ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№2(2)/2023, 69-73
ИСКУССТВО
УДК: 78.01
DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 11
КОМПОЗИТОРЛОРДУН КОРИФЕЙИ - КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВ
КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВ - КОРИФЕЙ КОМПОЗИТОРОВ KALY MOLDOBASANOV - CORYPHAEUS OF COMPOSERS
Жолдошова Нургул Абдумуктаровна
Жолдошова Нургул Абдумуктаровна Zholdoshova Nurgul Abdumuktarovna
магистрант, Ош мамлекеттик университетинин
магистрант, Ошского государственного университета master’s student, Osh State University
n25103849@gmail.com______________
Иргашева Мунара Авазбековна
Иргашева Мунара Авазбековна Irgasheva Munara Avazbekovna
магистрант, Ош мамлекеттик университетинин
магистрант, Ошского государственного университета master’s student, Osh State University
КОМПОЗИТОРЛОРДУН КОРИФЕЙИ - КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВ Аннотация
Бул макалада кыргыз профессионалдык музыка искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири - Калый Молдобасановдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сөз болот. Музыкалык ишмердүүлүгү менен бирге педагогикалык, коомдук жумуштары жөнүндөгү маалыматтар дагы камтылган.
Ачкыч сөздөр: профессионалдык музыка, опера, балет-оратория, композитордук чыгармачылык, педагогикалык ишмердүүлүк.
КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВ - КОРИФЕИ KALY MOLDOBASANOV - CORYPHAEUS OF
КОМПОЗИТОРОВ COMPOSERS
Аннотация Abstract
В данной статье рассказывается о жизни и This article tells about the life and work of one of the деятельности одного из основоположников founders of the professional musical art of Kyrgyzstan -профессионального музыкального искусства Kaly Moldobasanov. Along with his musical activities, Кыргызстана - Калыя Молдобасанова. Наряду с его information about his teaching and social activities is also музыкальной деятельностью включены также included. сведения о его педагогической и общественной деятельности.
Ключевые слова: профессиональная музыка, опера, Keywords: professional music, opera, ballet-oratorio, балет-оратория, композиторское творчество, composing, teaching.
педагогическая деятельность.
Кыргыз классикалык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, композитор, дирижер, профессор Калый Молдобасанов 1929-жылы 28-сентябрда Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Терек айылында атактуу манасчы, комузчу, акын Молдобасан Мусулманкуловдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген [5;290]. 12 жашынан музыкага болгон өзгөчө шыгы байкалып, П. Шубин жетектеген эл аспаптар оркестрине музыкант катары ишке кабыл алынган. 1945-жылдан оркестрдеги иши менен катар музыкалык училищеде скрипка классында билим ала баштаган. 1950-жылы училищаны эң мыкты аяктап, Москва консерваториясынын дирижерлук бөлүмүнө профессор Л. М. Г инзбургдун классына экинчи курска кабыл алынат. 1954-жылы консерваторияны аяктап, агездеги Фрунзе шарына келип кыргыз опера-балет театрында дирижерлук кесипти аркалайт. Өмүрүнүн дээрлиги, эмгек жолу, чыгармачылыгы ушул театр менен байланышкан. 1966-73-жылдары башкы дирижерлук кызматта иштеген, театрдын музыкалык турмушуна ири салымын кошкон. Ошол жылдары кыргыз музыкалык театр искусствосуна опол тоодой эмгегин сиңирген. Дүйнө классикалары: «Отелло» (Дж. Верди), «Риголетто» (Дж. Верди), «Борис Годунов» (М. Мусоргский) операларын, кыргыз авторлорунун «Манас» (А. Малдыбаев, В. Фере, В. Власов), «Айчүрөк» операларын (А. Малдыбаев, В. Фере, В. Власов), «Куйручук», «Чолпон» (М. Раухвергер), «Асель» (В. Власов) ж.б. опера, балеттерди сахнага алып чыгып, дирижерлук кылган.
