында ар кайсы өлкөлөрдөн келишкен соодагерлер будда, несториан-христиан жана манихей конфессияларынын миссионер өкүлдөрү бейпил турмуш кечиришкен. Бул мезгилде Борбордук Азиянын батыш бөлүгүндө борбор шаары Бухара болгон Саманийлер мамлекети турган.Анын эли мусулман динине баш ийген. Бул динди чыгыш тараптагы бутпарастык түрк элдерине жайылтуу уламдан-улам күчөй баштаган. Сатук Кара -хан X кылымдын орто чендеринде Кашкарга качып келген Саманид Наср аркылуу ислам динин жашыруун кабыл алган. Мына ушул окуядан кийин Сатук Кара-хан ислам динин бул аймактагы элдерге күч менен тарата баштайт.
Ошентип, X кылымдын экинчи жарымында Кашкар шаарынын айланасында, Борбордук Тянь-Шань жана Жети-Суу аймагында жаңы түрк каганаты болгон Караханийлер мамлекети түзүлөт да, ислам дини андагы элдерге таратылып, мамлекеттик негизги идеологияга айланат. Ислам динин кабылдоодо кыргыздардын көпчүлүк уруулары да четте калган эмес.
Бүгүнкү күнү элдердин карым-катнашы кулачын кенен жайып, ачык мүнөздө жүрүүдө. Бирок, ошол эле учурда маданияттар, анын ичинде диндер ортосундагы пикир келишпестиктер, атаандаштык да ачык эле өрчүп баратканы байкалат. Учурда мындай тенденциянын терс, зыяндуу залакасынан, кесепеттеринен сактануу, алдын-алуу үчүн өткөн тарыхыбызга кайрылуу пайдалуу. Анткени, жогоруда белгилегендей байыркы мезгилдерде Борбодук Азия регионунда ар түрдүү элдердин жана алардын диний ишенимдеринин аралашып жашоо тагдыры буйруган. Мына ушул аймакта шаманизмдин, теңирчиликтин, зороастризмдин, буддизмдин, христианчылыктын, манихейчиликтин, исламдын жана жергиликтүү элдердин салттуу ишенимдеринин негизги идеялары кесилишкен. Алардын бардыгы аталган региондогу элдердин руханий турмушунун негиздеринин бири болуу менен түркестан исламы деген синкретикалык кубулушту пайда кылган. Жергиликтүү культ жана ишенимдер менен болгон компромисс гана исламдын бул региондо бекем орношун камсыз кылган. Адистердин пикири боюнча, ислам менен органикалык жуурулушуп кеткен исламга чейинки ишенимдердин туруктуулугу жана ийкемдүүлүгү таң калтырат. Атеизм мамлекеттин позициясы болгон совет мезгилинде деле генетикалык жактан тээ исламга чейинки ишенимдерге барып такалган диний традициялар ортодоксалдуу исламдын нормаларына караганда зор туруктуулукту сакташкан.
Борбор Азия дүйнөлүк диндер менен локалдык культтардын өз ара таасир этүү жана бири-бирине сабырдуу мамиле кылуусу үчүн шарттарды калыптаган регион болгон. Ал нерсе шексиз түрдө бул аймакта жашап жаткан азыркы элдердин менталитетине терең из калтырган. Бул маселени ар тараптан илимий изилдөө бүгүнкү күндүн зарыл милдети десек ашыкча болбойт.
Бул аймактагы элдердин тагдыры татаал жана катаал болгонуна карабастан дал ушул элдер диний ишенимдер ортосундагы ынтымактын жана бири-бирин сыйлоонун, бири-бирине маданий көз каранды болуу менен бүтүндүктүн үлгүсүн көрсөтүшкөн.
Жалпы адамзат маданиятынын тарыхында мусулмандык чыгыш элдеринин орду өзгөчө. Бекеринен бул аймакты орто кылымдын тарыхчылары «дүйнөнүн көкүрөгү» деп аташкан эмес, бул жерде көптөгөн кылымдар бою дүйнөлүк цивилизациянын жүрөгү согуп турган.
