Научная статья на тему 'ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА ИНТЕРАКТИВДҮҮ МЕТОДДОРДУ КОЛДОНУУ'

ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА ИНТЕРАКТИВДҮҮ МЕТОДДОРДУ КОЛДОНУУ Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
1
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
окутуу методу / пассивдүү / активдүү / интерактивдүү методдор / окутуу пирамидасы / интерактивдүү окутуу / мээ чабуулу / топтордо талкуулоо / тегерек стол.

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Арстанбекова Нуржан Батыровна, Маданбекова Нурэл

Бул макалада окутуунун интерактивдүү методдору түшүнүгү ачып көрсөтүлөт. Окутуунун интерактивдүү методдорун колдонуу менен лекциялардын жана практикалык сабактардын негизги түрлөрү каралат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по наукам об образовании , автор научной работы — Арстанбекова Нуржан Батыровна, Маданбекова Нурэл

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Текст научной работы на тему «ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА ИНТЕРАКТИВДҮҮ МЕТОДДОРДУ КОЛДОНУУ»

УДК 37.091.212.2

ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА ИНТЕРАКТИВДYY МЕТОДДОРДУ КОЛДОНУУ

АРСТАНБЕКОВА НУРЖАН БАТЫРОВНА

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти,

Жалал-Абад, Кыргызстан

МАДАНБЕКОВА НУРЭЛ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин магистранты, Жалал-

Абад, Кыргызстан

Аннотация: Бул макалада окутуунун интерактивдуу методдору тYШYHYгY ачып кврсвтYлвт. Окутуунун интeрактивдYY методдорун колдонуу менен лекциялардын жана практикалык сабактардын негизги тYрлврY каралат.

Ачкыч свздвр: окутуу методу,пассивдуу, активдуу, интерактивдуу методдор, окутуу пирамидасы, интерактивдуу окутуу, мээ чабуулу, топтордо талкуулоо, тегерек стол.

ИСПОЛЬЗОВАНИЕ ИНТЕРАКТИВНЫХ МЕТОДОВ В ОБУЧЕНИИ ХИМИИ

АРСТАНБЕКОВА НУРЖАН БАТЫРОВНА

Доцент Жалал-Абадского государственного университета им.Б.Осмонова,

Жалал-Абад, Кыргызстан

МАДАНБЕКОВА НУРЭЛ

Магистрант Жалал-Абадского государственного университета им.Б.Осмонова,

Жалал-Абад, Кыргызстан

Аннотация: В данной статье раскрыто понятие интерактивного методов обучения. Рассмотрены основные виды лекционных и практических занятий с использованием интерактивных методов обучения.

Ключевые слова: метод обучения, пассивные, активные, интерактивные методы обучения, мозговой штурм, дискуссия, круглый стол.

Киришуу. 0лкeбYЗдeгY саясий, социалдык, экономикалы eзгeрYYлeр билим берYY системасына да ез таасирин тийгизYYДe.

Бул eзгeрYYлeрдeн улам мектептерде жацы сабактарды киргизYY эле эмес, окутуу методикасын да eзгeтYY зарылдыгы келип чыкты. Биздин eлкe демократиялуу eнYГYY жолун тандап алгандыктан, азыркы мезгилде коомчулукту чечим кабыл алууга катыштыруу абдан маанилYY. Бул мектептерге да тиешелYY.

Билим берYY процессин уюштурууга компетенттYY мамиле мугалимден окуу процессии eзгeртYYHY, б.а. анын структурасын, ишмердYYЛYктY уюштуруу формалары, субъекттердин es ара аракеттенYY принциптерин талап кылат. Мунун eзY мугалимдин ишинде баарлашуунун диалогдук ыкмаларына, чындыкты биргелешип издeeгe артыкчылык берилет дегенди билдирет. Мугалим eз предметин окутууда окуучулардын дилгирленишине eбeлгe тYзe турган методдорду, ыкмаларды колдонуу абзел.

