ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.
СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE
e-ISSN: 1694-8823
№2(2)/2023, 1-6
ФИЛОСОФИЯ
УДК: 685: 4.371/58
DOI: 10.52754/16948823 2023 2(2) 1
ГЕРАЛЬДИКА ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГЕРБИНИН
МААНИСИ ЖӨНҮНДӨ
О ПОНЯТИИ ГЕРАЛЬДИИ И ЗНАЧЕНИИ ГЕРБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ABOUT THE CONCEPT OF HERALDY AND THE MEANING OF THE COAT OF ARMS OF
THE KYRGYZ REPUBLIC
Исаков Кубанычбек Абдыкадырович
Исаков Кубанычбек Абдыкадырович Isakov Kubanychbek Abdykadyrovich
ф.и.д., профессор, Ош мамлекеттик университети
д.ф.н., профессор, Ошский государственный университет Associate Professor, Osh State University isakov-oshgui@mail.ru
_____________ORCID: 0009-0007-2035-0453____________
Бабакулова Рая Байназаровна
Бабакулова Рая Байназаровна Babakulova Raya Bainazarovna
улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети
старший преподаватель, Ошский государственный университет Senior Lecturer, Osh State University
ГЕРАЛЬДИКА ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГЕРБИНИН
МААНИСИ ЖӨНҮНДӨ
Аннотация
Макалада жалпы гербдер, өзгөчө эн тамгалар, белгилер, тарыхый эстеликтерге кеңири маани берилген. Алгачкы Берлиндеги геральдикаларды изилдеп үйрөнүүчү атайын кафедра тууралуу маалыматтар чагылдырылган. Россиядагы Петр Iнин мезгилинде археология, нумизматика, сфрагистика жана генеалогия илимдери менен биргеликте атайын белгилерди, символикаларды, бренддерди жана гербдерди окуп-үйрөнүү максатында түзүлгөн геральдика изилдөө борборунун ишмердиги чагылдырылган. Гербдер пайда болгонго чейинки найза, желек, тыйын, медалдардын беттеринде ар кандай тотемдик сүрөттөр, символикалар тууралуу маалыматтар берилген. Байыркы мамлекеттер Рим, Греция, Кытай, Индия, Шумер, Акад, Египет, Вавилон сыяктуу мамлекеттерде да өздүк эн тамгаларына, мамлекеттик, жоокердик белгилерине маани берилет. Негизинен макалада бул илимдин пайда болушу, тарых-таржымалы жана таралышынын этаптары жана Эгемендүү Кыргызстандын гербинин жаралуу тарыхы жөнүндө тарыхый-философиялык анализ жүргүзүлөт.
Ачкыч сөздөр: бренд, геральдика, герб, генеалогия, идентификация, символика, сфрагистика, нумизматика, эмблема.
О ПОНЯТИИ ГЕРАЛЬДИИ И ЗНА ЧЕНИИ ГЕРБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
Аннотация
В статье расширено дается значение гербов, особых знаков, исторических памятников. Отражены материалы специально открытой кафедры по изучению Берлинской геральдики, отражена работа центра геральдического исследования по изучению гербов, брендов символики, специальных знаков, созданный в России при Петра I в содействии такими науками, как археология, нумизматика, сфрагистика и генеология. Дана информация о символиках, различных тотемных рисунках на саблях, флагах, монетах, медалях до появления гербов. Также даны понятия о государственных и военных значках таких древних государств, как Вавилон, Египет, Акад, Шумер, Индия, Китай, Греция, Рим. А также в статье дается историко-философской анализ гербов, бренддов и возникновения герба Кыргызской Республики.
Ключевые слова: бренд, геральдика, герб, генеалогия, идентификация, символика, сфрагистика, нумизматика, эмблема.
ABOUT THE CONCEPT OF HERALDYAND THE MEANING OF THE COAT OF ARMS OF THE KYRGYZ REPUBLIC
Abstract
In this article there is widely given the meaniup of the State Emblem special signs,historical monuments and also described the materials specially opened the chair on researching Belinsky Gernaldics, the works of geraldic researching centre on studying national Emblems, brend symbols, special signs, created by Peter the ist in Russia contribating such sciences as archeology, numismatics, sphragistics and genealogy. There is given information about symbolics, various pictures on swards, flags, coins, medals before appearing state emblems. Also given the idea about national emblems and coat of arms of such ancient states, as Vavilon, Egypt, Akad, Shumer, India, China, Greece, Roma. In general this article states the appearance of this science, its stages, state symbols of sovereign Kyrgyzstan.
Keywords: brand, heraldus, the coat of arms, genealogies, identification, symbolic, sphragistics, numismatics, emblem.
Киришүү
Теманын актуалдуулугу. Геральдика (лат. heraldus - жарчы) - жалпы гербдер, өзгөчө эн тамгалар же белгилери бар тарыхий эстеликтерди изилдеп-окуп үйрөнүүчү илим болуп саналат. Эң алгач 1706-жылы Берлинде геральдикаларды изилдеп үйрөнүүчү атайын кафедра ачылат. 1726-жылы Петр Iнин мезгилинде археология, нумизматика, сфрагистика жана генеалогия илимдери менен биргеликте атайын белгилерди, символикаларды, бренддерди жана гербдерди окуп-үйрөнүү максатында Россияда геральдика изилдөө борбору түзүлгөн.
