ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№2(2)/2023, 100-105
ИСКУССТВО
УДК: 78.05.
DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 16
КЫРГЫЗ ИСКУССТВОСУНДА ТАБИЯТ КООЗДУГУНУН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ
ОТРАЖЕНИЕ КРАСОТЫ ПРИРОДЫ В КЫРГЫЗСКОМ ИСКУССТВЕ REFLECTING THE BEAUTY OF NATURE IN KYRGYZ ART
Топчубаева Элмира Абжалиевна
Топчубаева Элмира Абжалиевна Topchubaeva Elmira Abzhalievna
магистрант, Ош мамлекеттик университети
магистрант, Ошский государственный университет master’s student, Osh State University
КЫРГЫЗ ИСКУССТВОСУНДА ТАБИЯТ КООЗДУГУНУН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ Аннотация
Бул макалада пейзаж жанрынын маани маңызы, анын башка көркөм сүрөт жанрларынан айырмачылыгы иликтенди. Ошондой эле кыргыз искусствосунда жаратылышты чагылдыруу жанрында эмгектенген тунгуч сүрөтчүлөрдүн пейзаждык темаларындагы жараткан чыгармаларына анализ жүргүзүлдү.
Ачкыч сөздөр: пейзаж, перспектива, искусство, жанр, түс, кооздук, табият.
ОТРАЖЕНИЕ КРАСОТЫ ПРИРОДЫ В REFLECTING THE BEAUTY OF NATURE IN
КЫРГЫЗСКОМ ИСКУССТВЕ KYRGYZ ART
Аннотация
В данной статье рассматривается сущность жанра пейзажа и его отличие от других жанров искусства. Также проанализированы произведения первых художников, работавших в жанре изображения природы в кыргызском искусстве на пейзажную тематику.
Abstract
This article examines the essence of the landscape genre and its difference from other genres of art. The works of the first artists who worked in the genre of depicting nature in Kyrgyz art on landscape themes were also analyzed.
Ключевые слова: пейзаж, перспектива, искусство, Keywords: landscape, perspective, art, genre, color, beauty, жанр, цвет, красота, природа. nature.
Киришүү
Теманын актуалдуулугу. Пейзаж - бул көркөм сүрөт жанрларынын бир түрү, мында живопистик чыгарманын борбордук проблемасы - реалдуу жаратылыш кубулуштары же адам тарабынан кайра өзгөртүлүп сүрөттөлгөн табият көрүнүштөрү болуп саналат. Искусствонун бул жанры тууралуу ар кандай көз караштар, ой-жүгүртүүлөр, идеялар азыркы учурда гана пайда болуп калган эмес, ал көптөгөн убакытты өз ичине камтыйт. Көркөм өнөрдүн тарыхында жогорку деңгээдеги тажрыйбалар жаралып, узак мезгилдин ичинде көркөм техникалар жана ыкмалар иштелип чыгып, өркүндөтүлүп муундан муунга өткөрүлүп келген.
Табияттын кооздугун чагылдыруучу искусствонун бул түрүнүн негизги максаты болуп жаратылыш көрүнүштөрү, айлана чөйрө, атмосферанын абалынын берилиши, ошондой эле андагы тегиздиктин перспективалык түзүлүшү саналат. Пейзажда шаардын жалпы реалдуу көрүнүшү, андагы имараттардын түрлөрү, ар кандай курулуштары жана айыл чарба жерлери, деңиз мейкиндиктери, тоо кыркалары, токойлор, суулар ж.б. табияттын кооз кубулуштары чагылдырылат1.
Тагыраак айтканда, көркөм сүрөт искусствосунда пейзаж, портрет, натюрморт сыяктуу түрдүү жанрлар бар, алардын ичинен пейзаж жанры жаратылыш кооздуктарын чагылдыруу өзгөчөлүгүнө ээ. Ар бир таланттуу инсан өздүк жеке стили, дүйнө көз карашы, табияттагы түрдүү түстөрдү ажырата билүү жөмдөмдүүлүктөрү менен айырмаланат. Алар өздөрүнүн өзгөчөлөнгөн дүйнө таанымдары аркылуу көркөм чыгармаларды жаратып, дүйнөнүн кооздуктарын жалпы коомго түрдүү түстөр, образдар аркылуу жеткирүүгө аракет жасашып, кооздуктун мыйзамдарын терең түшүнүүгө жардам беришет.