«Мусулман» же «араб» маданий традициясы деп аталган Жакынкы жана Ортонку Чыгыштын маданияты түрк, перс, араб, индус ж.б. элдеринин маданиятынын синтези болуп саналат, буга байыркы элдердин ары-бери көчүп жашоосу, соода-сатык жана маданий байланыштары себеп болгон. Байыркы Чыгышта бул процесстер бат-бат кайталанып турган жана натыйжада бул маданияттын ичинде универсалдуулуктун түрдүү баскычтарынын компоненттери - жергиликтүү салт-санаалардан баштап дүйнөлүк маданияттын тарыхы үчүн маанилүүлүккө ээ традицияларга чейин жеткен. Мына ошондуктан жалпы араб-мусулман маданиятынын спецификасын жана өз алдынча оригиналдуулугун түшүнүү үчүн зороастризмден, христиан дининен, иудаизмден, буддизмден жана түрк көчмөндөрдүн дүйнө таанымдарынан тамыр алган маанилүү башаттарды бөлүп көрсөтүү зарыл.
Жакынкы жана Ортонку Чыгыш аймактарындагы ислам мезгилине чейинки маанилүү дүйнөлүк маданияттар зороастризм жана байыркы зороастризмдин жана христиан дининин синтезинин базасынын негизинде III кылымда перс динчили Мани тарабынан түзүлгөн Ортонку Чыгыштын диний агымы-манихейчилик болуп саналат. III-V кылымдарда манихейчиликтен бөлүнүп чыккан маздакизм дини Чыгыштын бардык аймактарына Индия, Орто Азия жана Жети-Сууга чейин тараган.
Белгилүү космополиттер философиялык-диний манихейчилик окуусун вавилондук, персиялык жана ошондой эле көптөгөн христиандык идеялардын үлгүлөрүн колдонуу аркылуу мифологиялык иррационализм менен формалдуу-логикалык далилдерди синтездеп байланыштырууга умтулушкан.
Манихейлер адамдын концепциясын иштеп чыгууда Кудай тарабынан берилген акылды жогору баалашкан.
Авестанын зороастризми - бул пайгамбар Заратуштранын окуусу. Анын окуусу дүйнөдөгү бардык нерсе эки карама-каршы лагерге - Ырайымдуулуктун жана Кастыктын дүйнөсүнө, Караңгылык менен Жарыкчылыктын падышачылыгына бөлүнөт деген пикирге такалат. Жарыктын, ырайым-мээримдин жана адилеттүүлүктүн дүйнөсү бул дуалисттик системада Ахура-Мазданы, ал эми Караңгылык жана Кастыктын дүйнөсү Ангра-Майнью билдирет. Ахура-Маздага бул карама-каршылык жана түбөлүк күрөштө күч-кубат жаратуучулар болгон тазалыктын жана боорукердиктин жаркын рухтары жардам берет1.
Зороастризм этикасынын жана эстетикасынын үч принцибинин салыштыруусунда жана карама-каршы коюлуусунда мындайча этикалык триада айтылат: ак сөз, асыл ой жана адал иш, булардын табигый контрасты - жаман сөз, начар ой жана жаман иш.
Иудейлердин ыйык китебинин биринчи эле беттеринде Кудай өзү жараткан жаратылышты суктануу менен карап «Тоб» дейт, бул «жакшы», «кооз», «татынакай» дегенди билдирет. Кооздук сырткы дүйнөнүн, жалпы эле бардык нерсенин ажырагыс бөлүгү катары кабыл алынат. «Тоб» жан дүйнөнү, материалдык баалуулуктардын жандануусун чагылдыруучу эстетикалык категория. «Соломондун даанышмандыгына» ылайык адамдар
1 Авеста. /Перевод И. Стеблин - Каменского, - М.: Дружба народов, 1993. - С. 70.
татынакай көрүнгөн нерсеге кызыгышат, ага ишенишет (түсү ийгиден түңүлбө)2. Сулуулуктун маңызы же «Тобо» «Көөнө осуятта» дүйнөнүн гармониясынын белгиси жана материалдык жан дүйнөнүн башталышы катары берилет. Мына ошондуктан да Библияда кооздук жана сулуулук Свет-Светоч (жарык, жарык чачуучу) деп айырмаланат.