Композитордук чыгармачылыгынын башаты катары Г. Окунев менен биргеликте жазган «Куйручук» (1962-ж.) балетин айтсак болот. Бул чыгарма жаш композиторлордун бүткүл союздук конкурсунда сыйлыкка ээ болгон (1960). Ушул балеттен баштап «молдобасановдук» мурда кезикпеген ыкмаларды колдонуу, оркестр үндөрүнүн түрдүү кошулмаларын жаңыча пайдалануу, музыкалык көркөм боёктун өзгөчөлүгү, жаңы музыкалык стиль, багыт калыптана баштаган. К. Молдобасановдун чыгармачылыгынын туу чокусу болуп Ч. Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде жазылган балет-ораториясы эсептелет. Бул балеторатория композитордун ири эмгеги болуу менен, кыргыз профессионалдык музыкасына жаңылык киргизди. Жер, дан, гуманизм, граждандуулук жөнүндөгү терең мазмундуу бул чыгарма эң жогорку баатырдык менен лиризмди, терең философиялык ой жорууларды музыка менен айкалыштырган [1]. Кыргыз опера-балет театрынын сахнасында 1975-жылы коюлуп, СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган бул балет-оратория андан кийин Советтер Союзунун бир нече шаарларында жана чет өлкөлөрдө ийгиликтүү коюлган. Композитордун жазган музыкасынын арты менен балет-ораторияны койгон балетмейстер Уран Сарбагишев, башкы ролдорду бийлеген Айсулуу Токомбаева жана Рейне Чокоевалар да Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары болушкан. «Саманчынын жолу» Ч. Айтматовдун улуулугун музыка тилинде даңазалаган чыгарма катары, кыргыздын музыкалык мурасынын эң бийиктиги болуп кала бермекчи.
К. Молдобасанов 1984-жылы дагы бир жолу Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына кайрылып, «Кылым карыткан бир күн» романындагы уламыштын негизинде «Маңкурт жөнүндөгү баян» аттуу балет жазган. Музыкалык маданиятка, деги эле искусствого зор маани берген Совет доорунун кулашы менен бул мыкты балет толук баасын ала албай калды. Ошентсе да опера-балет театрынын сахнасында кайрадан коюлушу күтүлүүдө. Манасчынын уулу болгондуктан Манас темасы композитордун чыгармачылыгында орчундуу орун ээлейт. Алсак, «Манастын ордосунда» симфониялык поэмасы, акын жана драматург Жалил
Садыковдун «Манастын уулу Семетей», «Сейтек» драмаларына жазган музыкалары Манас эпосунун музыкалуулугун арттырып, кайрыктарын даңазалайт. Кыргыз Республикасынын Гимнин кесиптеши Насыр Давлесов менен биргеликте жазышкан. Манастын кайрыктары гимнде да орун алганын жакшы билебиз.
К. Молдобасановдун калемине классикалык музыканын ар түрдүү жанрларындагы көп сандаган чыгармалар таандык. Анын кантаталары, камералык-аспаптык музыкалары, ыр, романстары, балдар үчүн чыгармалары да арбын. Мисалы, балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары «Кыргыек», «Бак тигели», «Кызыл топ», «Жамгыр» ж.б. музыкалык балдар коллективдери дагы деле ырдап жүрүшөт [2]. «Селкиге», «Жайлоодо», «Кыздын ыры» сыяктуу ондогон ырлары профессионал ырчыларыбыздын репертуарынан туруктуу орун алган. Ал эми композитордун көптөгөн аспаптык чыгармалары музыкалык мектептерде, орто жана жогорку музыкалык окуу жайларынын педагогикалык репертуарында тынымсыз ойнолуп келет [7;49]. Чыгаан дирижер катары дүйнөлүк классикага айланган симфониялык чыгармаларды да арбын аткарып, кыргыз радиосунун алтын казынасына жаздырган.
Молдобасановдун симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, ондогон аспаптык пьесасы, 70ке жакын вокалдык чыгармалары бар. Элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан (мис., «Паризат» ж.б.), эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Элге кеңири маалым чыгармалары: «Гүлдө, Кыргызстан» (1964), «Шаңдан, Кыргызстан» (1974) кантаталары, «Биздин күндүн адамдары», «Достук», «Бактылуу жаштык» симфониялык сюиталары, «Ленин жөнүндө ыр» (1974), «Кыздын ыры» (1963), «Жайлоодо» (1958), «Өрттөнсүн бозой жалынга» (1961), «Көл вальсы» (1969) ж.б. ырлары [5;291]. Кантаталарга улуттук ачык-айкын интонация, гармониялык тилдин байлыгы, композициянын ачыктыгы жана хор жазуусунун виртуоздугу мүнөздүү [4].