«Метод» деген сeз грек тилинен которгондо «ыкма, каражат» дегенди тYШYндYPYп, «изилдeeнYн жолу, максатка жетYY YЧYн иш-аракеттин жолу» деген мааниде колдонулат.

Окутуунун методу - окуучуларга билим, билгичтик, кeндYмдeрдY берYYгe, аларды тарбиялоого багытталган мугалим менен окуучулардын арасындагы eз ара максаттуу бир нерсеге биргелешип жетYYHYн жолу.

Окуучулардын активдYYЛYГYHYн децгээлине жараша окутуу методдору:

10 6

1) пассивдYY 2) активдYY 3) интерактивдYY методдор болуп классификацияланат. Булардын ар бири 63yhyh eзгeчeлYктeрYнe ээ.

Пассивдуу окутуу - окуучулар менен мугалимдин e3 ара аракеттенишYYCYндe ишке ашырылуучу окутуу (1-CYр)• Химияны окутуунун пассивдYY ыкмаларында (лекция, ацгеме, тYШYндYPYY ж.б.) негизги кыймылдаткыч кYчтY жана башкаруучулук функцияны мугалим аткарат. ПассивдYY окутууда мугалим гана активдYYЛYктY кeрсeтYп, окуучулар пассивдYY угуучулардын гана ролун аткарышат. Окуучулар бири-бири менен карым катнашта болбойт, кeйгeйлYY тапшырмаларды аткарышпайт. Бул методдун жакшы жагы болуп, мугалим кыска убакыттын ичинде окуучуларга кеп маалыматты берууге жетише алгандыгы эсептелет.

Мугалим

I

Окуучу

Окуучу

Окуучу

1-сурвт. НасснаО)) метод

Активдуу окутуу - мугалим менен окуучулардын e3 ара аракеттени-шYYCYндe ишке ашырылуучу окутуу. Бул учурда мугалим да, окуучу да активдуу катышуучулар болуп эсептелинет (2-сур.)

Мугалим if

Окуучу

Окуучу

Окуучу

3-сурвт. Активдуу метод

Интерактивдуу окутуу - окуу процессине катышуучулардын биргеликте жYргYЗгeн иш аракеттерине негизделген окутуунун заманбап методдору катары кароого болот. Эгерде сабак учурунда окуучулар ортосунда, ошондой эле окуучулар менен мугалимдин ортосунда карым-катнаш жогорку децгээлде жYрсe, биз мындай окутууну жана сабак берYYHY интерактивдYY деп атайбыз (3^р). Мындай карым-катнаш адатта кайсы бир проблеманы кантип чечуу керек жана сунуш кылынган чечим канчалык алгылыктуу деп жYргYЗYЛYп жаткан талкуу тYPYндe болот.

Интерактивдуу методду колдонуудагы башкы максат окуучуларга маалымат берYY эле эмес, алардын жоопторду да eз алдынча таба билуу кeндYмдeрYн калыптандыруу болуп

3-сурвт. Интерактивдуу метод

ИнтерактивдYY метод тYPДYY маселелерди чечYYДe eз ара аракеттенуу ыкмаларын ар башкача колдонууга ийкемдуу келет. Бирок кандай гана усулду колдонбойлу окуучулардын

турмуштук тажрыйбасы билим алуунун негизги башаты катарында каралышы керек. Окуу процессинде окуучулар теменде^лер менен карым-катнашта болуп, бирге аракеттенет:

1. Мугалим менен, б.а. мугалимдин суроосуна жооп берет;

2. Чакырылган адамдар менен;

3. Башка окуучу менен (эки-экиден иштее);

4. Чакан топ менен (3-5 окуучу менен иштее);

5. Окуучулардын чоц тобу менен ( ролдук оюн, дебат, класстык талкуу ж.б.);

6. Окуучулардын тобу жана калк менен (топ социологиялык талкуу жYргYзет)

7. Компьютер менен иштее.

