Научная статья на тему 'Б. АПЫШЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КӨЗ КАРАШТАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНДА Я.А. КОМЕНСКИЙДИН ТААСИРИ'

Б. АПЫШЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КӨЗ КАРАШТАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНДА Я.А. КОМЕНСКИЙДИН ТААСИРИ Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
37
7
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
дидактика / элдик педагогика / социогенетика / биогенетика / окутуу / процесс / тарбия / билим берүү / колдонуу / принциптер / didactics / folk pedagogy / sociogenetics / biogenetics / process / training / upbringing / education / application / principles

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Батыралиев Адылбек, Сүйүнбаева Мария Сүйүнбаевна

Макалада белгилүү педагог Б. Апышевдин педагогикалык көз караштарынын калыптанышында Я.А. Коменскийдин эмгектеринин жана идеяларынын таасири каралган. Автор Б. Апышевдин окуу китептерине анализ берүү менен анын көз карашынын, педагогикалык идеяларынын жаралышына Я.А. Коменскийдин таасирин анын эмгектери аркылуу көрсөтө алган. Б. Апышев Коменскийдин эмгектеринен таасир алып, кыргыз педагогикасында алгачкылардан болуп “Педагогика” окуу китебин илимий педагогика менен элдик тажрыйбаларды айкалыштырып, дидактикада жаңы бурулуш жасаган окуу китебин даярдап, педагогикалык коомчулуктун жүрөгүндө кала бергендиги айтылат. Коменский тарбиялоо, окутуу процесстеринин маңыз-мазмунун табийгатка шайкеш келүү принцибинин негизинде ачып көрсөткөн. Мына ушул идеяны өркүндөтүп, Б. Апышев окуу китебиндеги педагогикалык проблемаларды биогенетикалык багытта чечмелеп кеткендиги белгиленет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

INFLUENCE OF I.A. COMENIUS IN THE FORMATION OF B. APYSHEV’S PEDAGOGICAL VIEWS

The article discusses the influence of the works and ideas of I.A. Comenius in the formation of B. Apyshev’s pedagogical views. Particular emphasis is placed on the role of the idea of natural conformity of teaching and upbringing by I.A. Comenius in revealing the essence and content of pedagogical problems in the educational book “Pedagogy”. Based on the understanding that man is the highest, most perfect creation, representing the highest harmony, I.A. Comenius proposed to develop and support it through training, which is based on the nature of the person himself. Therefore, in his work, the scientist builds such a didactic system that relies primarily on the nature of things. It is this idea that became the basis of B. Apyshev’s pedagogical theory, the author believes. It should be especially noted that B. Apyshev for the first time in the republic wrote textbooks on pedagogy in his native language, synthesizing the ideas of scientific and folk pedagogy.

Текст научной работы на тему «Б. АПЫШЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КӨЗ КАРАШТАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНДА Я.А. КОМЕНСКИЙДИН ТААСИРИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№4/2023, 75-80

ПЕДАГОГИКА

УДК: 37.01

DOI: 10.52754/16948610 2023 4 8

Б. АПЫШЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК К0З КАРАШТАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНДА Я.А. КОМЕНСКИЙДИН ТААСИРИ

ВЛИЯНИЕ Я.А. КОМЕНСКОГО В ФОРМИРОВАНИИ ПЕДАГОГИЧЕСКИХ ВЗГЛЯДОВ Б.

АПЫШЕВА

INFLUENCE OF I.A. COMENIUS IN THE FORMATION OF B. APYSHEV'S PEDAGOGICAL

VIEWS

Батыралиев Адылбек

Батыралиев Адылбек Batyraliev Adylbek

ii.ii.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.п.н., доцент, Ошский государственный университет Candidate of Pedagogic Sciences, Associate Professor, Osh State University

kafedra15@mail.ru_

СYЙYнбаева Мария СYЙYнбаевна

Суйунбаева Мария Суйунбаевна Suyunbaeva Maria Suyunbaevna

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University suiunbaeva. mariya@mail. ru

Б. АПЫШЕВДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК К0З КАРАШТАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНДА Я.А. КОМЕНСКИЙДИН ТААСИРИ