Библияда кооздуктун эки концепциясы - реалисттик жана диний көз караштары жанаша жашайт. Александрия иудей мектебинин улантуучулары агадисттердин чыгармачыл фантазиясында - кооздук, сулуулуктун жарык нурун чачышы эң жогорку ички дүйнөнүн сулуулугу менен кооздуктун материалдык кубулушунун орток байланыштыруучу звеносу катары карашкан. Мына ошондуктан Библия жана Агада кооздуктун сезимдик жана акылдык түрлөрүн бөлүп көрсөтүшөт.
Чыгыштын көчмөн маданияты ачыктык, ак көңүлдүк жана меймандостук касиеттери менен константинополдук епископ Несторийдин жолун жолдоочу несториан-христиандардын өз аймагына киришине жол берген, алар Несторийдин өлүмүнөн кийин куугунтукка алынган болчу. Несториандар негизинен Персияга, Орто Азияга жана Жети-Сууга көчүп келип жайгашышкан.
Академик В.В. Бартольд: «X-XIII кылымдарда Кулжа аймагынын чыгыш жагында көпчүлүк ислам динин тутунган эмес, анын үстүнө, мусулмандар жашаган жерлерде башка диндегилер да көп болгон, мисалы, Жети-Суу, Пишпек жана Токмокто табылган мүрзөлөр Чүй өрөөнүндө несториан айылдары болгондугун көрсөтөт, Коялыктын (азыркы Талды-Коргондон алыс эмес) түндүк тарабында несториандар жашаган жана өздөрүнүн чиркөөсү болгон аймакка 1253-жылы Рубрук барган», - деп жазат3.
Куугунга айдалган несториандар грек тилине жана официалдуу Византия чиркөөсүнө жек көрүү абалында болуп, өз эмгектеринде сирия (азыркы Сирия мамлекети жана алардын тилине тиешеси жок), андан кийин согдий тилдерин колдонушкан. Мына ушинтип антик маданияты аларга сирия тилиндеги котормосу аркылуу жеткен жана башка диндегилерге өткөн, алар болсо бул баалуулуктарды кабыл алып гана тим болбостон ийгиликтүү улантышкан.
Несториандардын каршылаштары монофизиттер да куугунтукталышкан, алар да несториандар сыяктуу эле өз көз караштарын жайылтуу үчүн сирия жана копт тилин колдонушкан. Христиан-несториандардын жана монофизиттердин мааниси алардын жардамы менен антик материалдарынын, болгондо да, сирия тилиндеги кийинки муундарга жана башка элдерге текст түрүндө жеткендиги анык. Айрым билимдүү адамдардын эки тилди билүүсү аркылуу байыркы грек филсофторунун мурастарынын кеңири тарай башташы жаралган. Адегенде ислам динин кабыл алган сириялык-несториандардын аракети менен Аристотелдин философиялык багыттагы чыгармалары, Г алендин медициналык трактаттары сирия тилинен араб тилине которулган. Котормочулардын экинчи мууну материал тандоо боюнча мурдагыларга караганда эркин болуу менен антикалык табигый-илимий жана философиялык изилдөөлөрдү которуу боюнча чоң эмгек кылышып, орто кылымдагы араб тилиндеги философиянын келечеги жана калыптанышы үчүн кеңири жол ачышкан. Бул жумуштар Аль-
2 Рационалистическая традиция и современность. Ближный и Средний Восток. - М.: Наука. Главная редакция восточной литературы, 1990. - С. 78.
3 Бартольд В.В. Кыргызы: Исторический очерк. //Соч. - Т. 2, ч. 1. - М.: 1963. - С. 61.
Мамун халифтин колдоосу менен негизделген Акылмандыктын Үйүндө аткарылган, бул үйдүн китепканасы илимдин бардык тармактары боюнча илимий эмгектер менен дайыма толукталып турган. Котормо жана баяндама жасоо иш-аракеттеринин гүлдөп өсүшү IX-X кылымдарга туура келет.