Сабактын жYPYШYнде окуучулар бири-бири менен ез ара карым-катнашта болуу менен ез алдынча билим алуу кендYмдерYн ездештYPYшет.

"Интерактив" œ3Y interact ( inter - ез ара, act - аракеттенишYY ) деген англис тилиндеги сездерден алынган. жана ез ара кызматташуу дегенди тYШYндYрет.. ИнтерактивдYYЛYк [2,3] - ез ара аракеттенYY же сYЙлешYY режиминде болуу, кимдир бирее (адам) же бир нерсе менен диалогдо (мисалы, компьютер) болуу дегенди тYШYндYрет. Башкача айтканда, активдуу методдон айырмаланып интерактивдYY методдор окуучулардын мугалим менен гана эмес, бири-бири менен дагы кецири ез ара карым-катнашта болуусуна багытталат.

"ИнтерактивдYYЛYк" термини педагогикада ХХ кылымдын 80-жылдарында пайда болгон. Советтик педагогикада ал "кызматташтык педагогикасы" деп аталып, советтик мектептин алдыцкы тажрыйбаларын, психология, педагогика илиминин жана практикасынын жетишкендиктерин, чет элдик психология, педагогикалык илимдеринин жана практикасынын жетишкендиктерин бириктирип, 80-жылдардагы алдыцкы мугалимдер тарабынан берилген.

ИнтерактивдYY ыкма менен окутуу - бул окуу процессинде ез ара байланышта болуу жана жуптардын же чакан топтордун ез ара аракеттениши жана кызматташтыгы болуп эсептелет. Демек, интерактивдуу ыкмалар - бул мугалим менен окуучунун жана алардын окуучулар менен болгон байланыштары болуп эсептелет.

ИнтерактивдYY окутуунун башкы езгечелYГY, окуучуларды окутуу чакан топтордо биргелешип аракеттенYY аркылуу жYргYЗYЛгендYГYнде. Биргелешкен иш-аракеттер бир окуучунун жалпы ишке кызыгуусун жаратат жана тырышып аракеттенYYHY, ойлонууну, чыгармачылык активдYYЛYктY талап кылат.

1980-жылдары Америка Кошмо Штаттарында жYргYЗYЛген изилдеелердYн жыйынтыгы (National Training Laboratories in Bethel, Maine) окутуунун ар кандай ыкмаларынын натыйжалуулугу (билимди ездештYPYYHYн орточо пайызы) женYнде маалыматтарды жалпылоого мYмкYндYк берди. Бул жыйынтыктар окутуу пирамидасынын диаграммасында берилген (4-CYрет). Окутуунун пирамидасы окутуунун ар кандай формаларында окуу материалын ездештYPYYHYн натыйжалуулугун пайыз менен керсетет. Пирамидадан керYHYп тургандай, окутуунун эц натыйжалуу формасы - "башкаларды окутуу" болуп эсептелет. Классикалык лекция (мугалимдин монологу) эц аз натыйжалуу окутуу ыкмасы болуп саналат: ал орто эсеп менен 5%га жакын окуучунун окуу материалынын мазмунун ездештYPYYCYн камсыздайт. Ошол эле учурда окуучулар группалык талкууда окуу материалын -50%; практикалык тапшырманы аткарууда-70% ал эми башкаларды окутууда - 90% эстерине сактап калышат.