Аннотация

Макалада белгилуу педагог Б. Апышевдин педагогикалык кез караштарынын калыптанышында Я.А. Коменскийдин эмгектеринин жана идеяларынын таасири каралган. Автор Б. Апышевдин окуу китептерине анализ беруу менен анын кез карашынын, педагогикалык идеяларынын жаралышына Я.А. Коменскийдин таасирин анын эмгектери аркылуу керсете алган. Б. Апышев Коменскийдин эмгектеринен таасир алып, кыргыз педагогикасында алгачкылардан болуп "Педагогика" окуу китебин илимий педагогика менен элдик тажрыйбаларды айкалыштырып, дидактикада жацы бурулуш жасаган окуу китебин даярдап, педагогикалык коомчулуктун жYрегYнде кала бергендиги айтылат. Коменский тарбиялоо, окутуу процесстеринин мацыз-мазмунун табийгатка шайкеш келуу принцибинин негизинде ачып керсеткен. Мына ушул идеяны еркYндетYп, Б. Апышев окуу китебиндеги педагогикалык проблемаларды биогенетикалык багытта чечмелеп кеткендиги белгиленет.

Ачкыч свздвр: дидактика, элдик педагогика, социогенетика, биогенетика, окутуу, процесс, тарбия, билим беруу, колдонуу, принциптер.

ВЛИЯНИЕ Я.А. КОМЕНСКОГО В ФОРМИРОВАНИИ ПЕДАГОГИЧЕСКИХ ВЗГЛЯДОВ Б. АПЫШЕВА

Аннотация

В статье рассматриваются влияния произведений и идей Я.А. Коменского в формировании педагогических взглядов Б. Апышева. Особо подчеркивается роль идеи природосообразности обучения и воспитания Я. Коменского в раскрытии сущности и содержания педагогических проблем в учебной книге "Педагогика". Исходя из понимания того, что человек - самое высшее, самое совершенное творение, представляющее собой высшую гармонию, Я.А. Коменский предлагал развивать ее и поддерживать посредством обучения, которое строится на основе природы самого человека. Поэтому в своем труде ученый выстраивает такую дидактическую систему, которая опирается прежде всего на природу вещей. Именно эта идея и стала основой педагогической теории Б. Апышева считает автор. Особо следует отметить,что Б. Апышев синтезируя идеи научной и народной педагогики, впервые в республике написал на родном языке учебники по педагогике.

INFLUENCE OFI.A. COMENIUS IN THE FORMATION OFB. APYSHEV'S PEDAGOGICAL VIEWS

Abstract

The article discusses the influence of the works and ideas of I.A. Comenius in the formation of B. Apyshev's pedagogical views. Particular emphasis is placed on the role of the idea of natural conformity of teaching and upbringing by I.A. Comenius in revealing the essence and content of pedagogical problems in the educational book "Pedagogy". Based on the understanding that man is the highest, most perfect creation, representing the highest harmony, I.A. Comenius proposed to develop and support it through training, which is based on the nature of the person himself. Therefore, in his work, the scientist builds such a didactic system that relies primarily on the nature of things. It is this idea that became the basis of B. Apyshev's pedagogical theory, the author believes. It should be especially noted that B. Apyshev for the first time in the republic wrote textbooks on pedagogy in his native language, synthesizing the ideas of scientific and folk pedagogy.

Ключевые слова: дидактика, народная педагогика, социогенетика, биогенетика, процесс, обучение, воспитание, образование, применение, принципы.

Keywords: didactics, folk pedagogy, sociogenetics, biogenetics, process, training, upbringing, education, application, principles.

БелгилYY окумуштуу Бекембай Апышев кыргыз педагогикасынын eнYГYШYнe чоц салым кошуп, педагогикалык коомчулукка баа жеткис эмгектерди калтырып кетти. Агайдын илимпоз- педагог катары калыптанышына педагогика илиминин классиктеринин ролу езгече болгондугун eзY да айтып калчу. Улуу педагогдордун ичинен Я.А Коменскийдин, К.Д.Ушинскийдин, В.А. Сухомлинскийдин, Г.Н. Волковдун эмгектерин кеп окугандыгын китептеринде баса белгилеп кеткен. Биз, бул макалада Я.А. Коменскийдин эмгектери агайдын педагогикалык ойлорунун eнYГYШYнe, калыптанышына кандай таасир бергендигин кeрсeтYYHY максат кылдык. Себеби, ар бир окумуштуунун илимий жактан бышып жетилиши eзYнeн eзY болбойт. Ага кимдир бирeeнYн эмгектери, идеялары сeзсYЗ тYPдe таасир тийгизээрин баарыбыз билебиз.