К.Молдобасанов вокалдык чыгармалардын көлөмдүү жыйнагынын автору. Анын ырлары жана романстары республиканын музыкалык турмушу учун «азык» болуп саналат. Алар кыргыздын көптөгөн чыгаан ырчыларынын (Б. Миңжылкиев, Х. Мухтаров, Т. Сейталиев ж. б.) репертуарын дайыма кооздоп, кооздоп келишкен. Анын «Комузчу» (сөзү Т. Үмөталиевдики), «Пахтачы селкиге» (сөзү А. Токомбаевдики) жана башка ырлары чыныгы элдик болуп, кыргыз вокалдык музыкасынын шедеврлеринен болгон [6].
Композитор өзүнүн бүткүл чыгармачылык жолунда балдар үчүн музыкага зор кеңүл бурат. Ошентип, сопрано жана фортепиано үчүн «Биз бактылуу балдарбыз» (сөзү Т. Кожомбердиевдики) вокалдык цикли угуучулар арасында татыктуу ийгиликке ээ болуп, композитордун вокалдык чыгармачылыгынын чыныгы көркөм жасалгасы болуп саналат.
Театралдык образдар, тентектик, мээримдуу интонация, чын ыкластуу сезимдер, артисттик ж.б. Калый Молдобасановдун көптөгөн миниатюраларында: аспаптык пьесаларда, ансамблдерде, ырларда көрүнөт. Табияты боюнча тамашакөй, алар күлкүлүү, визуалдык жактан так графикалык деталдарга жык толгон [3;78].
К. Молдобасанов музыкалык чыгармачылык менен гана алектенбестен педагогикалык кесипте да жигердүү эмгектенди. Анын педагогикалык ишмердүүлүгү 1955-жылдан башталат. Дал ошол жылдан баштап ал М. Куренкеев атындагы музыкалык-хореографиялык училищеде, ал эми 1975-жылдан тартып борборубуздагы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамалекеттик искусство институтунда композиция кафедрасында сабак бере баштаган.
Кийинчерээк, консерваторияда сабак берип, педагогдук кесипте да эмгектенген. 1983-86-жылдары искусство институтунун ректору болгон, профессор наамына татыган.
Маэстро Москва, Ленинград, Алматы, Новокузнецк ж.б. шаарлардын театр спектаклдерине дирижёрлук кылган. Бул да болсо композитордун чеберчилигин, талантын жогору баалагандыктын белгиси десек болот.
К. Молдобасанов коомдук турмушта дагы өзүнүн активдүүлүгүн, уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтөкөн инсан болгон. Маселен, 1979-жылдан 1995-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзун жетектеген. 1975-жылдан Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, ал эми 1989-жылы СССР эл депутаты болуп шайланган.
Композитордун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1967-жылы Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1979-жылдан СССРдин эл артисти наамына арзыган. 1991 -жылы Социалисттик эмгектин баатыры наамы ыйгарылып, Ленин ордени тапшырылган. Ага чейин эле «Ардак Белгиси» (1958), «Эмгек Кызыл Туу» (1968) ордендеринин, «Каарман эмгеги үчүн» медалынын ээси болгон. Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан кийин, 1997-жылы 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. Өмүрүнүн аягында Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген.
Белгилүү композитор, маданият ишмери, дирижёр жана Кыргыз Республикасынын гимнинин автору К. Молдобасанов 2006-жылы 29-майда көз жумган. 2012-жылы Кыргыз Улуттук консерваториясына Калый Молдобасановдун ысымы ыйгарылды.
Арадан бир нече жылдар өткөнүнө карабастан залкар композитор Калый Молдобасановдун юбилейлери мамлекеттик деңгээлде белгиленип келүүдө. Ал эми чыгармалары кыргыз музыкалык искусствосунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кылымдарды карытарын мезгил тастыктап келет.
Адабияттар
1. Алагушев Б. «Саманчынын жолу» балет-ораториясы // Кыргызстан маданияты, 1976, 16 август.
2. Антология советской детской песни. Вып.10. - М.: Музгиз, 1962.
3. Баялиева Ч. К вопросу о синтезе жанров в искусстве [Текст] / Ч. Баялиева. - Фрунзе: Илим, 1983.
4. Кантаты, хоры (Кантаталар, хорлор). - Ф.: Кыргызстан, 1979.
5. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор Б. Орузбаева/. - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы. Т.4. 1979.
6. Песни и романсы для голоса с фортепиано. - М.: Советский композитор, 1962.
7. Семь полифонических пьес. - В сб.: Полифонические пьесы для фортепиано. Вып. 1. -М.: Советский композитор, 1982.