Активдуу жана интерактивдуу окуг

Тралипиялык оку

2о% Аудно/вндео ^ зо% Демонстрация

X Группалык талкуу

~ Практнкалык Г5% ^ тапшырманы аткаруу

к эо% Башкаларды окугуу

4-сурвт. Окутуу пирамидасы

Интерактивдуу усулдарды пайдалануу, окуучулардын туруктуу активдYYЛYГYн камсыз кылат.Ошондой эле алдыга коюлган максатка жетYY YЧYн окуучулар ез ара кызматташууга eтYшeт. Психологдордун изилдеелерY керсеткендей, команданын же топтун ички иш-аракеттери, алардын мYчeлeрYHYн бири-биринен YЙрeнYYCYнe шарт тYзeт. Топто иштее жана жалпы ишмердYYЛYккe ез салымын кошуу билгичтиктери, окуучулардын демократиялык, лидерлик кeндYмдeрYн eнYктYрeт. Аткарып жаткан иштери YЧYн жоопкерчиликти eздeрYнe ала билууге Yйрeтeт. Окуучулардын предметти eздeштYPYп тYШYHYYCYн жакшыртат, теориялык билимден практикага eтYYCYн жецилдетет.

Интерактивдуу окутуунун негизги взгвчвлугу сабактарда мугалим менен окуучулардын, окуучу менен окуучунун ортосундагы диалогдук байланышты eнYктYPYY жана уюштуруу болуп саналат. Бул диалог ез ара тYШYHYШYYгe, ез ара аракеттенууге, билим берYY процессинин ар бир катышуучусу YЧYн маанилYY болгон милдеттерди биргелешип чечууге жана жалпы максатка жетишууге алып келиши мYмкYн. ИнтерактивдYYЛYк процесстин бир катышуучусунун экинчисине YCтeмдYГYн жок кылат, бул катышуучулардын eздeрYHYн жана алардын пикирлеринин тец укуктуулугуна алып келет. Диалог учурунда ар бир адамдын пикири угулушу керек. Интерактивдуу окутуу модели негизги максат катары бардык окуучулар бири-бири менен активдуу ез ара аракеттенYYЧY ьщгайлуу окуу шарттарын уюштурууну белгилейт [1].

Окутуунун интерактивдуу формаларын колдонууда мугалим негизги башкаруучу ролдон ажырайт, ал окуу процессин женге салат жана аны уюштурат (тапшырмаларды даярдайт, суроолорду тYзeт ж.б.), билимди ыцгайлуу жана натыйжалуу eздeштYPYY максатында окуучулар YЧYн атайын аянтчаны тYзeт.

БYГYнкY кYндe интерактивдуу окутуу ыкмаларын ишке ашыруунун кептеген формалары бар. Эц кецири тарагандары: тегерек стол, мээ чабуулу, дискуссия, дебат, ролдук жана иштиктуу оюндар, чыгармачылык тапшырмалар, жуптарда же чакан тайпаларда иштее, ар кандай экскурсиялар, долбоорлор жана башкалар. Эц негизги табигый илимдерди YЙрeнYYдe интерактивдYY ыкмаларды карап кeрeлY.

Мээ чабуулу. Мээ чабуулу - бул бардык окуучуларды ар тYPДYY идеяларды YЙрeнYYгe жана карап чыгууга тартуучу усул. Мындан тышкары бул темаларды ачып беруу жана андан ары талкуулоо YЧYн ыцгайлуу ыкма. Мээ чабуулунун жYPYШYндe сунушталган идеяларга баа берYYгe жана сын айтууга уруксат берилбейт. Ар бир жооп бардык окуучуларга кeрYHYп турушу YЧYн доскага жазылат. Бул кeнYГYY ой ЖYГYPTYYHYH чегин кецейтYYгe жардам берет жана башка кез караштарды билYYгe мYмкYнчYЛYк тYзeт.

Класста мээ чабуулун ЖYPГYЗYY проблемаларды чечYYHYн, идеяларды иштеп чыгуунун, тизмелерди TYЗYYHYH жана мYмкYн болгон суроо-жоопторду аныктоонун эц мыкты жол-жобосу болуп саналат. Кайсы гана предмет боюнча, кандай суроо болбосун мээ чабуулу методу аркылуу каралышы мYмкYн.