Геральдика түшүнүгү орто кылымдардагы Европадагы крестүүлөрдүн жүрүшү менен мүнөздөлүп келет. Анткени, бул мезгилде рыцарларды идентификациялап, айырмалоо үчүн, кайсы королдукка, княздыкка же дворяндык топко тиешелүү жоокерлердин калкандарында (шиттеринде) атайын белгилер болгон. М: Арстандын, жолборс, бүркүт сыяктуу жан-жаныбарлардын жана башка сүрөттүү белгилер түшүрүлгөн. Буга чейин гербдер пайда болгонго дейре найза, желек, тыйын, медалдардын беттеринде ар кандай тотемдик сүрөттөр, символикалар түшүрүлүп келген. Байыркы мезгилдердеги мамлекеттерде Рим, Греция, Кытай, Индия, Шумер, Акад, Египет, Вавилон сыяктуу мамлекеттерде да өздүк эн тамгаларына, мамлекеттик, жоокердик белгилери тууларында болгондугун «Вексиллология» илими тастыктап келет. Байыртадан эн тамгалар, белгилер жана символикалар кыргыздарда да болуп келгендигин улуу эпосубуз «Манаста» жана археологиялык табылгаларда далилденүүдө.
Эң алгач гербдин пайда болушу 1127-жылы Англиялык анжуй графы Жоффрей Vге таандык арстандын сүрөтү түшүрүлүп кооздолуп жасалган өздүк калканында болгон. Ошондон тартып королдор, дворянддар жана рыцарлар гербди өздүк мөөрлөрү (печать) үчүн пайдалана башташкан. Биринчи болуп геральдикалык печать 1136-жылы пайда болгон. Орто кылымдарда Европада ат үстүндөгү салгылашуу турнирлери жогорку кастанын көңүл борборунда негизги маселе катары каралган. Рыцардык мындай турнирлерде жоокерлердин калкандарында гана эмес, тууларында, шлемдеринде, ат жабдыктарында да аттуу-баштуу төбөлдөргө тиешелүү гербддер түшүрүлгөн символдор өзгөчөлөнүп турган. Европалык мамлекеттерде эмблемалар жана гербдер аркылуу дворянддардын, барон, графтардын социалдык статустары аныкталып турган. Өздүк статуска ээ болгон мындай гербдер, символикалар жана эмблема-бренддер муундан-муунга өткөрүлүп, ыйыктык катары сакталып, геральдиканын бүтүндөй Европалык мамлекеттерге таралышына шарттар түзүлгөн. XIV кылымда Италиялык юрист Бартоло тарабынан геральдика жана анын мыйзамдык эрежелери жөнүндө кодекс иштелип чыгылган. Анда герольд тарабынан гербдердин жасалышы бири-бирине окшобой, айырмаланып туруусу жана аларды тиешелүү төбөлдөргө берилиши, король тарабынан атайын тастыктоочу грамота менен ыйгарылышы белгиленген. Гербдерди ыйгаруу атайын титулга ээ болгон дворяндык коллегияда каралып, салтанатанаттарда тийиштүү ак-сөөктөргө жана рыцарларга тапшырылган.
Англияда герб ыйгаруу коллегиясы бүгүнкү күнгө чейин сакталып иш аракет жүргүзүп келүүдө. Ал 1484-жылы король Ричард Шчү тарабынан түзүлгөн болчу. Учурда ал гербдер «Оф армз колледжи» тарабынан Англиядагы, Түндүк Ирландия, Уэльстеги аттуу-баштуу төбөлдөргө, мамлекеттик жана коомдук мекемелерге ыйгарылып келет. Ушундай салт бүгүнкү күнү да Европанын бир катар мамлекеттеринде сакталып келүүдө. М: Бельгия, Дания, Финляндия, Нидерланды, Италия, Испания, Щвеция, Щвецарияда ж.б.
Россияда герольдика маселеси XVII кылымдын башында колго алына баштайт. Бул мезгилде орустар чыгарган тыйындарга ар кандай белгилерди басып чыгара башташкан. М: кылыч кармаган жоокер, Владимирдик арстан ж.б. Ал эми Алексей Пнин тушунда эки баштуу бүркүттүн элеси түшкөн гербди орустар 1917-жылга чейин, СССР мезгилинде алынып салып, бүгүнкү учурда мамлекеттик герб катары кабылдашып келишүүдө. Ошондой эле сөз башында айткандай Петр 1чи тарабынан бул иш колго алынып герольдмейстердик кантора ачылып, кийинчерээк бул ишти изилдөө максатында атайын изилдөө борбору түзүлгөн.