Жер шаарынын географиялык түзүлүшүнө жараша ар кандай чөйрөнүн өзүнчө жаратылышы болот, андагы кооз көрүнүштөр адамга дем берип, чыгармачылык эргүү жаратат. Андан таланттуу музыканттар, композиторлор, сүрөтчүлөр, акындар ж.б. улуу инсандар калыптанат. Ошондуктан ар бир элдин өзүнө таандык болгон кайталангыс чыгармачылык баалуулуктары болгон, анын ичинде улуттук маданиятты өнүктүрүүгө үзүрлүү эмгектенген, кыргыз элинен чыккан залкар инсандарыбыз да жок эмес. Алардын катарына кыргыздардын тунгуч сүрөтчүлөрүн кошууга болот1 2.
Ар бир сүрөтчүдө кайсы аймакта, кайсы географиялык чөйрөдө жашаганына жараша анын алгачкы визуалдык кабыл алуулар пайда болуп, ага байланыштуу ата мекенге, туулуп өскөн жерине болгон сүйүү сезимдеринин калыптанышына табияттын тоолуу же тегиз аймактары, деңиз жээктери, жылуу жана суук шарттардын өзгөчөлүктөрү зор таасир берет. Анын чыгармачылык жүзүн ачуу үчүн индивидуалдык стиль түшүнүгү, б.а. ал тарабынан иштелип чыккан образдын ырааттуу системасы, жеке өзүнө гана мүнөздүү болгон эмоционалдык жана пластикалык интонациясы, визуалдык тилдин тембри, ошондой эле композициялык, ритмикалык маанилери белгилүү орунду ээлейт. Визуалдык түрдө кабыл алынган формалардын тартиби автордун айлана чөйрөгө болгон мамилесинен жана дүйнө таанымынын мүнөзүнө көз каранды болот. Дүйнөлүк искусствонун улуу чеберлеринин чыгармачылыктары стилдик биримдикке жана экспрессивдүүлүккө ээ.
1 Изобразительное искусство Киргизской ССР: Альбом. М.: Сов.художник, 1974, - 34 е., 55 с.
2 4. Мосолова Л.М. Изобразительное искусство Киргизии. -Фрунзе: Кыргызстан, 1967. 35 с.
Кыргыз элинин биринчи улуттук, өзгөчө таланттуу сүрөтчүлөрү Г.Айтиев менен С.Акылбеков кесиби боюнча пейзаж сүрөтчүлөрү катары эсептелишкен. Алар социалисттик идеялардын негизинде турмушту кайра куруу багытынын таасири астында тарбияланып, өздөрүнүн этникалык тарыхын терең түшүнүү менен республикада искусствонун жаңы формаларын түзүүчүлөрү катары, башкалардан чыгармачылык куч-кубаты менен
өзгөчөлөнүп турушат. Г.Айтиев үчүн чыгармачылык - бул живопистин ар кандай жанрларын терең өздөштүрүү болуп саналган. Анын чыгармачылык эмгектеринин өнүгүшүндө пейзаждык темалардан тышкары тематикалык полотнолор жана замандаштарынын
3
портреттери чагылдырылган, ошондой эле ал скульптурада да өз күчүн сынап көргөн.
Алар кыргыздардын элдик декоративдик-прикладдык искусствонун үлгүлөрүн андан ары тууроо салттарынан сырткары, улуттук искусствонун жаңы түрлөрүнүн негиз салуучулары болушкан. Алар чыгармачылыктын сырларын турмуштун образдарынан, ошондой эле батыш ой жүгүртүүлөрүнөн жана орус элинин кесиптик сүрөт өнөрүнүн чеберчилик салттарынан үйрөнүшкөн. Алардын оригиналдуу болгон чыгармалары этникалык көркөм сезимдердин таасирлери аркылуу ишке ашкан. Бул алардын композициялык полотнолорунда жердин, тоонун жана асмандын өз ара мамилелеринин горизонталдык ритмдери ачык пейзаждын кеңири масштабында чагылдырылган. Алардын жараткан чыгармаларында эреже катары, түрдүү формалар ашыкча колдонулган эмес, тескерисинче түс схемасына бай болгон.