Топтордо талкуулоо. Топтордо талкуулоо берилген тема же суроо боюнча жооп алууга, ошондой эле туура эмес маалыматтарды оцдоого, бири- бирин окутууга мYмкYнчYЛYк тYзeт. Топтогу талкуулардын натыйжалуулугу демейде ачык типтеги суроолорду пайдаланууга байланыштуу, алардын жооптору женекей «ооба», «жок» менен чектелбейт. Мындай суроолор атайын бир темага ойлорду жана пикирлерди камтыган кецири жоопторду болжолдойт.

Тегерек стол методу - мурдагы алган билимдерди бышыктоого, жетишпеген маалыматтарды толуктоого, кээ бир маселелерди чечYYге, талкуу жYргYЗYY маданиятына YЙретYYге багытталган интерактивдYY окутуунун бир методу болуп саналат. Анын негизги езгечелYГY кандайдыр бир теманын тегерегиндеги талкууну тайпалык кецешYYлер менен айкалыштыруу болуп саналат.

Тегерек столду уюштуруунун негизги максаты окуучулардын ой-пикирлерин эркин айта билYYге кенYктYPYY, ездерYHYн кез караштарын далилдееге, берилген суроолорду негиздеп ачып берYYге YЙретYY. Натыйжада окуучунун алган билими бекемделет жана талкуулоо YЧYн коюлган суроолор жана маселелер чечилет.

Химияны окутууда лабораториялык иштер негизги ролду ойнойт, алар теориялык билимдерин практикада колдонушат. Натыйжада лабораториялык иштерди аткарууда окуучулар реакцияга кирген заттарды кере алышат, химиялык процесстерди YЙренYшет, реакциялардын жYPYШYн байкайт, анализдейт жана маалыматтарды чечмелейт.

Долбоордук иш-чаралар ез ичине презентацияларды тYЗYY, конкреттYY химиялык кубулуштарды изилдеенY же молекулалардын моделдерин тYЗYYHY камтыйт. Бул ыкма езгече натыйжалуу, анткени ал окуучуларга алган билимдерин практикада колдонууга, ез алдынча иштее жендемYн енYктYPYYге жана чыгармачыл ой жYГYртYYге, ошондой эле командада иштееге YЙретет.

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу, онлайн сабактар, вебинарлар жана аатйын тиркемелер химияны окутуу процессин бир кыйла байыта алат. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар интерактивдYY моделдерди тYЗYYге, химиялык процесстерди визуалдаштырууга мYмкYндYк берет, булардын бардыгы окуучулар YЧYн кызыктуу жана жеткиликтYY болуп эсептелет.

Н.И.Суворова интерактивдуу окутууну [6] окуучулар сынчыл ой жYГYртYп, ойлонулган чечимдерди кабыл алууга, талкууларга катышууга, башка адамдар менен баарлашууга багытталган диалогдук окутуу деп тYШYнет. Бул максатта жекече, жуптук, топтук сабактар уюштурулат, илимий долбоорлор ишке ашырылат, ролдук оюндар, документтер, ар кандай маалымат булактары менен иштее жYргYЗYлет, чыгармачылык тапшырмалар колдонулат. М.В. Кларин [4,5] окуучулардын таанып-билYY активдYYЛYГYн бардык чаралар менен стимулдаштыруу зарылдыгын баса белгилейт.

Окутуудагы интерактивдYYЛYк - бул сабак процессинде окуучулардын ез ара жана мугалим менен дайыма пикир алышууда болуусу, биргелешкен, демилгелYY иш-аракеттери, жыйынтыгында иреттуу белгилYY бир тыянак корутундуларга келиши, башкача айтканда, алдыга коюлган маселени - жацы теманын материалын биргелешип чечмелеесY.

Тактап айтканда, интерактивдYY окутуу - бул алдыга коюлган маселени, жацы теманы окуучулардын бири-бири менен, мугалими менен тыгыз пикир алышуулары, кызматташууларынын негизинде биргелешип чечмелеесY.