Корутунду. Сириялыктар жана анын маданияты орто кылымда дүйнөлүк тарых үчүн чоң мурас калтырды. Бул процесс Араб халифатынын түзүлүшү жана ислам дининин кеңири тарай баштаган мезгилинде өзгөчө өнүгүүгө ээ болду, Батыш менен Чыгыштын карама-каршылыгы күчөп, азыркы Орто Азиянын, Казакстандын аймагына ислам динин жайылышы менен маданий байланыштар тоскоолдукка учурай баштаган. Мусулмандардын арасында жашап, бирок христиан идеологиясын тутунган сириялыктар Батыш менен Чыгыштын ортосунда илимий маалыматтардын жана маданий баалуулуктардын алмашуусунда ортомчулук кызматты аткарышкан. Сириялыктар арабдарды, перстерди, түрктөрдү антик илимдеринин мурастары - Платондун, Аристотелдин, Г алендин, Г иппократтын эмгектери, манихейлердин идеялары менен тааныштырышкан. Орто кылымдарда Чыгыш философиясынын жана илиминин жогорку деңгээлде өнүгүшү байыркы грек маданиятынан үлгү алып, азыктанган узак процесстин натыйжасы экендиги талашсыз.
Ошентип бул мурастар Аль-Фарабинин, Ибн Синанын, Жусуп Баласагындын жана алардын жолун улантуучулардын көптөгөн трактаттарында колдонулду, иштелип чыгылды, жаңы сапаттарга, көз караштарга жана идеяларга ээ болду.
Пайдаланылган адабияттар
1. Абдимиталип уулу, Н. (2023). О некоторых фольклорных элементах в словаре Махмуда Кашгари “Диван Лугат ат-Турк”. Вестник Ошского государственного университета, (2), 101-106. DOI: https://doi.org/10.52754/16948610 2023 2 12. EDN: LKPOYE.
2. Авеста. /Перевод И. Стеблин - Каменского, - М.: Дружба народов, 1993. - 207 с.
3. Аль Сардади (Кардауи) Юсеф. Ислам: дозволенное и запретное. /Пер. с араб. З. Арухова, Р. Гаджиева. - Алматы: Онер, 1994. - 142 с.
4. Бартольд В.В. Кыргызы: Исторический очерк. //Соч. - Т. 2, ч. 1. - М.: 1963. - С. 471543.
5. Буддизм. История и культура. - М.: Наука, 1982. - 227 с.
6. Веймарн Б. В. Искусство арабских народов (средневековый период). - М.: Искусство, 1960. - 199 с.
7. Закиров, М., Закирова, А., Сабиров, Р., & Чыналиева, М. (2022). Распространение Ислама у кыргызов. Вестник Ошского государственного университета. История, (1), 38-47. DOI: https://doi.org/10.52754/1694867X 2022 1 5. EDN: VGAVNC.
8. Исаков , К., & Жалалов , Э. (2023). Вклад выдающегося ученого-мыслителя восточного
ренессанса Абу Райхан Беруни в мировую науку. Вестник Ошского государственного университета. Философия. Социология. Политология, 1(1), 13-22. DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823 2023 1(1) 3.
9. Ислам. Историографические очерки. - М.: Главная редакция Восточной литературы, 1991. - 288 с.
10. Ислам: Кыскача маалыматтама. - Ф.: Кыргызстан, 1990. - 144 б.
11. Крачковский И. Ю. Избранные сочинения. - Т.1. - М.; - Л.: 1956. - С. 196.
12. Памеранцева Л. Е. Поздние даосы: о природе, обществе и искусстве. - М.: 1979. - С. 139, 205, 241.
13. Рационалистическая традиция и современность. Ближный и Средний Восток. - М.: Наука. Главная редакция восточной литературы, 1990. - 280с.
14. Сагадеев А. В. Очеловеченный мир в философии и искусстве мусульманского средневековья. //Эстетика и жизнь. - Вып. 3. - М.: 1974. - С. 462 - 463.
15. Темиралиева, Г.Т. (2021). Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплекси Ислам архитектурасында. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 3, No. 3, сс. 102-111. EDN: MMPPRU.