Бекембай Апышевич эмгегинде "Я.А.Коменский дидактиканын эц негизги принциби-окутуунун окуучулардын табиятына туура келYYCY деп эсептеген. Бул илимий жактан eтe негиздYY идеяны советтик доордун коммунистик идеологиясындагы атеист дидактар тан алышкан эмес. Жаман окуучу жок жаман мугалим бар деген ач айкырык, куу CYрeндY туу тутунушкан" - деп жан кейитип советтик дидактиканын туура эмес жагын белгилеп кетет [1, 174 ]. Бул идея - чындыгы эле ^ш^ген окумуштуулар тарабынан туура эмес ^з караш катары эсептелинип, советтик педагогика "бала табияттан "таза доска (табула раса)" тeрeлeт, табияттан жeндeмдYYЛYктeр берилбейт" деген социогенетикалык багытты, коммунистик идеологияны дацазалап келген. Коменский тарбиялоо, окутуу процесстеринин мацыз-мазмунун алгачкылардан болуп табийгатка шайкеш келYY принцибинин негизинде ачып кeрсeткeн. Мисалга алсак, куруучунун, чымчыктын, багбандын табияттагы иш-аракеттерин кeрсeтYY аркылуу окутуу процессинин мыйзамченемдYYЛYктeрYн далилдей алган. Илимдин жана искусствонун жардамы менен балдардын "табият берген мYмкYнчYЛYктeрYн eнYктYPYY зарыл" дейт [2, 30]. Ушул идеяга таянып, кыргыз педагогикасында биринчилерден болуп, окуу процессинин мацыз- мазмунун биогенетикалык мааниде ачып кетет: "Окуу жараянынын ички мацыз-мааниси таптакыр башкача. Окутуу жараянынын мацыз-мазмуну - окуучу билимди eздeштYPYY жараянында мугалим анын таанып билYY мYмкYнчYЛYктeрYн, акыл-кYчтeрYн (эске сактоосун, ойлоосун, речин, кыялдануусун ж.б.) eстYрeт. Аларды eзYнчe билим алуу усулуна жана акыл эмгегинин маданиятына ээ кылуу. Окутуу-балдардын ыклас менен ынтаалуу окуусуна, ар тараптан жетилYYCYнe жетекчилик кылуу. Окутуу жараянынын негизги мацыз-мааниси ушунда [3, 64].

Мындай кет караш совет педагогикасынын окуу китептеринин ичинен И.Ф. Харламовдун 1990-жылы жарык кeргeн "Педагогика" окуу китебинде гана айтылып кеткен болчу. Бул эки китептин бир убакта чыгып жаткандыгы Бекембай Апышевичтин адз карашына Я.А Коменскийдин эмгектери таасир берди деп ишенимдYY айта алабыз. Советтик дидактиканын идеяларына сугарылган жаштарга мындай идея таптакыр эле жат кeрYHYш эле, себеби биз Ю.К. Бабанскийдин аныктамасы боюнча окуу процессин жYргYЗЧYбYЗ. Анда "окутуу - билим берYYЧYЛYк, тарбиялык, eнYктYPYYЧYЛYк маселелерди чечYY максатында мугалим менен окуучуларлын максаттуу, бирдиктYY иш - аракети" деп айтылчу. Ал боюнча убагында мен мындайча жазган элем: "Агайдын аныктамасы дидактикадагы eзYнчe бир бурулуш эле. КeпчYЛYГYбYЗ бул кeз карашты тYШYнe албай, аны ишке ашыруунун жолдоруна кeзYбYЗ жетпей, студенттерге кантип тYШYндYPYY ыкмасын биле албай алдастап калганыбыз эсимде. Мына ушул идеяны терец тYШYHYY максатында агайдын лекцияларына кeп катышканыбызды кафедранын окутуучулары дайыма эстеп калышат. Агайдын идеясынын

туура экендигине кийинчерээк ынандык. Кептеген окуу китептери ушул таризде жазылып, сырттан келген "Сынчыл ойлом", "Кадам артынан кадам", ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" программалары, азыркы мезгилдеги мектеп практикасындагы керYHYштер, анын кез карашынын туура болгон экендигин далилдеп турат. Керсе, окуу процессинде мугалим окуучунун таанып-билYYЧYЛYк ишмердYYлгYне жетекчилик кылып, анын иш- аракетин стимулдаштырып гана турат экен" [4, 15]. Мындай жобо КРнын жалпы билим берYYHYн мамлекеттик стандартында да белгиленди: "Окутуу технологиялары окутууда жана ез окуусунун натыйжалары YЧYн, алардын жоопкерчиликтерин жогорулатууда окуучулардын ез алдынчалуулугун арттырууну камсыз кылат. Мугалим максаттарга жетишYY YЧYн консультант катары иштин катышуучусу болуп калат" [5].