Химияны окутууда интерактивдYY методдорду колдонуу окуу процессинин психологиялык, педагогикалык жана методологиялык аспектилерди камтыган бир катар теориялык принциптерге негизделет. ИнтерактивдYY окутуу методдорун колдонуу менен сабактарды иштеп чыгууда теменкY принциптер ишке ашырылат:

• илимийлYYЛYГY - экскурсиялардын мазмунунун химия илиминин

азыркы децгээлине ылайык келиши;

• жеткиликтYYЛYГY - окуу материалынын логикалык-педагогикалык

ырааттуулугун камсыздалынышы;

• керсетмелуулугу - окутууда керсетмелуулуктун жетиштуу болушу;

• системалуулугу - окутуунун мазмунунун компоненттеринин ортосундагы структуралык жана функционалдык байланыштарды ишке ашырылышы;

• интеграция - мурда белунген бирдей жана ар турдуу компоненттерди бутундей бириктируу.

Химияны окутууда интерактивдуу методдорду колдонуу химиялык процесстерди терецирээк тушунууге, предметке болгон кызыгууну енуктурууге ебелге тузет деп эсептейбиз.

Мындай ыкмаларды колдонуу окуучулардын арасында химияга карата оц кез карашты калыптандырууга, илимий билимге болгон кызыгууну енуктурууге жана химиялык процесстер женунде негизги тушунуктердун калыптанышына шарт тузет. Мындай ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуунун максималдуу натыйжалуулугун камсыз кылуу учун химияны окутуунун баштапкы этаптарында окутуу езгече мааниге ээ.

Жыйынтыктоо.

Жалпысынан интерактивдуу ыкманы активдуу методдордун заманбап формасы катарында кароого болот. Окутуунун интерактивдуу усулдарын пайдаланууда:

• окуучулардын таанып-билуу жендемун арттырат;

• окуучулардын активдуулугу артат;

• окуучулар ез ара жана мугалим менен тыгыз кызматташтыкта,пикир алмашуу журет;

• ар бир окуучу ез билимин ,шыгын,жендемун керсетууге мумкунчулук алат;

• окуучулардын сынчыл ой-жугуртуусу калыптанат;

• жуптарда же чакан топтордо иштешет;

• мугалим фасилитатор, насаатчы катары окуучуларга багыт берип турат;

• проблеманы кере билишет жана аны чечуунун жолдорун издешет;

• тапшырманы аткаруу учурунда окуучулар ездеруне башкалардын иш-тажрыйбаларын пайдаланышат;

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

• топтордо иштееде окуучулар ездерун эркин сезишет;

• туура эмес жооп берип алам деген коркунуч болбойт.

• окуучулар маалымат эле албастан, жацы идеяларды дагы иштеп чыгышат жана аны башка варианттардан жакшы экендигин логикалуу турде тушундуре алышат.

• ез ара мамиледе толеранттуулукту керсетушет.

• бири-бирин угуу, сыйлоо сапаттарына ээ болушат.

1. Аспицкая А.Ф. Использование информационно-коммуникационных технологий при обучении химии: метод. пособие / А. Ф. Аспицкая, Л. В. Кирсберг. - Москва: Бином. Лаборатория знаний, 2009. - 356 с.

2. Воронин А.С. Словарь терминов по общей и социальной педагогике. Екатеринбург: ЕГПУ,

3. Малышева Т. В. Влияние методов интерактивного обучения на развитие коммуникативной компетенции учащихся // Учитель в школе. 2010. N 4. с. 14-16

4. Кларин, М.В. Интерактивное обучение-инструмент освоения нового опыта [Текст] / М.В. Кларин // Педагогика. - 2000. - Т. 7. - С. 12-18.

5. Кларин, М.В. Инновации в мировой педагогике: обучение на основе исследования, игры, дискуссии [Текст] / М.В. Кларин. - 1995.

6. Суворова, Н.И. Интерактивное обучение: новые подходы [Текст] / Н. Суворова. - М.: Учитель, 2000. - №. 1. - С. 25-27.

СПИСОК ЛИТЕРАТУРЫ

2006

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.