Кыскасы биз бул илимдин пайда болушу, тарых-таржымалы жана таралышы жөнүндө учкай кеп салдык. Эми гербдердин тарыхий мааниси, маңызы жана мазмууну жөнүндөгү иликтөөлөрдүн урунттуу жерлерине токтоло кетели.
Көптөгөн геральдика маселеси боюнча илим-изилдөөчүлөр гербдерди жасоодо төмөнкү критерийлерге көнүл бурушат деп белгилешет.
1. Улуттук менталитетке (каада-салт, үрп-адат, ишеним ж.б.).
2. Тарыхий фактор (элдердин басып өткөн жолу).
3. Аймактык фактор (табияты, фауна-флорасы ж.б.).
4. Чарба жүргүзүү маселеси.
Жана ошондой эле гербдерди жаратууда логикалык, философиялык, тарыхий жана психологиялык жагдайлар эске алынаары жөнүндө да белгилешип келет.
Мысал үчүн биздин Кыргыз Республикасынын гербинде мен ойлойм жогорудагы баардык жагдайлар эске алынган жана жогорку чеберчилик менен жасалган. Ошондуктан биздин гербдин авторлоруна мен терең ыраазычылык билдирем.
Сүрөт 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген.
Авторлору: А. Абдраев, С. Дубанаев.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.
Учурда Кыргыз Республикасынын символикалары жөнүндө ар кыл пикирлер айтылууда. М: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары, илимий коомчулук тарабынан символикаларды өзгөртүү жөнүндө ж.б. сын-пикирлер айтылып келүүдө. Бирок бул маселе бүгүнкү күндүн талабына туура келеби?
Экинчиден, менин жеке пикирим бүгүн ар кайсы региондун, шаарлардын, мекеме-ишканалардын жана окуу жайлардын өздөрүнө тиешелүү символикалары бар. Бул айрыкча эгемендүүлүк алгандан бери күчөп кетти. Ушунун зарылчылыгы барбы? Кытай Эл Республикасын алып карасак ар кайсы шаарларында, провинция, райондорунда жана мекемелеринде да бир эле мамлекттик герби, туусу илинип турат. Мен ойлом бизде да бир эле символикага Кыргыз Республикасынын символикаларына өтүшүбүз зарыл. Себеби мамлекеттин ыйыктыгы жана бир бүтүндүгү сакталат деген ойдомун.
Үчүнчүдөн, дагы бир айта кетүүчү жагдай Советбек Адурасулов деген агайыбыз Кыргыз Республикасынын символикаларын сынга алып бир нече ирет макалаларын ММК беттеринде жарыялап жана өзүнүн үлгүсүн таңуулап келет. Илимпоз койгон негизги доомат биздин символикалар элдин калың катмарына жетпей жаткандыгын айтат.
Корутунду. Маселе туура! Бүгүн жаштарыбыз, жада калса өзүбүздө символикалар жөнүндө түшүнүктүн жоктугу өкүндүрөт. Буга ким күнөлүү? Албетте өзүбүз! Символикадан же анын авторлорунан кынттык издөөнүн кажети жок деп ойлойм. Бул маселеде бизге биринчи кезекте мекенчилдик духтун жетишпей жаткандыгын баса белгилегим келет. Экинчи кезекте бул маселеде информациялык педогогика алсырап жатат. Эгерде биз өзүбүз кыргыздын визиткасы болгон эн тамгаларыбызды, белгилерибизди билбесек, түшүнбөсөк анда кийинки муундан бул боюнча үмүт кылыштын кажети жок деп ойлойм.
Ошондуктан ар бирибиздин жана бүгүнкү күндүн да негизги миссиясы жана вазийпасы мамлекеттик символикаларды түшүнүп, ага туура мамиле жасап, аны жүрөгүбүз менен сезип, ыйык тутуп, даңазалап кийинки урпактарга өткөрүп берүү болуп саналат.
Ошондо, бизде мекенчилдик пайда болуп, гүлдөгөн Кыргыз мамлекетин бирге курууга даңгыр жол ачылат!
Адабияттар
1. Левандовский А. П. В мире геральдики. — М.: Вече, 2008. — 218 с.
2. Лукомский В. К., Типольт Н. А. Русская геральдика. — П., 1913.
3. Медведев М. Ю. Геральдика или истинная наука о гербах. — М.: Гербы и флаги, 2008. — 144 с.
4. Пастуро М. Геральдика / пер. с фр. А. Кавтаскина. — М.: Астрель: АСТ, 2003. — 144 с.
5. Пастуро М. Символическая история европейского средневековья. - СПб.: Alexandria, 2012. — 448 с.
6. Слейтер С. Геральдика. Иллюстрированная энциклопедия / пер. с англ. И. Жилинской. — 2-е изд. — М.: ЭКСМО, 2005. — 264 с.
7. Фрайер С., Фергюсон Д. Геральдика. Гербы — Символы — Фигуры / пер. с англ. М. Б. Борисова. М.: АСТ: Астрель, — 2009. — 208 с.
8. Щелоков А. А. Увлекательная геральдика. — М.: ЭКСМО, 2006. — 352 с.