Эз эмгегинде Бекембай Апышевич: "Мектептеги окутууну мугалимдин окуучуга YCTYртен таасир тийгизYYCY жана билимди даяр информация катарында кароосу болбойт. Окутуу- ыклас менен ынтаалуу окуусуна ар тараптан жетилYYCYне жетекчилик"- деп аныктайт [1, 158]. Албетте мындай жыйынтыкка ал Коменскийдин "Жаштарды туура окутуу- баланын башын авторлордон чогулган сездердYн, фразалардын, ойлордун системасы менен толтуруу эмес, ал деген- керYHYшердYн, буюмдардын маанисин TYШYHYY жендемдYYЛYГYн ачып берYY .." [2, 68] деген ойлорунан кийин келди десек жацылышпайбыз. Бул да кыргыз пепдагогикасындагы алгачкы кез караштардан болгон. Азыркы педагогика окутууга компетентYY мамиле кылуу деген багытты тандап алып, балдарга билимдердин жыйындысын билдирYY идеясынын туура эместигин керсете баштады.

Апышев "билимге ээ болуу YЧYн илимдин мазмунун гана Yйренбестен, аны турмушта, иш жYЗYнде пайдала билYYHY да YЙренYY керек"- деп жазып кеткен [2, 160]. Бул идея Коменскийдин таасири экендиги ачык эле керYHYп турат. Коменский табияттын мыйзам ченемдYYЛYктерYн изилдеп келип "табият эч качан пайдасыз нерсени жасабайт" - деп, далилдее менен "балдарга азыркы учурда жана келечекте чындап пайдасы тийе турган билимдерди окутуш керек" - дейт [2, 65]. ЭзYбYЗ билгендей ушул убакка чейин турмушка мектептерде да, жогорку окуу жайларында да пайдасы тийбеген окуу предметтерин окутуп келгенбиз. Азыркы мезгилде елкеде билим берYYHYн мазмунуна анализ жасалып, прагматикалык билим берYY теориясына етYп жатабыз. Б.а. окуучулардын жашоосуна, турмушуна пайдасы тийе турган билимдерди окутуукеректигине багыт алып, компетенттYYЛYктYн негизинде билим берYYHY ишке ашыра баштадык.

Ошондой эле, Коменский педагогика жалпы илим, аны тек гана окутуучулар, мугалимдер гана билбестен, ата-энелер дагы билYYге тийиш, ошондо гана натыйжалуу тарбия жана билим берYY процесси жемишин бере тургандыгын баса белгилеп кеткен. «Ар бир бала туура тарбия жана билим алгандан кийин гана бакубат жана енYккен елкенY тYзе алабыз, ал эми бул YЧYн, албетте, баарыбызга ийкемдYY, тYШYHYктYY болгон педагогика керек...» - деп педагогиканын ролун белгилеп кетет. Бекембай Апышевич да педагогика бардык адамдарга мейли жетекчи болсун, мейли катардагы адам болсун эц керектYY илим деп кYЙYп бышканын баарыбыз жакшы билебиз. Бул идеянын азыркы мезгилде актуалдуулугу жогорулап, лейлектик новатор-мугалим Г. Мадаминов практика жYЗYнде педагогика бардык адамдарга керек экендигин далилдей баштады.