Башкача айтканда, ар бир сүрөтчү индивидуалдык чыгармачылык табиятына ээ болушат, ал табигый нерсе. Г.Айтиевге табияттын бир кыйла ири монументалдуу көрүнүшү, тондук живопистин жылмакай ыкмасы, түстөрдүн тазалыгы жана тоналдык ырааттуулугу мүнөздүү. Ал өз пейзаждарында жаратылыштын кооздугун руханий-эмоционалдык дүйнөсү аркылуу өткөрүп объективдүү дүйнөнү көз алдына элестетип, реалдуулукту көркөм образдардын жардамы менен кайрадан түзүп чыккан. Көркөмдүк жалпылоо жөндөмүнө, терең тажрыйбага ээ болгон Г.Айтиев сюжеттердин эскиздик формасын жана жанрдык элементтерин дайыма маңыздуу сүрөттөп бере алган, башкача айтканда монументалдуу композициялык чыгармаларды жаратууга умтулган.
XX кылымдын 50-60-жылдардын башында «Анжиян өрөөнү» аттуу пейзажында ал кыргыз жериндеги жашоо кыймылынын динамикасына, күндүн батышына, күз мезгилдерине жана табияттын түрдүү формаларына эстетикалык көз караштар менен мамиле кылып, кооздуктун мыйзамдары аркылуу көркөмдөп бере алган. Сүрөтчүнүн кийинки «Талаадагы тандыр», «Маанай» аттуу сүрөт чыгармаларында жашоого, туулуп өскөн жерине болгон сыймыктануулары философиялык ой жүгүртүүлөр менен даанышмандык түшүнүктөрү
4
аркылуу чагылдырылган .
Ал эми кыргыздардын белгилүү сүрөтчүсү С.Акылбеков лирикалык пейзаждын чебери катары жалпы элге кеңири таанымал болгон. Ал камералык деңгээлдеги сүрөтчү катары анын чыгармачылыгы негизгинен эскиз формасында жаратылган чыгармалардын катарын толуктайт. Эскиз - бул натурадан тез убакыттын аралыгында жаралган живописттик көркөм 3 4
3 Айтиев Гапар Айтиевич (1912) Герой Социалистического Труда, народный художник СССР, член-корреспондент Академии художеств СССР, лауреат Государственной премии Киргизской ССР им.Токтогула.
4 Уметалиева Дж.Т. Художественные особенности киргизской жанровой живописи. Ала-Тоо, 1965, № 9, с.109-
сүрөт чыгармалары эсептелет. Анын түстүү полотнолорунда тынч поэтикалык ой жүгүртүү биринчи орунду ээлеген. Ал эскиз формасынын чегинен чыгууга аракеттенип, кээде өз эмгектерин живопистин көлөмдүү өлчөмүнө чейин кеңейтүүгө аракеттенген. Анын эскиздери назик лирикалык, көбүнчө адамдын катышуусун чагылдырган пейзаждык чыгармалары менен айырмаланып турат5.
Сүрөтчүнүн дүйнөгө болгон сезимталдыгы түздөн-түз жаратылышка арналып түрдүү пейзаждык чыгармаларында терең чагылдырылган. Алардагы жылуулук, назиктик, байкоочулук жана кылдаттык түшүнүктөрү чеберчилик менен берилген. С.Акылбеков өзүнүн «Кыргызстандын түштүгүндөгү күз», «Акыркы шоола», «Булуттуу күн» аттуу көркөм сүрөт чыгармаларында таңкы күүгүм жана кечки өткөөл мезгилдери, жарык нурдун шооласы, жаратылыштын мезгилдик кубулуштары жандуу түстөр менен сүрөттөлгөн жана ал тоо этектерин жана карлуу тоо чокуларында күндүн баткан нурларын өзүнүн полотносунда чагылдырганды жакшы көргөн.
Кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун улуттук өзгөчөлүгү бара-бара калыптанып, дайыма өзгөчө мааниге ээ болгон теманын өзгөчөлүгүнөн гана эмес, чыгарманын мазмунунун эмоционалдуулугуна арналган поэтикалаштырууда да байкалат. Көркөм форманын өзгөчөлүктөрү менен түздөн-түз байланышкан образдык түзүлүш колдонулган. Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн реалисттик ыкманы өздөштүрүүлөрүнүн натыйжасында элдин турмушунун кайталангыстыгын жана чындыкты көркөм өнөр аркылуу чагылдырууга терең салым кошушкан. Ошондуктан орус сүрөтчүлөрүнүн живописттик мектебинен үйрөнгөн көргөзмө каражаттардын жардамы менен Г.Айтиев менен С.Акылбеков кыргыз жеринин жаратылышын жаңыртып, көркөм кооздуктардын негизинде чагылдырууда чоң бийиктиктерге жетишишкен. Алардын маңыздуу эмоционалдуулугу менен айырмаланган чыгармаларында кыргыз элинин эстетикалык көз караштарынын маани маңызы терең ачылып берилген. Бул элдик сүрөтчүлөрдүн көркөм сүрөт чыгармаларынын сюжеттик мотивдеринин окшоштугуна карабастан, түпкү табияттын маңызын кабыл алуунун оригиналдуулугу жана чыгарманын көркөм формасынын сулуулук ченеминин баалуулугу менен айырмаланып турган6.
Пейзаждык жанр кыргыз живописинин стилистикалык жактан калыптанган бөлүгү катары терең идеялык, мазмундук жана формалдык маселелерди чечкен, анткени кыргыз сүрөтчүлөрүнүн түшүнүгүндө табияттын кубулуштары көркөм сүрөт тартуунун жөн эле объектиси эмес, ата-журт темасы, анын өткөн тарыхы, азыркы жана келечектеги жашоосу кызыктырып келген. Андан сырткары композициянын, чийүүнүн жана түстүн мыйзамдары живопись жана прикладдык искусство үчүн бирдей экендигине маани беришип, бул мыйзамдарга ылайык эмгектерин жаратышкан.
Колдонулган адабияттар
1. Айтиев Гапар Айтиевич (1912) Герой Социалистического Труда, народный художник СССР, член-корреспондент Академии художеств СССР, лауреат Государственной премии Киргизской ССР им.Токтогула.
5. Акылбеков Сабырбек Мамбетсадыкович (1914-1968) -заслуженный деятель искусств Киргизской ССР.
6 Уметалиева Дж.Т. Особенности развития киргизской живописи 60-х 70-х годов. - Ала-Тоо, 1977, № I, с.131-140.
2. Акылбеков Сабырбек Мамбетсадыкович (1914-1968) -заслуженный деятель искусств Киргизской ССР.
3. Изобразительное искусство Киргизской ССР: Альбом. М.: Сов.художник, 1974, - 34 е., 55 с.
4. Курбанбаев К.А., Ахмеджанова А.М., Ыразаков Д.А. (2020). Кыргыз элинин көркөм сүрөт искусствосу. Вестник Ошского государственного университета, No. 1-3, сс. 290294. EDN: GOMAWD.
5. Мосолова Л.М. Изобразительное искусство Киргизии. Фрунзе: Кыргызстан, 1967. 35 с.
6. Попова О. Живопись Гапара Айтиева. Искусство, 1971, № 4, с.32-38.
7. Прыткова Л.А. Сабырбек Акылбеков. Фрунзе: Кыргызстан, 1968. - 63 с.
8. Уметалиева Дж.Т. Особенности развития киргизской живописи 60-х 70-х годов. - Ала-Тоо, 1977, № I, с.131-140.
9. Уметалиева Дж.Т. Художественные особенности киргизской жанровой живописи. Ала-Тоо, 1965, № 9, с.109-116.
10. Ысмайылов М.З., Мамазаиров М.Л., Абдураимова Н.И. (2021). Көркөм сүрөт өнөрү жана анын адам турмушундагы орду. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 1, No. 4, сс. 384-392. DOI: 10.52754/16947452_2021_1_4_384. EDN: WFKYFC.
11. Ысмайылов, М., Мамазаиров, М., & Мамарайимов, К. (2022). История развития изобразительных искусств в Ошской области. Вестник Ошского государственного университета, (2), 207-213. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452 2022 2 207. EDN: KOWRUR.