Коменский элдик педагогиканын балдарды тарбиялоодогу ролуна маани берген. Ал чех элинин "Ата-бабанын даанышмандыгы- келечек муунга KYЗГY" («Мудрость предков - зеркало

для потомков») деген макалынын мисалында жаш муунду ата-бабалардын тарбия тажрыйбасы менен тарбиялоо керектигин белгилеп кеткен. Бала eз эне тилин, маданиятын eздeштYргeндeн кийин гана башка тилди, маданиятты YЙрeнYш керек деген ойду айткан: "0ЗYHYH эне тилин eздeштYргeнгe чейин башка тилди YЙрeнYYCY- бул атасы баласын басканга YЙрeтпeй туруп, атка мингенди YЙрeтeм дегенге барабар" [2, 97]. Ал идеяны Апышев андан нары улантып, кыргыз элинин элдик педагогикасын жаштарды тарбиялоодо колдонулбай жаткандыгын мындайча айтат: "БелгилYY тарыхый кырдаалда обьективдYY шартка ылайык биздин кыргыз жаштарыбыз Телибай Тентек, же тагыраак айтканда чыныгы мацкурт болду. Анткени туптуу, нарктуу элибиздин eткeнYн иликтеп YЙрeнгeн билимдин негизинде жаш муундарга улуттук ац-сезимди ойготуп, кыргыздын YPп-адатына, салт-санаасына, тарыхына, маданиятына сыймыктанып, анын тилин, дилин, пейилин CYЙYHY тYптeeнYн ордуна, бабаларыбыздын руханий дYЙнeсYн чагылдырган алтын кенчти таптакыр жээрип, жаш жеткинчектерибизге Европа маданиятын YЙрeтeбYЗ деп батыштын элдерин туурамыш болуп, "же нары барып ЧYЙдe eлбeй, же бери келип YЙдe eлбeй" - дегендей арасат жолдо тентиреп калдык. Мунун залакасы дагы кeпкe чейин элдин кендирин кесчYдeй болуп турат. Демек, мектептин, окуу жайлардын окуу китептерин, окуу куралдарын кыргыздын жана башка чыгыш элдеринин тарыхый жана маданий материалдарына негиздеп тYЗYY бYГYнкY кYндYн eктeм талабы" [6, 9].

Мындай кeрYHYш бYГYнкY кYндe биздин таалим- тарбия процессинде eтe актуалдуу болуп тургандыгын айтып кетYYбYЗ керек. Президент С.Жапаров да алгачкы эле Жарлыгында бул маселеге eзгeчe басым жасап мамлекеттин жарандарын элдин салттуу баалуулуктарынын негизинде мекенчилдикке, адеп-ахлактык баалуулуктарга, кылымдан келе жаткан каада-салттарды терецден таанып билYYгe жана CYЙYYгe тарбиялоону сунуштап кеткен. Жогорудагы айтылгандар Б.Апышев Коменскийдин эмгектеринен таасир алып кыргыз педагогикасында алгачкылардан болуп "Педагогика" окуу китебин илимий педагогика менен элдик тажрыйбаларды айкалыштырып, дидактикада жацы бурулуш жасаган "Педагогика" окуу китебин даярдаган. БелгилYY этнопедагог, профессор А. Алимбеков бул боюнча мындай дейт: " Б.Апышев —Манас» эпосу баштаган улуттун руханий баалуулугун педагогикалык ^з караш менен таанып, аларды кыргыз улутунун этникалык насилин сактоонун амалы катары жаралган руханий-педагогикалык баалуулук, билим катары кабылдап, урматтап бул жагдайда башкаларга eрнeк болгон. окурмандардын жYрeгYндe кала берет" [7, 142]. БYГYнкY кYндe Б. Апышевдин окуу китептери мугалимидердин жана студенттердин CYЙYктYY окуу китеби болуп калды.

Адабияттар

1. Бекембай Апыш " Педагогика" (окуу куралы), 2011.- Ош, 412 б. 158 б.).

2. Коменский Я. А.,Локк Д., Руссо Ж.Ж. Песталоци И.Г. Педагогическое наследие / Сост.В.М. Кларин, Джуринский.- М.: Педагогика, 1989- 416 с.

3. Бекембай Апыш Жалпы дидактиканын негиздери-1991. 159-б.

4. Батыралиев А. Кыргыз элдик педагогикасынын eчпeс жылдызы // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (8), 2017.

5. Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берYY стандарты -Б.,2014

6. Бекембай Апыш "Педагогика" - Ош, 1993. 107-б.

7. Алимбеков, А. (2022). Б. Апышевдин окуу-методикалык эмгектеринде илимий жана элдик педагогиканын интеграциясы. Вестник Ошского государственного университета, (4), 137-146. https://doi.org/10.52754/16947452 2022 4 137. ББК: 2РОРКМ.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.